Сравнение редакций…
|
|
| |
|
| Тиркеме | |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомуна) |
|
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызмат өтөө (запаста болуу) тартиби жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-августундагы № 529 , 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомдорунун редакцияларына ылайык)
1-глава. Контракт боюнча аскердик кызмат
1. Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызмат өтөө (запаста болуу) тартиби жөнүндө жобо (мындан ары – Жобо) Кыргыз Республикасынын жарандары тарабынан “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына (мындан ары – Мыйзам) жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын адамдары жана прапорщиктер катары контракт боюнча аскердик кызмат өтөө (запаста болуу) тартибин, алардын укуктарын, милдеттерин жана жоопкерчилигин аныктайт.
2. Контракт боюнча аскердик кызмат – Кыргыз Республикасынын жарандарынын (мындан ары – жарандар) Ата Мекенди коргоо боюнча милдеттерди өз ыктыяры менен аткаруусуна негизделген аскердик кызмат.
Контракт боюнча аскердик кызматты офицердик курамдын адамдары жана прапорщиктер (мындан ары – эгерде текст боюнча башка көрсөтүлбөсө аскер кызматчылар) өтөйт.
Контракт боюнча аскердик кызматты офицердик курамдын адамдары жана прапорщиктер мыйзамдарга ылайык Куралдуу Күчтөрдө, башка аскердик түзүлүштөрдө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарда (мындан ары – ыйгарым укуктуу органдар) өтөйт.
Аскердик прокуратура органдарынын кызматкерлери болуп саналган аскер кызматчылары Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызматтар чөйрөсүндөгү мыйзамдарга жана ушул Жобого ылайык аскердик прокуратуранын ишин регламенттөөчү атайын мыйзамда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен кызмат өтөйт.
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын кызматкерлери болуп саналган аскер кызматчылары Мыйзамга жана ушул Жобого, ошондой эле улуттук коопсуздук органынын жетекчисинин алардын негизинде чыгарылган актыларына ылайык улуттук коопсуздук органдарынын ишин регламенттөөчү атайын мыйзамдарда белгиленген өзгөчөлүктөрдү эске алуу менен кызмат өтөйт.
Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын линиясы боюнча жогорку аскердик окуу жайларына тапшырып жаткан адамдарды тандоо тартиби жана жогорку аскердик окуу жайында окуган убакта аскердик кызмат өтөөнүн өзгөчөлүктөрү улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын чечими менен аныкталат.
3. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөө өзүнө аскердик кызмат орундарына дайындоону, аскердик наамдарды ыйгарууну, аттестациялоону, аскердик кызматтан бошотууну, ошондой эле мыйзамдарга жана ушул Жобого ылайык аскер кызматчыларынын кызматтык-укуктук абалы аныкталган башка жагдайларды камтыйт.
Аскердик кызматка биринчи жолу чакырылган же өз ыктыяры менен кирген жарандар Кыргызстан элинин ишенимине Аскердик ант берет.
4. Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалган офицердик курамдын адамдары аскердик кызмат өтөө жөнүндө контракт түзбөстөн тийиштүү кызмат ордунда аскердик кызмат өтөйт. Мындай офицерлерде контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчынын статусу сакталат.
Аскер кызматчылары мындай кызмат орундарынан бошотулгандан кийин алар аскердик кызмат өтөп жаткан мамлекеттик органдардын жетекчилеринин карамагына киргизилет, андан кийин (эгерде анын иш-аракети аяктаса) аскердик кызмат өтөө жөнүндө жаңы контрактты түзөт же Мыйзамга жана ушул Жобого ылайык аскердик кызматтан бошотулат.
5. Эгерде кызмат өтөө (иштөө) биринин экинчисине түздөн-түз баш ийүүсү же контролдонуусу менен байланышса, бири-бирине жакын тууган (ата-эне, балдар, жубайлар, асырап алуучу, асырап алынгандар, бир тууган жана тууган ага-ини жана эже-карындаш, чоң ата (таята), чоң эне (таене), неберелер) болуп саналган аскер кызматчыларына бир аскердик бөлүктө, бир кошуунда, башкармалыкта (департаментте) аскердик кызматты (мамлекеттик кызматчылардын ишин) өтөөгө жол берилбейт.
6. Аскер кызматчылары төмөнкү учурларда аскердик эмес кызмат орундарында контракт (жаңы контракт) түзбөстөн аскердик кызмат өтөшү мүмкүн:
1) командирдин (башчынын) карамагында болгондо – эки айдан көп эмес;
2) уюштуруу-штаттык иш-чараларды өткөрүүгө байланыштуу командирдин (башчынын) карамагында болгондо – үч айдан көп эмес;
3) тергөө судьясы чыгарган токтомго, аскер кызматчыны кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө соттун аныктамасына байланыштуу командирдин (башчынын) карамагында турганда – бул чараны колдонуу жокко чыгарылганга чейин же кылмыш иши боюнча акыркы чечим (кылмыш куугунтуктоосун, сотко чейинки өндүрүштү кыскартуу жана соттун мыйзамдуу күчүнө кирген өкүмүнүн (токтомунун) чыгышы) кабыл алынганга чейин;
4) мамлекеттин коргонуу жана коопсуздук кызыкчылыктарындагы иштерди же эл аралык милдеттерди аткаруу максатында мамлекеттик органдарга, уюмдарга жана эл аралык уюмдардын аппараттарына иш сапарга жиберилгенде;
5) командирдин (башчынын) кызмат ордунан бошотуу (четтетүү) жөнүндө буйругуна сотто даттанууга байланыштуу командирдин (башчынын) карамагында болгондо – жарандык иш боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин;
6) жубайынын мамлекеттик чек араны түздөн-түз кайтаруу бөлүмдөрүндөгү кызматы боюнча которулгандыгына байланыштуу жана жумушка орношуу мүмкүн болбогондо – аскердик кызматтын бардык мезгилинде беш жылдан көп эмес.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 487 токтомунун редакциясына ылайык)
7. Офицердик курамдын жана прапорщиктердин кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызматка жарандарды кабыл алуу аскердик комиссариаттар аркылуу жүргүзүлөт, ошол эле учурда офицердик курамдын жана прапорщиктердин кызмат орундарында пайдалануу үчүн аскердик кызматка аныктоо төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) Куралдуу Күчтөрдүн башкаруу органдары, кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелери, жарандык коргоо жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган, жазык-аткаруу системасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Кайтаруу жана конвой департаменти (мындан ары – Кайтаруу жана конвой департаменти), ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын Ички аскерлери (мындан ары – Ички аскерлер) үчүн – коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйруктары менен;
2) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын башкаруу органдары, кошуундары, бөлүктөрү жана мекемелери үчүн – бул органдын жетекчисинин буйруктары менен;
3) аскердик прокуратура органдарына (прокурорлордун жана тергөөчүлөрдүн кызмат орундарына) – Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйруктары менен, башка категориядагы аскерге милдеттүүлөргө – коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйругу менен.
8. Аскердик кызмат өтөө жөнүндө контракт жаран менен Кыргыз Республикасынын атынан – ал аскердик кызматка кирген же ал жерде аскердик кызмат өтөп жаткан ыйгарым укуктуу органдын ортосунда ушул Жободо аныкталган тартипте типтүү форма боюнча жазуу жүзүндө түзүлөт.
Контрактта төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
1) контракт түзгөн жарандын (аскер кызматчынын) аскердик наамы (эгер болсо), фамилиясы, аты жана атасынын аты, туулган күнү, айы жана жылы;
2) Кыргыз Республикасынын атынан контракт түзгөн ыйгарым укуктуу органдын аталышы, бул органдын атынан контрактка кол койгон кызмат адамынын кызмат орду, аскердик наамы, фамилиясы жана инициалдары;
3) контрактка кол коюлган дата.
9. Контрактын шарттары өзүнө төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) жарандын (аскер кызматчынын) контрактта белгиленген мөөнөттүн ичинде аскердик кызмат өтөө милдетин, аскер кызматчыларынын Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген бардык жалпы, кызматтык жана атайын милдеттерди ак ниеттүүлүк менен аткаруусун;
2) аскер кызматчынын юридикалык жоопкерчилигин;
3) аскер кызматчыларынын статусун жана жеңилдиктерди, кепилдиктерди жана компенсацияларды кошкондо, аскердик кызмат өтөө тартибин аныктаган Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актыларында белгиленген анын укуктарынын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн укуктарынын сакталышына жарандын (аскер кызматчынын) укугун.
10. Аскердик кызмат өтөө жөнүндө биринчи контракт, ошондой эле кийинки ар бир контракт Мыйзамда белгиленген мөөнөткө аскердик кызматта болуунун чектүү жашына же пенсияга чыгууга укук берген кызмат өтөө жылдарына жеткенге чейин түзүлөт.
11. Мыйзамга ылайык 2 жылдык мөөнөткө аскердик кызматка чакырылган, аскердик кызматты улантууга каалоосун билдирген офицердик курамдын адамдары менен аскердик кызмат өтөө жөнүндө контракт ушул Жобонун талаптарына ылайык алар чакырылган кызматтын мөөнөтү бүткөндө түзүлүшү мүмкүн.
12. Аял жарандар офицерлердин жана прапорщиктердин бош аскердик кызмат орундары болгондо офицерлердин жана прапорщиктердин кызмат ордуларына контракт боюнча аскердик кызматка алынышы мүмкүн.
13. Контракт мамлекеттик тилде, ал эми жарандын (аскер кызматчынын) каалоосу боюнча – расмий тилде төрт нускада түзүлөт, биринчиси аскердик бөлүктүн (мекеменин) иш кагаздарын жүргүзүүдө өзүнчө ишке көктөлөт, экинчиси жана үчүнчүсү – аскер кызматчынын өздүк ишине тиркелет, ал эми төртүнчүсү анын колуна берилет. Ошол эле учурда контракттын ар бир нускасы бирдей юридикалык күчкө ээ болот.
Контракттагы жазуулар бардык төрт нускага жазылууга тийиш, аскердик бөлүктүн (мекеменин) командиринин (башчысынын) колу жана гербдүү мөөрү менен бекитилет.
Контракттын кайсы бир нускасы жоголгон учурда ал аскер кызматчынын өздүк ишиндеги биринчи нускадан (ал жок болсо – каалаган нускадан) көчүрүү аркылуу кадрдык органдын күбөлөндүрүүсү менен калыбына келтирилет.
14. Контрактты колдонуу төмөнкү учурларда токтотулат:
1) мөөнөтү аяктаганда аскер кызматчынын каалоосу боюнча;
2) аскер кызматчы каза болгон учурда (аны дайынсыз жоголгон же каза болгон деп таануу);
3) Мыйзамдын 31 жана 31–1-беренелеринде, ошондой эле ушул Жобонун 25 жана 26-главаларында каралган негиздер боюнча.
15. Контракт боюнча аскердик кызматты улантууну каалаган аскер кызматчылары менен жаңы контракт ушул Жобонун 48-пунктунда көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, мурдагы контрактты колдонуу мөөнөтү аяктаган күнү (эгер ал эс алуу же майрам күнүнө туш келсе – эс алуу же майрам күнүнөн кийинки жумуш күнү) түзүлөт.
16. Контракт боюнча аскер кызматчы үчүн аскердик кызматтын мөөнөтү контрактты колдонуу мөөнөтү аяктаган күнү бүтөт. Ошол эле учурда аскердик кызматтан бошонууну каалаган аскер кызматчы контракттын мөөнөтү бүткөн күнгө карата ишин жана кызмат ордун өткөрүп берүүгө, ал эми контракт бүткөн күнү – өздүк курамдын тизмелеринен чыгарылууга тийиш. Ушул Жобонун 48-пунктунун биринчи абзацында көрсөтүлгөн учурларда контрактты колдонуу ушул Жобонун 48-пунктунун экинчи жана үчүнчү абзацтарында белгиленген тартипте улантылат.
Аскер кызматчы үчүн аскердик бөлүктүн өздүк курамынын тизмелеринен чыгарылган күн аскердик кызмат аяктаган күн (акыркы күн) болуп эсептелет.
17. Аскердик кызматты өтөө мөөнөтүнө төмөнкүлөр эсептелбейт:
1) кийин соттун айыптоо өкүмү чыгарылган же реабилитациялабоочу негиздер боюнча кыскартылган кылмыш иши боюнча бөгөт коюу чаралары катары аскер кызматчы камакта болгон убакыт;
2) бөлүктү же кызмат өтөө жерин өз каалоосу менен таштап кеткен, ошондой эле кийин айыптоо өкүмү чыгарылган учурда дезертирликте жүргөн убакыт.

