Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII чакырылышынын кезекcиз VI сессиясы
2025-жылдын 27-марты № 6/1
Чолпон айылдык аймагында малчылардын көчүп-конуу мөөнөтүн белгилөө жана мал багуунун акысын бекитүү жөнүндө
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Козубеков Закир Ашимовичтин билдирүүсүн угуп, «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39-беренесине ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Көчүп конуу мөөнөттөрү:
- Ортонку жайыттарга көчүү мөөнөтү 2025-жылдын 25-апрели;
- Алыскы жайыттарга көчүү мөөнөтү 2025-жылдын 1-июнунан 2025-жылдын
10-июнуна чейин;
- Көчүп келүү мөөнөтү 2025-жылдын 1-октябры деп белгиленсин;
- Айыл аймагындагы айдоо аянттары 2025-жылдын 25-апрелинен баштап корукка
алынсын;
- 2025-жылдын 25-апрелинен кеч көчкөн жана 2025-жылдын 1-октябрына чейин
көчүп келген малчыларга айып пул салынсын.
2. Мал жандыкты багып келүү акысы төмөндөгүчө бекитилсин:
- Бодо малга (жылкы, уй, тай, музоо жана кулун) – 600 (алты жүз) сом;
- Майда мал жандыктарга (кой-эчки) – 100 (бир жүз) сом.
3. Малчылардын жоопкерчилиги төмөндөгүдөй белгиленсин:
- Жоголгон малды төлөп берүүгө малчы жоопкер болсун;
- Мал, малчынын кароосунда турган учурда, жайлоого алып кеткен учурдан,
өткөрүп берүү учуруна чейин, мал качып жолдо келе жаткан учурда автоунаага сүзүлсө, камакка камалса, айып пулду төлөө жагы малчыга милдеттендирилсин;
- Майда мал жандыкты алууда (кой-эчки) 1 атарда 700 (жети жүз) баштан
ашырбасын;
- Малчыларга уй, жылкы, кой-эчкини чоогу алуу жагы милдеттүү болсун жана
көзөмөлгө алынсын.
4. Малчыларга жайыт билет, 3 тараптуу келишимди даярдоо, ар бирин каттоого
алуу жагы “Чолпон” муниципалдык ишканасынын жетекчисине милдеттендирүү жана токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Козубеков Закир Ашимовичке жүктөлсүн.
Төрага | Ө. Урматов |