Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII чакырылышынын кезекcиз VI сессиясы
2025-жылдын 27-марты № 6/2
Айыл аймагында жазгы жана күзгү талаачылык жумуштарын аткарууда механизаторлордун эмгек акысы, күйүүчү, майлоочу майлардын чыгым көлөмүн аныктоо жөнүндө
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Козубеков Закир Ашимовичтин билдирүүсүн угуп, «Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39 беренесине ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Чолпон айылдык аймагында жазгы талаачылык жумуштарын жана күзгү оруп-жыюу жумуштарын аткаруудагы механизаторлордун эмгек акысы, күйүүчү-майлоочу майларынын сарыпталышы, айыл тургундарынын пикирин эске алуу менен төмөндөгүдөй өлчөмдө белгиленсин:
№ | Аткарылуучу жумуштар | Эмгек акысы 1 га жерге сом менен | Күйүүчү майдын өлчөмү 1 га жерге, литр |
1 | Кош айдоо (дөңгөлөктүү) | 2000-00 | 20 |
2 | Кош айдоо (ДТ, Т-150) | 2000-00 | 25 |
3 | Дың жерди айдоо | 2200-00 | 25 |
4 | Үрөн себүү | 1000-00 | 10 |
5 | Эки жолу себүү | 1000-00 | 15 |
6 | Тырмоо | 600-00 | 10 |
7 | Тегиздөө (планировка) | 600-00 | 10 |
8 | Таптоо (катки) | 500-00 | 8 |
9 | Жатка | 1500-00 | 10 |
10 | Чөп таңгактоо (пресс) | 1500-00 | 10 |
11 | Саман таңгактоо (песс) | 1300-00 | 10 |
12 | Чөп тартуунун 1 барып-келүү | 600-00 | 5 (аралыкка жараша) |
13 | Үрөн тазалоо тоннасы | 600-00 | - |
14 | Үрөн тазалоо кап (мешок) | 30-00 | - |
15 | Үрөн тартуу 1 га жерге | 100-00 | Аралыкка жараша |
16 | Мала тартуу | 600-00 | 10 |
17 | Өстөн арыктарды тартуу | 300-00 | 5 |
18 | Ички арыктарды тартуу | 200-00 | 3 |
19 | Комбайындын акысы | 1800-00 | 20 |
2. Бул токтомдун аткарылышына көзөмөл жүргүзүү, белгиленген баадан ашыкча алган механизаторлорду жоопкерчиликке тартуу жагы Чолпон айылесинин башчысы Козубеков Закир Ашимовичке жүктөлсүн.
Төрага | Ө. Урматов |