18. Аскердик кызматтын жалпы узактыгына аскер кызматчынын чакыруу боюнча, контракт боюнча да, анын ичинде аскердик кызматка экинчи жолу кирген учурларда аскердик кызмат өтөгөн бүткүл мезгил кирет.
19. Аскердик кызматтын мөөнөтүн календардык эсептөө – бул аскер кызматчынын жыл, ай жана сутка менен белгиленген аскердик кызматта болгон иш жүзүндөгү убактысы.
20. Кызмат өтөгөн жылдары боюнча пенсияга укугу бар аскер кызматчыларынын аскердик кызмат өтөө мезгили (календардык жана жеңилдетилген эсептөөдө) аскер кызматчы аскердик кызмат өтөп жаткан мамлекеттик органдын кадрдык органы тарабынан ырасталат. Кызмат өтөө жылдары пенсиялык органдын башчысы тарабынан эсептелет, гербдүү мөөр менен күбөлөндүрүлөт жана аскер кызматчынын өздүк ишине көктөлөт.
2-глава. Контракт боюнча аскердик кызматка
кирүүдө коюлуучу талаптар
21. Офицердик курамдын жана прапорщиктердин кызмат ордуна контракт боюнча аскердик кызматка кирүүчү жарандар Мыйзамда белгиленген талаптарга жооп берүүгө тийиш.
22. Контракт боюнча аскердик кызматка төмөнкү жаран кабыл алынбайт:
1) медициналык комиссиянын корутундусуна ылайык аскердик кызматтын милдеттерин аткарууга жолтоо болгон оорусу бар;
2) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген чектөөлөрдү өзүнө алуудан баш тарткан;
3) соттуулугу бар, анын ичинде алып салынган же жоюлган соттуулугу бар; ага карата реабилитациялабоочу негиздер боюнча кылмыш иши кыскартылган; оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза мыйзамдарына ылайык жубайынын, ошондой эле жакын туугандарынын соттуулугу жоюлбаган же алып салынбаган; же белгиленген тартипте уюшкан топтордун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдардын мүчөлөрү деп таанылган. Кылмыш жасагандыгы үчүн соттолгон адамдар соттуулугу жоюлгандыгына же алып салынгандыгына карабастан улуттук коопсуздук органдарында аскердик кызмат өтөй албайт;
4) аскердик кызматка киргенге чейин бир жылдын ичинде сот тартибинде атайын укук бузгандыгы үчүн административдик жаза салынган;
5) мамлекеттик (аскердик) кызматтан дискредитациялоо же кызматына ылайык келбегендиги боюнча бошотулган, эгерде аны бошоткон күндөн баштап бир жыл өтө элек болсо.
Контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алууда, жарандарга Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылар менен аныкталуучу кошумча талаптар коюлушу мүмкүн.

23. Улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жарандар контракт боюнча аскердик кызматка төмөнкү негиздер боюнча кабыл алынбайт:
1) эгерде ал белгиленген тартипте аракетке жөндөмсүз же болбосо наркологиялык же психоневрологиялык диспансерде каттоодо турган аракетке жөндөмдүүлүгү чектелген деп таанылган;
2) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн катарында жана башка аскердик түзүлүштөрүндө аскер кызматын өтөбөгөн (курсанттардан тышкары) эркек адамдар;
3) аскер-дарыгердик комиссиясынын корутундусуна ылайык кызматтык ыйгарым укуктарын жана/же аскердик кызматтын милдеттерин аткарууга тоскоолдук кылган оорулары болгон;
4) аскердик жана башка мамлекеттик кызмат, коррупцияга каршы аракеттенүү жөнүндө мыйзамдар, ошондой эле атайын мыйзамдар менен белгиленген чектөөлөрдү өзүнө кабыл алуудан баш тарткан;
5) кызматка шайкеш келбегендиги, коррупциялык укук бузууларды жасагандыгы үчүн дискредитациялоо, ишеним жоготуу боюнча мамлекеттик же муниципалдык кызматтан бошогон;
6) Кыргыз Республикасынын жарандыгынан ажыратылган, чет мамлекеттин жарандыгы (букаралыгы) бар, чет мамлекеттин аймагында жашай туруу укугу же туруктуу жашоо укугун тастыктаган башка документи бар же болбосо аларды алууга документ тапшырган. Бул талап жубайына карата дагы колдонулат;
7) коррупциялык укук бузууларды жасагандыгы үчүн тартиптик жоопкерчиликке тартылган;
8) соттуулугу жоюлганына же алып салынганына карабастан жазык кылмышы үчүн соттуулугу бар; же ага карата реабилитациялабоочу негиздер боюнча кылмыш-жаза иши кыскартылган же реабилитациялабоочу негиздер боюнча өкүм чыгарылган; же болбосо белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдун мүчөсү деп таанылган;
9) милдеттүү түрдө көрсөтүүгө тийиш болгон документтерди же маалыматтарды бербеген же болбосо жалган документтерди же өзү (жубайы) же анын жакын туугандары жөнүндө билим туруп жалган маалыматтарды көрсөткөн;
10) жубайы же жакын туугандары белгиленген тартипте оор же өзгөчө оор кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таанылган; же болбосо аларга карата кылмыш-жаза иши реабилитациялабоочу негиздер боюнча (оор жана өзгөчө оор кылмыштар боюнча) кыскартылган; же болбосо белгиленген тартипте уюшкан кылмыштуу топтун, террористтик, экстремисттик же сепаратисттик уюмдун мүчөсү деп таанылган;
11) эгерде ыкчам-кызматтык иштин милдеттеринин чечими менен шартталбаган болсо, Кыргыз Республикасынын чегинен тышкары мүлккө жеке менчик укугу катталган, буюм укугу, милдеттенмелери бар;
12) Кыргыз Республикасынын аймагында тыюу салынган диний агымга (сектага) же дин үйрөнүүгө тартылган же тутунган;
13) эгерде ал саясий партиянын же саясий максатты көздөгөн башка коомдук уюмдардын мүчөсү болсо же алардын ишине катышса;
14) ага карата дарыгердин дайындоосу жок баңги зат каражаттарын же психотроптук заттарды колдонгон фактысы белгиленген;
15) атайын текшерүүдөн же болбосо мамлекеттик сырларга уруксат берүү жол-жобосунан же болбосо полиграфологиялык изилдөөдөн же болбосо психофизиологиялык же медициналык күбөлөндүрүүдөн же болбосо кызматка жарамдуулугун аныктоо боюнча тестирлөөдөн өтпөгөн;
16) ага карата Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурлар таанылышы мүмкүн болгон.
Адамдын ушул пунктта жана улуттук коопсуздук органдарынын ишин регламенттеген атайын мыйзамда көрсөтүлгөн талаптардын бирине ылайык келбегендиги талапкерди улуттук коопсуздук органдарына аскердик кызматка кабыл алуудан баш тартууга, ошондой эле аны улуттук коопсуздук органдарынан бошотууга негиз болот. Улуттук коопсуздук органдары кызматка кабыл алуудан баш тартуунун себебин талапкерге түшүндүрбөөгө укуктуу.

