Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
2025-жылдын 13-февралы № 5/6
Ар түрдүү маселелер: (Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош облустары жана Ош шаары боюнча эсептөө палатасынын аймактык бөлүнүшүнүн 09.12.2024-ж.№ 02-3-245 буйругунун негизинде өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгында, Жоош айыл өкмөтүнүн мекеме-ишканаларында жараксыз инвентарларды списание кылуу жана 2025-жылдын бюджетинен, керектелүүчү көмүрдүн көлөмүнөн 23.0 тонна көмүр же 152,4 мин сом акча каражатын кыскартуу) жөнүндө
Жоош айыл өкмөтүнүн жооптуу катчысы А.Гайыповдун Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, Ош облустары жана Ош шаары боюнча эсептөө палатасынын территориалдык бөлүмчөсүнүн 09.12.2024-ж.№ 02-3-245 буйругунун негизинде өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен, Жоош айыл өкмөтүнүн мекеме-ишканаларында жараксыз инвентарларды списание кылуу боюнча билдирүүсүн угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII-чакырылыш кезектеги 5 -сессиясы
токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Баткен, Жалал-Абад, ОШ облустары жана Ош шаары боюнча эсептөө палатасынын территориалдык бөлүмчөсүнүн 09.12.2024-ж.№ 02-3-245 буйругунун негизинде өткөрүлгөн текшерүүнүн жыйынтыгы менен Жоош айыл өкмөтүнүн 11.12.2024-ж. № 328 буйругунун негизинде айыл өкмөтүнүн аймагындагы мекеме-ишканаларда жүргүзүлгөн инвентаризациянын негизинде жалпы суммасы 676771 сомдук жараксыз болуп калган инвентарлар списание кылынсын жана социалдык обьектилерди жылытууга керектелүүчү көмүрдүн көлөмү 23,0 тонна,152,4 мин сом ашыкча калдык калгандыктан, 2025-жылдын бюджетинен керектелүүчү көмүрдүн көлөмүнөн 23.0 тонна көмүр же 152,4 мин сом акча каражаты кыскартылсын.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: |
| А.Л.Зулпукаров |