24. Жарандардын аскердик кызматка жарактуу даражасын аныктоо үчүн Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин чечими менен аныкталган тартипте медициналык күбөлөндүрүү жүргүзүлөт.
3-глава. Контракт боюнча аскердик кызматты өтөө үчүн жарандарды тандоо тартиби
25. Офицердик курамдын жана прапорщиктердин кызмат ордуна контракт боюнча аскердик кызматка кирүүнү каалаган жаран жашаган жери боюнча аскердик комиссариатка же аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) кадрдык органдарына арыз берет.
Арызда төмөнкүлөр көрсөтүлөт:
– жарандын аскердик наамы (эгер бар болсо), аты-жөнү;
– туулган жылы, айы, күнү жана жери;
– жашаган жери;
– билими;
– жаран контракт түзүүнү каалаган мамлекеттик органдын аталышы;
– эгерде аскердик кызматты өтөсө, аскердик бөлүктүн номери (мекеменин аталышы) жана кайсы кызматта өтөгөндүгү, ошондой эле аскердик кызматтын мезгилдери.
Жаран арыз менен кошо төмөнкүлөрдү көрсөтөт:
– өз кол тамгасы коюлган өмүр баянды;
– аскердик-каттоо документтеринин көчүрмөсүн (эгерде бар болсо);
– эмгек стажы бар болгондо эмгек китепчесинин көчүрмөсүн;
– кесиптик же башка билимин тастыктаган документтердин көчүрмөсүн;
– паспорттун, туулгандыгы жөнүндө, нике жөнүндө (эгер никеде турса), бала туулгандыгы жөнүндө (эгерде бар болсо) күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрүн.
Берилген документтердин ишенимдүүлүгү жана аныктыгы үчүн жоопкерчиликти аларды берген жаран тартат.
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-августундагы № 529 токтомунун редакциясына ылайык)
26. Аскер комиссариаттары жана аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) кадрдык органдары, контракт боюнча аскердик кызматка кирүү каалоосун билдирген жарандардын арыздарын катташат жана кароого кабыл алышат.
Арызы кароого кабыл алынган жаран контракт боюнча аскердик кызматка кирүүгө талапкер болуп (мындан ары – талапкер) эсептелет.
27. Аскер комиссариаттары кабыл алынган арыздарды он жумуш күндүн ичинде карап чыгат жана талапкерлерди алдын ала тандоо боюнча ишти уюштурат.
Талапкердин таризделген документтери аскер комиссариаттары тарабынан мамлекеттик органга (талапкер аскердик кызматты өтөөнү каалаган) чечим кабыл алуу үчүн жиберилет.
28. Талапкер Кыргыз Республикасынын ченемдик укуктук актылары менен аныкталган учурларда, мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга уруксат алууну тариздөө жол-жобосун белгиленген тартипте өтөт.
29. Контракт боюнча аскердик кызмат өтөөгө жарактуу деп таанылган талапкерге аскер комиссариаттарында, аскердик кызматка чакырууда (аныктоодо) (эгерде мурда өздүк дело таризделбеген болсо), өздүк дело таризделет.
Аскердик кызматка чакырылгандан (аныкталгандан) кийин талапкердин өздүк делосу жана башка керектүү документтери аскер комиссариаттар тарабынан алардын аскердик кызматты андан ары өтөөчү орду боюнча жиберилет.
30. Контракт боюнча аскердик кызматка кирүүгө каалоосун билдирген талапкердин арызы ушул Жобонун 22-пунктунда каралган жоболорду эске алуу менен кайтарылууга жатат.
Контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алуудан баш тартылган учурда, талапкерге жазуу түрүндө жооп берилет, мында баш тартуунун себептери тууралуу түшүндүрмө берилбейт.
31. Улуттук коопсуздук органдарына кызматка талапкерлерди тандоо жана кабыл алуу боюнча иш-чараларды уюштуруу өзгөчөлүктөрү жана жүргүзүү тартиби улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздук органдарынын ишин регламенттеген атайын мыйзамга ылайык аныкталат.
Улуттук коопсуздук органдарына кызматка талапкерлер психофизиологиялык, медициналык күбөлөндүрүүдөн, полиграфологиялык изилдөөдөн, ошондой эле кызматка жарамдуулугун аныктоо үчүн атайын текшерүүдөн жана тестирлөөдөн өтөт, аларды өтүү тартиби улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.
4-глава. Контракт боюнча аскердик кызматка
жарандарды кабыл алууга байланыштуу кызмат
адамдарынын милдеттери
32. Офицердик курамдын жана прапорщиктердин кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызматка жарандарды кабыл алууга байланыштуу аскердик башкаруу органдарына төмөнкүлөр жүктөлөт:
1) аскер комиссариаттарына:
– офицердик курамдын жана прапорщиктердин кызмат орундары, аскердик-каттоо адистиктери жана кызмат өтөө жерлери боюнча талапкерлерди тандоого аскердик бөлүктөрдүн суроо-талаптарын жыйноо жана чогултуу;
– контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алуу жөнүндө жарандардын арыздарын тиешелүү мамлекеттик органдарга жиберүү;
– ушул талапкерлердин банкын түзүү;
– аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) суроо-талаптарына ылайык мүмкүн болгон кызмат өтөө жерлери жана кызмат орундар жөнүндө жарандарга маалымат берүү;
– өздүк делолорду тариздөө жана талапкерлерди медициналык күбөлөндүрүүдөн, керектүү текшерүүлөрдөн өтүү үчүн жиберүү;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен аныкталган учурларда улуттук коопсуздук органдары менен макулдашуу жана талапкерге мамлекеттик сырды түзгөн маалыматтарга уруксат берүүнү тариздөө;
– керектүү аскердик-каттоо адистиктери боюнча талапкерлердин бардыгы жөнүндө аскер бөлүктөрүнө (мекемелерге) билдирүү;
– талапкерлер менен маек өткөрүү, алардын аскердик-каттоо адистиктерге ылайыктуулугун аныктоо үчүн аскер бөлүктөрүнүн (мекемелеринин) өкүлдөрү менен талапкерлердин жолугушууларын уюштуруу;
– контракт боюнча аскердик кызматка чакыруу (аныктоо) үчүн керектүү материалдарды өз убагында тариздөө жана тиешелүү кадрдык органдын дарегине жиберүү;
– талапкерлердин өздүк делолорун аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) кадрдык органдарына жиберүү;
– талапкерлерди кызмат өтөө жерине, аларды контракт боюнча аскердик кызматка чакыруу (аныктоо) жөнүндө келип түшкөн буйруктун көчүрмөлөрүнүн негизинде жиберүү;
2) аскердик бөлүктүн (мекеменин) командачылыгына:
– аскердик-каттоо адистигин көрсөтүү менен аскердик бөлүктө (мекемеде) бар болгон бош кызмат орундарын комплекттөөгө өтүнмөлөрдү команда боюнча көрсөтүү;
– жарандардын, прапорщиктердин жана жоокердик жана сержанттык курамдын кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылардын (мындан ары – контракттык кызматтын аскер кызматчылары) катарынан талапкерлерди тандоону уюштуруу;
– ушул Жобо менен белгиленген талаптарга талапкерлердин ылайык келүүсүн аныктоо боюнча аттестациялык комиссиянын ишин уюштуруу;
– талапкерлердин өздүк делолорун жана башка материалдарын тариздөө боюнча ишти уюштуруу, аларды офицердик курамдын же прапорщиктердин кызмат ордуна дайындоо жөнүндө чечимдерди кабыл алуу үчүн тиешелүү инстанцияларга жиберүү жана алар менен контракттарды түзүү;
3) ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилерине:
– офицердик курамдын жана прапорщиктердин кызмат орундарына контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алуу жөнүндө арыздарды (рапортторду) кароо;
– тийиштүү мамлекеттик органдын атынан контракттарды түзүү боюнча кызмат адамдарынын укуктарын аныктоо;
– ушул Жобонун 7-пунктуна ылайык контракт боюнча аскердик кызматка жарандарды аныктоо;
– жоокердин жана сержанттардын кызмат орундарына дайындалуучу прапорщиктерден тышкары, офицерлерди жана прапорщиктерди тийиштүү кызмат орундарына дайындоо.
33. Бар болгон бош кызматтардын ордуна иштөөгө табыштамалар (аскердик-каттоо адистигин көрсөтүү менен) аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) командирлери (башчылары) тарабынан жогору турган башкаруу органдарына берилет.
5-глава. Контракт түзүү тартиби. Контракт боюнча аскердик кызматтын
башталышы, мөөнөтү жана аякташы
34. Кыргыз Республикасынын жарандары жана аскер кызматчылары биринчи контрактты төмөнкү учурларда түзөт:
1) Мыйзам менен белгиленген аскердик кызматта иштөө үчүн он сегиз жаштан жаш эмес жана чектүү курактан улуу эмес курактагылар контракт боюнча мурда аскердик кызматты өтөбөгөн;
2) мурда аскердик кызматты (анын ичинде мөөнөттүү) өтөгөн жана контракт боюнча аскердик кызматка кирүүчү адамдар үчүн белгиленген талаптарга ылайык шарттарда аскердик кызматта иштөө үчүн чектүү куракка жете элек;
3) аскердик кызматта тургандар:
– колдонуу мөөнөтү аяктаган аскердик кызматты өтөө жөнүндө мурда контракттарды түзгөн;
– аскердик кызматты өтөө жөнүндө мурда контракттарды түзбөгөн.
35. Биринчи контракт типтүү форма боюнча түзүлөт:
1) контракт боюнча аскердик кызматка кирген жарандар менен (1-тиркеме);
2) аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылар менен (1-тиркеме);
3) аскердик окуу жайына тапшыруучу прапорщиктер менен (3-тиркеме).
36. Улуттук коопсуздук органдарында контракттын формасы жана шарттары, аны түзүү, узартуу, өзгөртүү, бузуу жана токтотуу тартиби улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан аныкталат.
Запастан аскер кызматына аныкталган аскер кызматчы, кызмат өтөгөн жерине келгенде контрактка кол коюудан баш тарткан учурда аны аскер кызматына аныктоо жөнүндө буйрук жокко чыгарылууга тийиш.
37. Талапкер менен биринчи контрактка тийиштүү мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими менен ыйгарым укук берилген кызмат адамы кол коет.
38. Контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан жана аны улантууну каалаган аскер кызматчы төмөнкү учурларда жаңы контракт түзөт:
1) мурдагы контракттын мөөнөтү бүткөндө;
2) ушул Жобонун 35-пунктунун 3-пунктчасында каралган адамдардан тышкары, аскердик окуу жайына, адъюнктурага, аскердик докторантурага (бир жылдан ашык мөөнөткө окууга жөнөтүлгөндө) өткөндө;
3) ушул Жобо менен аныкталган тартипте аскердик окуу жайынан, адъюнктурадан, аскердик докторантурадан чыгарылганда.
18 жашка чыга элек, жогорку аскер окуу жайынан чыгарылган курсанттар, эреже катары, алардын жашаган жери боюнча аскердик комиссариатка аскердик каттоого жөнөтүлөт.
39. Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан дайындалуучу кызматтан бошотулган, аскердик кызматты улантууну каалаган аскер кызматчысы жаңы контракт түзөт.
40. Жаңы контракт типтүү форма боюнча түзүлөт:
1) контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылар менен аскердик кызматта иштөөнүн чектүү курагы же пенсияга чыгуу укугун берүүчү кызмат өтөө мөөнөтү келгенге чейин ар бир жолу;
2) бир же андан ашык жылга окуу мөөнөтү менен аскердик окуу жайларына өтүүдө офицерлер менен, адъюнктурага же аскердик докторантурага өтүүдө окуунун бүткүл мезгилине жана аларды аяктагандан кийин аскердик кызматтын үч жыл аралыгына (2-тиркеме);
3) контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан прапорщиктер менен аскердик окуу жайына өтүүдө.
41. Жаңы контрактка, мамлекеттик органдын тийиштүү жетекчисинин чечими менен ыйгарым укук берилген кызмат адамы кол коет.
42. Колдонуудагы контракттын мөөнөтү бүтүп жаткан аскер кызматчы жаңы контракт түзүү үчүн, команда боюнча мурдагы контракттын мөөнөтү аяктаганга чейин бир айдан кечиктирбестен рапорт берет.
43. Аскер кызматчынын рапорту белгиленген тартипте катталат. Рапорттордун өз убагында берилишин контролдоону тийиштүү кадрдык орган же аскердик бөлүктү (мекемени) комплекттөө органы ишке ашырат.
Аскер кызматчы рапортту өз убагында берүү үчүн Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ылайык жеке жоопкерчилик тартат.
44. Тиешелүү мамлекеттик органдардын жетекчилери аныктаган командирлер (башчылар) аскер кызматчы менен жаңы контракт түзүү жөнүндө же аны түзүүдөн баш тартуу жөнүндө, колдонуудагы контракт аяктаганга чейин 10 күндөн кечиктирбестен чечим кабыл алат.
45. Аскердик кызматта иштөөнүн чектүү курагына жете элек, мурда жакшы аттестацияланган аскер кызматчыга жаңы контракт түзүүдөн баш тартылышы мүмкүн эмес.
46. Аскердик кызматта иштөөнүн чектүү курагы Мыйзам менен белгиленет.
47. Контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан, белгиленген мөөнөттө жаңы контракт түзүү ниетин билдирбеген аскер кызматчы контракттын мөөнөтү аяктагандан кийин аскердик кызматтан бошотууга көрсөтүлөт.
48. Жаңы контракт түзүүгө мүмкүнчүлүгүн объективдүү жокко чыгарган (күжүрмөн аракеттерге катышуу; дарыланууда болуу; кош бойлуулук жана төрөт боюнча же бала багуу боюнча өргүүдө болуу; чет мамлекетте иш сапарларда, чет мамлекеттик курстук окууларда, окутуучу семинарларда болуу; туткунда болуу, барымта же камакта кармоо абалда же башка ушул сыяктуу мыйзамдар менен аныкталган жагдайларда) шарттарда контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчысы аскер кызматчысынын статусун сактап калат жана мурда түзүлгөн контракттын шарттарында аскердик кызматты улантат.
Көрсөтүлгөн шарттар токтотулган учурда, аскер кызматчысы аскердик бөлүккө (мекемеге) келгенден кийин беш жумуш күндүн ичинде аскердик кызматты өтөө боюнча жаңы контракт түзүү жөнүндө же аскердик кызматтан бошотуу тууралуу рапорт берет.
Тийиштүү командирлер (башчылар) он күндүк мөөнөттө, Мыйзам жана ушул Жобо менен каралган негиздер боюнча жаңы контрактты мындай аскер кызматчысы менен түзүү жөнүндө же аны түзүүдөн баш тартуу жөнүндө чечим кабыл алат.
49. Кызмат өтөгөн жылдары үчүн пенсияга чыгуу укугун алууга чейин үч жылдан көп эмес убакыт калган аскер кызматчы, Мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн бешинчи–тогузунчу абзацтарында, он биринчи–он үчүнчү абзацтарында, 2-бөлүгүнүн экинчи абзацында, 3-бөлүгүнүн бешинчи жана алтынчы абзацтарында белгиленген негиздер боюнча бошотулушу мүмкүн эмес.
Мындай аскер кызматчы менен кызмат өтөө жылдары үчүн пенсияга чыгуу укугун алууга зарыл болгон мөөнөткө жаңы контракт түзүлөт.
6-глава. Офицердик курамдын аскердик кызматты өтөөсү
50. Аскердик кызматта турган офицердик курамдын адамдарына аскер кызматчылардын статусу бар жана офицердик курамдын аскердик наамы ыйгарылган адамдар кирет.
Аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) кадрдык органдары жана аскер комиссариаттары офицерлердин өздүк делолорун тариздейт, анда төмөнкүлөр болушу керек:
– кызмат өтөө тизмеси;
– өмүр баяны;
– бөлүктүн штаб башчысы жана кадрдык орган тарабынан күбөлөндүрүлгөн (запастан аныкталган адамдарга сүрөт аскер комиссары тарабынан күбөлөндүрүлөт), баш кийими жок, күнүмдүк аскердик форма кийиминде 9x12 мм өлчөмдөгү түстүү сүрөт (сүрөттүн фону, формасы жана айырмалоочу белгилер аскердик бөлүгүнө ылайык аныкталат);
– билими жөнүндө документтин көчүрмөсү;
– паспорттун жана туулгандыгы жөнүндө күбөлүктүн көчүрмөлөрү;
– нике жөнүндө (никени бузуу жөнүндө), балдардын туулгандыгы жөнүндө күбөлүктөрдүн көчүрмөлөрү.

Аскердик бөлүктөрдө (мекемелерде) өздүк курамдын өздүк делолорун андан ары түзүү, жүргүзүү жана каттоо тартиби тийиштүү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдардын жетекчилери тарабынан аныкталат.

51. Офицердик курамдын адамдарынын аскердик кызматы чакыруу боюнча жана контракт боюнча аскердик кызматтан турат.
Чакыруу боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан офицерлерге төмөнкүлөр кирет:
– Мыйзамга ылайык аскердик кызматка чакырылган офицерлер;
– мобилизация жарыяланганда жана аскер убагында аскердик кызматка чакырылган запастагы офицерлер;
– аскердик жыйындарды өтүү үчүн тартылган запастагы офицерлер.
52. Офицердик курамдын адамдары үчүн төмөнкү аскердик наамдар белгиленет:
– кенже офицердик курам: кенже лейтенант, лейтенант, улук лейтенант, капитан;
– улук офицердик курам: майор, подполковник, полковник;
– жогорку офицердик курам: генерал-майор, генерал-лейтенант, генерал-полковник, армиянын генералы.
Юридикалык жана медициналык аскердик-каттоо адистиктери бар жана тийиштүү бөлүкчөлөрдө жана кызматтарда кызмат өтөп жаткан офицерлер үчүн аскердик наамдарына “юстициянын”, “медициналык кызматтын” деген сөздөр кошулат. Гвардиялык аскердик бөлүктөрдө кызмат өтөп жаткан офицерлерге тийиштүү аскердик наамдын алдына “гвардиянын” деген сөздү кошуу жолу менен түзүлгөн айырмалоочу гвардиялык аскердик наамдар (гвардиянын улук лейтенанты, гвардиянын полковниги) белгиленет.
53. Аскердик милдеттери боюнча офицерлер төмөнкүлөргө бөлүнөт:
1) аскердик кызматта турган офицерлерге;
2) запаста турган офицерлерге, запастагы офицерлерге;
3) отставкада турган офицерлерге, отставкадагы офицерлерге.
54. Офицерлер, аларга ыйгарылган офицердик курамдын аскердик наамдарында өмүр бою турушат.
Запаста турган офицерлердин аскердик наамдарына “запастагы” деген сөзү кошулат (запастагы капитан, запастагы полковник), ал эми отставкадагы офицерлердин аскердик наамына “отставкадагы” деген сөзү кошулат (отставкадагы полковник, отставкадагы генерал-лейтенант).
55. Офицерлер аскердик кызматта жана запаста Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө мыйзамына ылайык болушат.
56. Аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан, ден соолугунун абалы боюнча тынч убакта катардагы эмес аскердик кызматка жарактуу, согуш убагында биринчи даражадагы чектөөлөр менен жарактуу же тынч убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында экинчи даражадагы чектөөлөр менен жарактуу запастагы офицерлер 3-разряддагы запастын аскердик каттоосунда турат.
Офицердик курамдын аял аскер кызматчылары аскердик наамдарына карабастан 3-разряддын запасында турат. Алардын запаста туруусунун чектүү курагы 45 жашка чейин жана аны кошо алганда белгиленет.
57. Аскердик кызматта болуунун чектүү курагына жеткен офицерлер, ушул Жобонун 49-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, аскердик кызматтан запаска же отставкага бошотулууга тийиш.
58. Запаста туруунун чектүү курагына жеткен запастагы офицерлер же ден соолугунун абалы боюнча аскердик каттоодон чыгарып салуу менен аскердик кызматка жараксыз деп таанылган адамдар отставкага которулат.
7-глава. Офицердик курамдын кызмат орундарын комплекттөө
59. Офицердик курамдын кызмат орундары төмөнкүлөрдү дайындоо жолу менен комплекттелет:
1) аскердик кызматта турган офицерлерди;
2) аскердик окуу жайларын бүтүрүүчү офицерлерди;
3) жоокерлер жана сержанттар курамындагы кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан, тийиштүү аскердик-каттоо адистигиндеги (башка аскердик-каттоо адистигинде – мамлекеттик (аскердик) кызматтын тиешелүү тажрыйбасы же үч жылдан кем эмес иши болгондо) даярдоо профили боюнча жакын жогорку билими бар, 40 жашка чыга элек жана тартиптик жазалары жок прапорщиктерди жана аскер кызматчыларын «майордон» жогору эмес штаттык категория менен офицердик курамдын кызмат орундарына аларга офицердик курамдын «лейтенант» биринчи аскердик наамын бир убакта ыйгаруу менен дайындоо аркылуу.
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда мындай аскер кызматчыларын офицердик курамдын кызмат орундарына дайындоо улуттук коопсуздук органдарынын офицерлерин даярдоо программасы боюнча аскердик жыйындардан өткөндөн кийин жүзөгө ашырылат.

60. Кызматтык зарылчылык болгон учурда ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин чечими менен офицердик курамдын кызмат ордуна ушул кызмат орундары боюнча милдеттерди аткаруу үчүн зарыл болгон иш тажрыйбасы бар жарандык персоналдын адамдары мөөнөттүү эмгек келишимин түзүү менен убактылуу дайындалышы мүмкүн.
Офицерлерди кызмат орундарына дайындоо зарыл болгон учурда ушул пункттун биринчи абзацында көрсөтүлгөн жарандык персоналдын адамдары офицердик курамдын ээлеген кызмат орундарынан бошотулат жана Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген мөөнөттүү эмгек келишимдерин бузуу тартибине ылайык жумуштан бошотулат.
61. Офицердик курамдын кызмат орундары ошондой эле төмөнкүлөр менен комплектелет:
1) аскердик кызматта болуунун чектүү курагына жете элек, контракт боюнча аскердик кызматка аныкталуучу запаста болгон (отставкадагы) офицерлер менен;
2) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети тарабынан аныкталган санда жана аскердик-каттоо адистиктери боюнча 30 жаштан ашпаган курактагы адамдардын ичинен 2 жылга аскердик кызматка чакырылуучу запастагы офицерлер менен;
3) мурда аскердик каттоодо турбаган, тиешелүү аскердик каттоо адистигиндеги (башка аскердик-каттоо адистигинде – аскердик кызматтын үч жылдан кем эмес тиешелүү тажрыйбасы (иши) болгондо) даярдоо профили боюнча жакын жогорку билими бар, 40 жашка чыга элек запастагы жоокерлер, сержанттар жана прапорщиктер, ошондой эле аялдар менен аларга офицердик курамдын «кенже лейтенант» биринчи аскердик наамын бир убакта ыйгаруу менен.

8-глава. Офицердик курамды кызмат орундарына дайындоо,
кызмат боюнча которуу
62. Офицердик курамдын кызмат орундары жана ушул кызмат орундарына ылайык келүүчү аскердик наамдар атайын тизмектер менен аныкталат жана штаттарда каралат. Бул кызмат орундарынын тизмектери жогорку офицердик курамдын кызмат орундарын кошпогондо, ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин буйруктары менен бекитилет.
63. Офицерлерди кызмат орундарына дайындоо төмөнкү мөөнөттөрдө жүргүзүлөт:
1) алар ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин карамагына келгенде – эки айдын ичинде;
2) контракт боюнча запастан аскердик кызматка аныкталгандарга – алар аскер комиссариатынын жазма буйругунда көрсөтүлгөн кызмат ордуна кеткен күндөн тартып бир айлык мөөнөттөн кеч эмес.
64. Аскер кызматчыларын дайындоо (дайындоо Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан жүргүзүлүүчү кызмат орундарын кошпогондо) төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда:
– аскердик-окуу жайларынын бүтүрүүчүлөрүн, контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан жоокерлер жана сержанттар курамынын прапорщиктерин жана аскер кызматчыларын, ошондой эле офицердик курамдын бардык категориядагы адамдарын офицердик курамдын кызмат орундарына биринчи дайындоо – коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйруктары менен;
– борбордук баш ийүүдөгү башкаруу органдарынын, кошуундардын, аскердик бөлүктөрдүн жана мекемелердин офицерлерин, ошондой эле борбордук баш ийүүдөгү аскерлер (күчтөр, дивизиялар) жана бөлүктөр ортосунда офицерлерди “майорго” чейинки жана кошо алганда штаттык-кызмат орундарынын категориясы менен кызмат орундарына дайындоо – Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы – коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басарынын буйруктары менен;
– аскерлердин (күчтөр, дивизиялар) кошуундарынын, аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин офицерлерин “майорго” чейинки жана кошо алганда штаттык-кызмат орундарынын категориясы менен кызмат орундарына дайындоо – аскерлердин (күчтөрдүн) кол башчыларынын жана дивизиянын командиринин буйруктары менен;
2) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда – аталган органдын жетекчисинин буйруктары менен; зарыл болгон учурда улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси өзүнүн орун басарларына, түзүмдүк жана аймактык бөлүкчөлөрүнүн, ошондой эле ведомстволук мекемелеринин жетекчилерине офицерлерди кызмат орундарына дайындоо жана аларды кызмат орундарынан бошотуу боюнча ыйгарым укуктарды берүүгө укуктуу;
3) Чек ара кызматында – Чек ара кызматынын жетекчисинин буйруктары менен (дайындоо улуттук коопсуздук органынын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылуучу тизмекке кирген кызмат орундарынан тышкары); зарыл болгон учурда Чек ара кызматынын жетекчиси өзүнүн орун басарларына жана аймактык бөлүкчөлөрүнүн жетекчилерине офицерлерди кызмат орундарына дайындоо жана аларды кызмат орундарынан бошотуу боюнча ыйгарым укуктарды берүүгө укуктуу;
4) аскер прокуратурасы органдарында:
– аскер прокурорунун орун басарларын жана аскер прокурорунун улук жардамчысын, аскер прокуратурасынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн башчыларын (финансылык жана ресурстук камсыздоо бөлүмүнүн башчысын кошпогондо), гарнизондордун аскер прокурорлорун – Кыргыз Республикасынын аскер прокурорунун сунушу боюнча Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйруктары менен;
– түзүмдүк бөлүкчөлөрдүн башчыларынын орун басарларын, улук тергөөчүлөрдү, өзгөчө маанилүү иштер боюнча тергөөчүлөрдү, аскер прокуратурасынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн улук прокурорлорун, прокурорлорун, прокурор-криминалисттерди, гарнизондордун аскер прокурорлорунун орун басарларын, гарнизондордун аскер прокуратураларынын улук тергөөчүлөрүн, тергөөчүлөрүн, гарнизондордун аскер прокурорлорунун улук жардамчыларын жана жардамчыларын, жарандарды кабыл алуу, документ жүгүртүү жана жашыруун иш кагаздарын жүргүзүү боюнча кызматтын башчысын, аскер прокуратурасынын түзүмдүк бөлүкчөлөрүнүн башкы, жетектөөчү адистерин жана адистерин жана гарнизондордун аскер прокуратураларынын адистерин – Кыргыз Республикасынын аскер прокурорунун буйруктары менен;
– аскер прокуратурасынын финансылык жана ресурстук камсыздоо бөлүмүнүн башчысын – Кыргыз Республикасынын Башкы прокурору менен макулдашуу боюнча Кыргыз Республикасынын Аскер прокурорунун буйругу менен;
5) Кайтаруу жана конвой департаментинде – аталган Департаменттин жетекчисинин буйруктары менен (дайындоо кылмыш-жаза аткаруу системасынын ыйгарым укуктуу мамлекеттик органы тарабынан жүзөгө ашырылуучу тизмекке кирген кызмат орундарынан тышкары);
6) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда – аталган органдын жетекчисинин буйруктары менен;
7) Ички аскерлерде:
– кол башчынын орун басарларын, аскердик бөлүктөрдүн командирлерин – ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйруктары менен;
– калган офицерлерди – Ички аскерлердин кол башчысынын буйруктары менен.

65. Офицерлерди кызмат боюнча которуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) жогору турган кызмат орундарына;
2) тең кызмат орундарына;
3) төмөн турган кызмат орундарына;
4) ээлеген кызмат ордунан бошоо менен окууга тапшырууга байланыштуу жана окуусун аяктагандан кийин.
Кызмат боюнча которуу жөнүндө буйруктарда (өздүк курам боюнча) офицер кайсы кызмат ордуна (жогору турган, тең, төмөн турган) которулуп жаткандыгы жана ушул Жобонун 66–69-пункттары менен каралган мындай которуунун негиздери көрсөтүлөт.
66. Офицердик курамдын кызмат орду болуп төмөнкүлөр эсептелет:
1) жогору турган, эгерде кызмат орду боюнча штатта ээлеген кызмат орду боюнча аскердик наамынан жогорку аскердик наам, ал эми тең аскердик наамдарда – чоңураак кызматтык маяна каралса;
2) тең, эгерде кызмат орду боюнча ээлеген кызмат ордуна тең аскердик наам жана кызматтык маяна каралса;
3) төмөн турган, эгерде кызмат орду боюнча штатта ээлеген кызмат орду боюнча аскердик наамынан төмөнкү аскердик наам, ал эми тең аскердик наамдарда – азыраак кызматтык маяна каралса. Штатта эки аскердик наам жана минимумдан максимумга чейинки кызматтык маяналар каралган учурда, улук аскердик наам же максималдуу кызматтык маяна көңүлгө алынат.
67. Офицерлерди жогору турган кызмат орундарына которуу кызмат боюнча көтөрүлүү тартибинде жүргүзүлөт. Жогору турган кызмат орундарына которууда офицерлердин кесипкөйлүк сапаттары жана кызматтагы жетишкен натыйжалары эске алынат. Жогору турган кызмат орундарына дайындоого биринчи кезекте көтөрүлүү үчүн кадрлар резервинде турган офицерлер каралат.
68. Офицерлерди тең кызмат орундарына которуу төмөнкүдөй жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) штаттардын кыскартылышы боюнча же уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу;
2) кызмат өтөө жерлерин кезектөө тартибинде ротация жүргүзүүдө;
3) адистик боюнча кыйла максаттуу пайдалануу үчүн же кызмат өтөө тажрыйбасын эске алуу менен;
4) кызмат орундарын комплекттөө зарыл болгондо;
5) ден соолугунун абалы боюнча – офицердин өтүнүчү боюнча;
6) үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча – офицердин өтүнүчү боюнча.
69. Офицерлерди жогору турган кызмат орундарынан төмөн турган кызмат орундарына которуу төмөнкүдөй жүргүзүлүшү мүмкүн:
1) жүргүзүлгөн уюштуруу-штаттык иш-чаралардын натыйжасында штаттардын кыскартылышы боюнча, тең кызмат ордуна дайындоо мүмкүн болбогон учурда төмөн турган кызмат ордуна дайындоо офицердин макулдугу менен жүргүзүлөт;
2) кесипкөйлүк сапаттарынын натыйжасында ээлеген кызмат ордуна ылайык келбегендиги боюнча аттестациялык тартипте;
3) Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ылайык берилген тартип жазасын ишке ашыруу тартибинде;
4) офицердин жазуу түрүндөгү макулдугу болгондо аскердик- дарыгердик (аскердик-учуу) комиссиясынын токтомуна ылайык ден соолугунун абалы боюнча;
5) үй-бүлөлүк же башка маанилүү жагдайларга байланыштуу офицердин жеке өтүнүчү боюнча;
6) аскердик окуу жайындагы окуудан же алты айдан ашык мөөнөттөгү чет өлкөлүк кызматтык иш сапардан кайтып келгенден кийин тең кызмат ордуна дайындоо мүмкүн болбогон учурда.

70. Офицерлер төмөнкү учурларда жогору турган кызмат орундарына көрсөтүү үчүн кадрлар резервине киргизилүүгө тийиш:
‒ штаттардын кыскартылгандыгы боюнча жогору турган кызмат орундарынан төмөн турган кызмат орундарына которулганда;
‒ окуудан же алты айдан ашык мөөнөттөгү чет өлкөлүк кызматтык иш сапардан кайтып келгендигине байланыштуу төмөн турган кызмат орундарына дайындалганда.

71. Офицерлерди кызмат ордуна дайындоодо жана аларды кызмат боюнча которууда төмөнкү шарттар сакталат:
1) офицерлерди кызмат орундарына дайындоодо жана кызмат боюнча аларды которууда офицерлерди негизги же ага жакын адистиги боюнча пайдалануу камсыз кылынууга, тажрыйбасы жана ар кандай жерлерде кызмат өтөөсүнүн кезектелиши, моралдык-ишкер жана кесипкөй сапаттары, иштеген жылдары, тартип практикасы эске алынууга тийиш;
2) офицерлерди алар үчүн жаңы адистиктер боюнча кызмат орундарында пайдалануу үчүн бул кызмат орундарына дайындоо тиешелүү курстарда кайра даярдоодон кийин же курстарга жиберүү мүмкүн болбосо – дайындалган учурдан тартып бир айлык мөөнөт ичинде жаңы кызмат ордунда милдеттерди убактылуу аткаруу процессинде;
3) аскердик окуу жайларын бүтүргөндө же запастан аскердик кызматка аныкталганда офицерлерди алардын макулдугусуз алган же жакын адистикке ылайык же болгон иш тажрыйбасына ылайык бош кызмат орундарына дайындалат;
4) жогорку аскердик билими бар офицерлерди башка кызмат орундарына дайындоого алардын практикалык тажрыйба алуу максатында же тиешелүү аскердик-каттоо адистиги менен кызмат ордуна дайындоо мүмкүндүгү жок учурда жол берилет;
5) офицердик курамдын аял аскер кызматчылары болгон иш тажрыйбасын жана аскердик-каттоо адистигин эске алуу менен дайындалат;
6) аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан ден соолугунун абалы боюнча тынч убакта катардан тышкары аскердик кызматка жарактуу, согуш убагында биринчи даражадагы чектөөлөр менен жарактуу деп таанылган, бирок аскердик кызматта туруунун чектүү курагына жете элек офицерлер, ден соолугунун абалын, даярдыгын жана кызмат өтөө тажрыйбасын эске алуу менен милдеттерин аткара алган башка кызмат ордуна которулууга тийиш;
7) офицерлерди башка жерге которуу алардын өтүнүчү боюнча алар кызмат өтөө ордун (жашаган жерин) өзгөртүүгө муктаж болгон учурда жүргүзүлөт:
– өзүнүн ден соолугунун абалы боюнча, эгерде алар аскердик-дарыгердик комиссиянын токтому менен тынч убакта катардан тышкары кызматка жарактуу, согуш убагында биринчи даражадагы чектөөлөр менен жарактуу же тынч убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында экинчи даражадагы чектөөлөр менен жарактуу деп таанылса;
– үй-бүлө мүчөлөрүнүн ден соолугунун абалы боюнча: аскер кызматчысынын багуусунда турган жубайы, жашы жете элек балдары, жашы жеткен окуучу балдары, аскер кызматчысынын чогуу жашаган ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жашы жете элек балдары, жашы жеткен I же II топтогу майып балдары, улгайган ата-энеси;
8) офицерлерди кызматтык айкалыштыруу тартибинде кызмат ордуна дайындоого жол берилбейт;
9) башкаруу органынын, аскердик бөлүктүн (мекеменин) штатынын номери өзгөргөндө (кайра басып чыгарууда) офицерлерди кайра дайындоо жүргүзүлбөйт.
72. Кызмат боюнча көтөрүлүү үчүн артыкчылыктуу укукту көрсөтүү үчүн кадрлар резервинде турган офицерлер, ошондой эле бул резервде турбаган, күжүрмөн аракеттерде же аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда, күжүрмөн нөөмөттү (күжүрмөн кызматты) өтөөдө кесипкөйлүктү жана уюштуруучулук жөндөмдөрүн көрсөткөн офицерлер колдонот.
73. Ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган аскердик наамдан бир баскыч жогору кезектеги аскердик наам ыйгарылган офицерлер кызмат боюнча көрсөтүү үчүн кадрлар резервине киргизилет.
74. Мурда жогору турган кызмат орундарынан төмөн турган кызмат орундарына которулган офицерлер ушул Жобонун 71-пунктунун талаптарын эске алуу менен кызмат боюнча көтөрүлөт. Ошол эле учурда тартип жазасын ишке ашыруу тартибинде төмөн турган кызмат орундарына которулган офицерлер аларга коюлган тартип жазасы алып салынгандан кийин гана кызмат боюнча көтөрүлө алат.
75. Офицерлер төмөнкү негиздер боюнча ээлеген кызмат орундарынан бошотулушу жана тийиштүү мамлекеттик органдардын жетекчилеринин буйруктары менен карамагына киргизилиши мүмкүн:
1) жүргүзүлгөн уюштуруу-штаттык иш-чаралардын натыйжасында кызмат ордунун кыскартылгандыгына байланыштуу;
2) алты айдан ашык мөөнөткө аскердик окуу жайына окууга же кызматтык иш сапарга жөнөтүлгөндүгүнө байланыштуу;
3) офицерди кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын токтомунун жана соттун аныктамасынын чыккандыгына байланыштуу – токтомдун же соттук органдын жазуу түрүндөгү аныктамысы келип түшкөндөн кийин;
4) командачылыктын чечими боюнча – берилген “кызматынан төмөндөтүү” тартип жазасын ишке ашыруу мезгилинде. Эгерде офицерлер аларды ээлеген кызмат ордунан төмөндөтүү жөнүндө кабыл алган командачылык менен макул болбосо жана аны сот тартибинде талашса, алар иш боюнча акыркы чечим чыкканга чейин карамагында турат;
5) аскер кызматчысы туткунда, барымта же камакта кармоо абалында жана мыйзамдарда аныкталган башка ушу сыяктуу жагдайларда болгондугуна байланыштуу – болуунун бардык мезгилине;
6) мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча – офицердин жеке өтүнүчүнүн негизинде;
7) жубайынын кызмат боюнча мамлекеттик чек араны түздөн-түз кайтаруу бөлүкчөлөрүнө которулгандыгына байланыштуу жана ишке орношуу мүмкүн болбогондо – аскердик кызматтын бардык мезгилинде беш жылдан ашык эмес.
Офицерди кызмат ордунан убактылуу четтетүү жөнүндө тергөө судьясынын токтомунун жана соттун аныктамасынын чыккандыгына байланыштуу ээлеген кызмат ордунан бошотулган офицерлер жасалган кылмыштын изин жашыра алган кырдаалдар жоюлганга же аларды кызмат ордунан четтетүү чараларын колдонуу жокко чыгарылганга же болбосо кылмыш иши боюнча акыркы чечим кабыл алынганга чейин (кылмыштык куугунтуктоо, сотко чейинки өндүрүш кыскартылганда жана кылмыш иши боюнча мыйзамдуу күчүнө кирген соттун өкүмү (токтому) чыкканда) алар карамагында турат.
Баласы үч жашка толгонго чейин бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн офицерлер ушул пункттун биринчи, үчүнчү жана алтынчы пунктчаларында көрсөтүлгөн учурларды кошпогондо, алардын макулдугусуз ээлеген кызмат орундарынын бошотулушу жана карамагына киргизилиши мүмкүн эмес.
Эгерде карамагында турган офицерлерге карата кылмыш иши козголсо жана тергөө жүргүзүлүп жатса аларды карамагына киргизүү негизине карабастан кылмыш иши боюнча акыркы чечим чыгарылганга чейин алар карамагында турат.
Кийинкиге калтыруу мүмкүн болбогон (Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставында каралган) өзгөчө учурларда офицерлер ээлеген кызмат орундарынан убактылуу четтетилиши мүмкүн.
Баш ийүүсүндөгү адамды кызмат ордунан четтеткен командир (башчы) кызмат ордунан четтетүүгө алып келген себептерди жана жагдайларды кеңири баяндоо менен бул жөнүндө инстанция боюнча дароо билдирүүгө милдеттүү.
Баш ийүүсүндөгү адамды ал үчүн жетишсиз негиздер менен кызмат ордунан четтеткен командир (башчы) жоопкерчилик тартат, ал эми кызмат ордунан четтетүү жөнүндө чечим бул чечимди кабыл алган командир (башчы) же улук түздөн-түз башчы тарабынан жокко чыгарылат.
Чек ара кызматынын офицерлери Чек ара кызматынын жетекчисинин буйруктары менен ээлеген кызмат орундарынан бошотулушу жана карамагына киргизилиши мүмкүн (дайындоо улуттук коопсуздук органынын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылуучу тизмекке кирген кызмат орундарынан тышкары); зарыл болгон учурда Чек ара кызматынын жетекчиси өзүнүн орун басарларына офицерлерди ээлеген кызмат орундарынан бошотуу жана аларды карамагына киргизүү боюнча ыйгарым укуктарды берүүгө укуктуу.

76. Жүргүзүлгөн уюштуруу-штаттык иш-чаралардын натыйжасында кызмат орду кыскартылгандыгына байланыштуу жана командачылыктын чечими боюнча ээлеген кызмат орундарынан бошотулган офицерлер бала үч жашка толгонго чейин бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн офицерлерди кошпогондо, ушул Жобонун 6-пунктунун 2 жана 1-пунктчаларында көрсөтүлгөн мөөнөттөрдөн ашык эмес карамагында тура алат, андан кийин тең же жогору турган кызмат ордуна, ал эми мындай кызмат орду болбогон учурда – офицердин өзүнүн макулдугу боюнча төмөн турган кызмат ордуна дайындалууга же аскердик кызматтан запаска бошотулууга тийиш.
Офицерлерди тең же жогору турган кызмат ордуна дайындоо мүмкүндүгү болбосо, кол башчылыктын чечими боюнча кадр органдары офицерлер командирдин (башчынын) карамагында турган убакытта аларга дайындоо үчүн эки жолудан кем эмес төмөн турган кызмат ордун сунуштоого милдеттүү. Ар бир сунушталган төмөн турган кызмат ордунан баш тартуу же макул болуу протокол түрүндө жазылат, ал кадр органынын иш кагаздарын жүргүзүүсүндө аскердик кызматка дайындоо же бошотуу материалдары менен чогуу тиркелет.
Командирдин (башчынын) карамагында белгиленген мөөнөттөн ашык турган офицерлер сунушталган кызмат ордунан кезектеги баш тартуудан кийин аскердик кызматтан запаска бошотулууга тийиш.
Жүргүзүлгөн уюштуруу-штаттык иш-чаралардын натыйжасында жана командачылыктын чечими боюнча ээлеген кызмат орундарынан бошотулган улуттук коопсуздук органдарынын офицерлери баласы үч жашка толгонго чейин бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн офицерлерди кошпогондо, карамагында үч айдан көп эмес тура алат, андан кийин алар офицердин өзүнүн макулдугу боюнча кызмат ордуна калыбына келтирилүүгө, тең же төмөн турган кызмат ордуна дайындалууга же аскердик кызматтан запаска бошотулууга тийиш. Кадр органдары жетекчи менен макулдашуу боюнча улуттук коопсуздук органдарынын офицерлери командирдин (начальниктин) карамагында турган мезгилде аларга дайындоо үчүн тең же төмөн турган кызмат ордун бир жолу сунуштайт. Сунушталган кызмат ордунан баш тартуу же макул болуу протокол түрүндө жазылат, ал офицердин өздүк делосуна тиркелет.
77. Аскердик окуу жайына окууга жана чет мамлекетке кызматтык иш сапарларга жиберүүгө байланыштуу ээлеген кызмат орундарынан бошотулган офицерлер окуусунун (иш сапарынын) бүткүл мөөнөтү ичинде карамагында турат. Мындай офицерлердин андан аркы кызматтык абалын аныктоо боюнча чечим алар окуудан (иш сапардан) келгенден кийин эки ай ичинде кабыл алынууга тийиш.
Карамагында турган офицерлер (аскердик окуу жайына окууга жана чет мамлекетке кызматтык иш сапарларга жиберилгендерди, ошондой эле бала багуу боюнча өргүүдөгү офицерлерди кошпогондо) бекитилген күн тартибине же кызмат убактысынын регламентине ылайык өздүк курамынын тизмелеринде турган аскердик бөлүккө (мекемеге) күн сайын келүүгө милдеттүү. Бул аскер кызматчыларына кызмат убагында бөлүктөн (мекемеден) чыгууга уруксат аскердик бөлүктүн командиринин (мекеменин башчысынын) чечими менен берилет.
Карамагында турган мөөнөткө белгиленген өргүүлөрдө, дарылоо мекемелеринде (бөлүкчөлөрдө) дарыланууда (текшерилүүдө), кызматтык иш сапарларда, офицердик курамдын бош же бош эмес кызмат орундарын убактылуу аткарган мезгилдери, бул офицерлердин кызматтык абалы алардан көз каранды болбогон себептер боюнча өз убагында аныкталбаган кызматтын башка мезгилдери кирбейт.
Ушул Жобонун 75, 76-пункттарынын жана ушул пункттун жоболору прапорщиктерге карата да колдонулат.
78. Аскер кызматчыларына офицердик курамдын бош (бош эмес) кызмат орундары боюнча кызмат орундарын (милдеттерди) убактылуу аткарууга аскердик бөлүктүн командиринин (мекеменин башчысынын) буйругу менен уруксат берилиши мүмкүн.
79. Офицерлерди кызмат боюнча которуу эреже катары аларды ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин карамагына киргизүүсүз жүргүзүлөт.
Кызмат боюнча которулуп жаткан офицерлер Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Ички кызматынын уставы менен белгиленген мөөнөттөрдө ишин жана кызмат ордун тапшыргандан кийин, бирок офицер кезектеги өргүүдө же дарыланууда жүргөн учурларды кошпогондо, аскердик бөлүк (мекеме) кызмат ордуна дайындоо жөнүндө буйруктун (жазуу жүзүндөгү кабарлоонун) көчүрмөсүн алган күндөн тартып бир айлык мөөнөттөн кеч эмес жаңы кызмат ордуна кетүүгө тийиш.
Офицерди бир аскердик бөлүктөн (мекемеден) экинчисине дайындоодо анын жаңы кызмат ордуна өз убагында келүүсү үчүн ошол офицер аскер кызматын өтөгөн аскердик бөлүктүн командири (башчысы) жоопкерчилик тартат.
80. Ыйгарым укуктуу органдардын офицердик курамынын адамдары аскердик кызматты мындан ары өтөө үчүн биринен экинчисине которулушу мүмкүн.
Которуу персоналдык тартипте жана офицердин макулдугу менен жүргүзүлөт.
Офицерлерди которуу ыйгарым укуктуу органдардын тийиштүү жетекчилеринин ортосунда өз ара макулдашуу боюнча жүргүзүлөт жана бул жетекчилердин буйруктары менен таризделет.
Бир органдан экинчи органга которууда офицердик курамдын адамдары мурдагы кызмат өтөө орду боюнча өздүк курамдын тизмесинен чыгарылат жана жаңы кызмат отөө орду боюнча өздүк курамдын тизмесине киргизилет. Ошол эле учурда мындай аскер кызматчысы түзгөн контракттын шарттары бардык ыйгарым укуктуу органдар тарабынан таанылат.
Аскердик бөлүккө офицерди которуу жөнүндө буйруктан (жазуу түрүндөгү кабарлоо) көчүрмө келип түшкөндө аскердик бөлүктүн командири (мекеменин башчысы) ишин жана кызмат ордун өткөрүп берүү мөөнөттөрүн, ошондой эле ишти жана кызмат ордун кабыл алууга тийиш болгон кызмат адамын аныктайт.
81. Офицердик курамдын адамдары аларды аскердик кызматта (ыйгарым укуктуу органдын кадрында) калтыруу менен коргоо мүнөзүндөгү иштерди аткаруу, улуттук коопсуздук маселелерин, башка атайын милдеттерди жана эл аралык милдеттенмелерди чечүү үчүн мамлекеттик органдардын аппараттарына, ишканаларга, уюмдарга жана эл аралык уюмдардын аппараттарына иш сапарга жиберилиши мүмкүн.
Мындай офицерлерде Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен офицердик курамдын адамдары үчүн белгиленген укуктар, кепилдиктер, компенсациялар, артыкчылыктар жана милдеттер сакталат.
82. Мамлекеттик органдардын аппараттарына, ишканаларга, уюмдарга жана эл аралык уюмдардын аппараттарына иш сапарга жиберилген офицерлерге кезектеги аскердик наамдар мамлекеттик органдардын жана эл аралык уюмдардын тиешелүү аппараттарынын, ишканалардын жана уюмдардын сунушу боюнча ушул Жобонун талаптарына ылайык ал иш сапарга жиберген мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан ыйгарылат. Ошол эле учурда “полковникке” чейинки жана кошо алганда аскердик наамдар ыйгарылышы мүмкүн.
Иш сапарга жиберилген аскер кызматчылары менен мурда түзүлгөн контракттар мындай иш сапардын бүткүл мезгилине өзүнүн колдонулушун сактайт.
Мамлекеттик органдардын аппараттарына, ишканаларга, уюмдарга жана эл аралык уюмдардын аппараттарына иш сапарга жиберилген офицерлерди аскердик кызматтан бошотуу Мыйзамга жана ушул Жобого ылайык жүргүзүлөт.
Мамлекеттик органдардын аппараттарына, ишканаларга, уюмдарга жана эл аралык уюмдардын аппараттарына иш сапарга жиберилген офицерлер Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык берилүүчү үлүштүн түрлөрү жана ченемдери жана турак аянты менен камсыздалат.
83. Айрым учурларда офицерлерге жекече тартипте аскердик кызматты өтөп жаткан аскердик бөлүктүн командири (мекеменин башчысы) тарабынан квалификациясын жогорулатуу жана тажрыйба алмашуу максатында мамлекеттик, коомдук жана жеке менчик ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда илимий, педагогикалык, ойлоп табуучулук, эксперттик ишке, ошондой эле мамлекеттик жана муниципалдык саламаттык сактоо уюмдарында (мекемелеринде) медициналык ишке байланышкан айкалыштыруу боюнча иштөөгө уруксат берилиши мүмкүн.
Айкалыштыруу боюнча иштөө тартиби жана шарттары мамлекеттик органдардын жетекчиси тарабынан аныкталат.

9-глава. Офицердик курамдын аскердик наамын ыйгаруу, аскердик наамынан ажыратуу, аскердик наамын калыбына келтирүү
84. Офицердик курамдын аскердик наамдары адамдарга жеке ыйгарылат. Офицердик курамдын ыйгарылуучу аскердик наамынын түрүн аныктоодо аскердик же башка атайын даярдыгы, кызматтагы жетишкен натыйжалары, ээлеген кызмат орду жана аскердик наамда кызмат өтөө жылдарынын мөөнөтү эске алынат.
Офицердик курамдын аскердик наамдары ыйгаруу ырааттуулугуна жараша биринчи жана кезектеги болуп бөлүнөт.
Офицердик курамдын биринчи аскердик наамдары ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери тарабынан офицердик курамга аттестацияланган адамдарга ыйгарылат.
Офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары ыйгарылуучу аскердик наам ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган аскердик наамына ылайык келген учурда жана мурдагы аскердик наамында кызмат өтөө жылдарынын белгиленген мөөнөтү аяктагандан кийин ыйгарылат.
Офицердик курамдын аскердик наамын ыйгаруу кезектүүлүк тартибинде жүргүзүлөт.
85. Офицердик курамдын “кенже лейтенант” биринчи аскердик наамы төмөнкүдөй ыйгарылат:
1) окуу мөөнөтү беш жылдан ашкан аскердик окуу жайларынын курсанттарына аларды алтынчы курска которууда;
2) запастагы жоокерлерге, сержанттарга жана прапорщиктерге, ошондой эле мурда аскердик каттоодо турбаган аялдарга – ушул Жобонун 61-пунктунун 3-пунктчасына ылайык аскердик кызматка аныктоодо жана офицердик курамдын кызмат орундарына дайындоодо.

86. Офицердик курамдын “лейтенант” биринчи аскердик наамы төмөнкүдөй ыйгарылат:
1) курсанттарга – окуу мөөнөтү беш жылга чейинки аскердик окуу жайын аяктаганда;
2) жоокерлер жана сержанттар курамынын кызмат орундарында контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан, ушул Жобонун 59-пунктунун 3-пунктчасына ылайык офицердик курамдагы кызмат орундарына белгиленген тартипте дайындалган прапорщиктерге жана аскер кызматчыларына.
87. Кезектеги аскердик наамды ыйгарууга төмөнкүлөр көрсөтүлбөйт:
1) “Кызматына толук ылайык келбестиги жөнүндө эскертүү” же “кызматын төмөндөтүү” тартип жазасы салынган офицерлер;
2) кылмыш иши боюнча күнөө коюлган офицерлер;
3) карамакта турган (ушул Жобонун 75-пунктунун экинчи пунтчасында көрсөтүлгөн адамдардан, ошондой эле баласы үч жашка чыкканга чейин бала багуу боюнча өргүүдө жүргөн офицерлерден тышкары) же ээлеген кызмат орундарынан убактылуу четтетилген офицерлер.
88. Офицердик курамдын жогорку аскердик наамдары Кыргыз Республикасынын Президенти тарабынан жогорку офицердик курамдын адамдары ээлөөгө тийиш болгон кызмат орундарында турган офицердик курамдын адамдарына ыйгарылат.
89. Аскердик кызматта турган офицерлер үчүн офицердик курамдын аскердик наамдарында кызмат өтөө жылдарынын мөөнөттөрү төмөнкүдөй белгиленет:
1) кенже лейтенант наамында – 1 жыл;
2) лейтенант наамында – 2 жыл;
3) улук лейтенант наамында – 3 жыл;
4) капитан наамында – 4 жыл;
5) майор наамында – 5 жыл;
6) подполковник наамында – 6 жыл.
“Полковник” аскердик наамында кызмат өтөө жылдарынын мөөнөтү белгиленбейт.
“Генерал-майор” жогорку аскердик наамын ыйгаруу Мыйзамга жана Кыргыз Республикасынын Президентинин Жарлыгына ылайык жүргүзүлөт.
90. Офицердик курамдын аскердик наамында кызмат өтөө жылдарынын мөөнөтү аскердик наамды ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол койгон күндөн тартып эсептелет.
Офицердик курамдын аскердик наамында кызмат өтөө жылдарынын мөөнөтүнө офицердин аскердик кызматта жүйөлүү себептерсиз жок болгон убактысы эсептелбейт.
Запастан контракт боюнча аскердик кызматка аныкталган офицерлерге офицердик курамдын аскердик наамында кызмат өтөө жылдарынын мөөнөтүнө аскердик наамындагы болгон кызмат өтөө жылдары эсептелет.
91. Карамакта турган офицерлерге кенже жана улук офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары төмөнкүдөй ыйгарылат:
1) окууга же кызматтык иш сапарга жөнөтүү менен байланыштуу;
– подполковникке чейин жана кошо алганда – тиешелүү аскердик наамдарда кызмат өтөө жылдарынын белгиленген мөөнөтү аяктаганда;
– полковник – “подполковник” аскердик наамында кызмат өтөө жылдарынын белгиленген мөөнөтү аяктаганда, эгерде алар окууга тапшырганга же кызматтык иш сапарга жиберилгенге чейин “полковниктен” төмөн эмес штаттык категориядагы кызмат ордун ээлеген болсо;
2) баласы үч жашка чыкканга чейин бала багуу боюнча өргүүдө жүргөндүгүнө байланыштуу – тиешелүү аскер наамдарда кызмат өтөө жылдарынын белгиленген мөөнөтү аяктаганда, бирок акыркы ээлеген кызмат орду боюнча штаттык категориядан жогору эмес.
92. Офицерлерге аскердик наамдар (жогорку аскердик наамдардан тышкары) төмөнкүдөй ыйгарылат:

– офицердик курамдын “подполковник”, “полковник” кезектеги аскердик наамдары жана кенже жана улук офицердик курамдын мөөнөтүнөн мурда ыйгарылуучу аскердик наамдары – коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйруктары менен;
– борбордук баш ийүүдөгү кошуундарда, аскердик бөлүктөрдө жана мекемелерде жана башкаруу органдарында офицердик курамдын “майорго” чейин жана кошо алганда кезектеги аскердик наамдары – Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы – коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басарынын буйруктары менен;
– аскерлердин (күчтөрдүн, дивизиянын) кошуундарында, аскердик бөлүктөрүндө жана мекемелеринде офицердик курамдын “майорго” чейин жана кошо алганда кезектеги аскердик наамдары – аскерлердин (күчтөрдүн) кол башчыларынын жана дивизиянын командиринин буйруктары менен;
2) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кенже жана улук офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары, анын ичинен мөөнөтүнөн мурда ыйгарылуучу – бул органдын жетекчисинин буйруктары менен;
3) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда кенже жана улук офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары, анын ичинен мөөнөтүнөн мурда ыйгарылуучу – бул органдын жетекчисинин буйруктары менен;
– 9-кызматта кенже жана улук офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары, анын ичинен мөөнөтүнөн мурда ыйгарылуучу – 9-кызматтын жетекчисинин буйруктары менен (дайындоо улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылуучу тизмекке кирген кызмат орундарынан тышкары);
– Чек ара кызматында кенже жана улук офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары, анын ичинен мөөнөтүнөн мурда ыйгарылуучу – Чек ара кызматынын жетекчисинин буйруктары менен (дайындоо улуттук коопсуздукту камсыз кылуу органынын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылуучу тизмекке кирген кызмат орундарынан тышкары); зарыл болгон учурда Чек ара кызматынын жетекчиси өзүнүн орун басарларына жана аймактык бөлүкчөлөрүнүн жетекчилерине офицерлерге аскердик наамдарды ыйгаруу боюнча ыйгарым укуктарды берүүгө укуктуу;
4) Кайтаруу жана конвой департаментинде кенже жана улук офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары, анын ичинен мөөнөтүнөн мурда ыйгарылуучу – бул Департаменттин жетекчисинин буйруктары менен (дайындоо кылмыш-жаза аткаруу системасы чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылуучу тизмекке кирген кызмат орундарынан тышкары);
5) Ички аскерлерде:
– кенже жана улук офицердик курамдын “майорго” чейин жана кошо алганда кезектеги аскердик наамдары – Ички аскерлердин кол башчысынын буйруктары менен;
– улук офицердик курамдын “подполковник”, “полковник” кезектеги аскердик наамдары жана кенже, улук офицердик курамдын мөөнөтүнөн мурда ыйгарылуучу аскердик наамдары – ички иштер чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйруктары менен;
6) аскер прокуратурасы органдарында кенже жана улук офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары, анын ичинен мөөнөтүнөн мурда ыйгарылуучу – “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйруктары менен;
7) ушул Жобонун 85-пунктунун 1-пунктчасында жана 86-пунктунун 1-пунктчасында көрсөтүлгөн аскердик окуу жайларынын курсанттарына “кенже лейтенант” жана бүтүрүүчүлөрүнө “лейтенант” аскердик наамдары – аскер кызматчысы окууга жиберилген ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинин буйруктары менен;
8) ушул Жобонун 85-пунктунун 2-пунктчасында көрсөтүлгөн адамдарга аскердик кызматка аныктоодо жана офицердик курамдын кызмат ордуна дайындоодо – коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекетик органдын, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндө ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчилеринин, Кыргыз Республикасынын Башкы прокурорунун буйруктары менен.

93. Кыргыз Республикасын коргоодо, күжүрмөн кезметти өтөөдө же аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда жогорку күжүрмөн жана кесиптик сапаттарын көрсөткөн, же болбосо аскердик милдетин үлгүлүү аткарган кенже жана улук офицердик курамдын адамдарына полковникке чейин жана кошо алганда кезектеги аскердик наам мөөнөтүнүн мурда ыйгарылышы мүмкүн.
Мөөнөтүнөн мурда ыйгарылуучу аскердик наам аскердик наамдарда кызмат өтөө жылдарынын белгиленген мөөнөттөрүнүн жарымынан кем эмеси өткөндө жана ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган аскердик наамга ыйгарылуучу наам ылайык келгенде ыйгарылат.
Офицердик курамдын аскердик наамдары аскер кызмат өтөөнүн бүткүл мезгилинде эки жолудан ашык эмес мөөнөтүнөн мурда ыйгарылышы мүмкүн.
Күжүрмөн даярдыкта, аскердик тартипти бекемдөөдө, оор аскердик техниканы башкарууда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен же тапшырылган участокто милдеттерин үлгүлүү аткарган офицерлерге анык кызмат өтөө мезгилинде бир жолудан ашык эмес, ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган аскердик наамдан бир баскычка жогору кезектеги аскердик наам мөөнөтүнөн мурда ыйгарылышы мүмкүн.
Аскер прокуратурасы органдарынын кенже жана улук офицердик курамынын адамдарына мөөнөтүнөн мурда ыйгарылуучу аскердик наамдар “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык ыйгарылат.
94. Күжүрмөн даярдыкта, аскердик тартипти бекемдөөдө, оор аскердик техникаларды башкарууда жогорку көрсөткүчтөргө жетишкен же аскердик кызматтын милдеттерин үлгүлүү аткарган офицерлерге Офицердик чогулуштун пикирин жана аскердик наамда тиешелүү кызмат өтөө жылдарынын болушун эске алуу менен ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган аскердик наамдан бир баскычка жогору подполковникке чейин жана кошо алганда кошкондо кезектеги аскердик наам ыйгарылышы мүмкүн.
95. Ээлеген кызмат орду боюнча каралган аскердик наамдан бир баскычка жогору кезектеги аскердик наам аскердик кызмат өтөө мезгилинде бир жолудан ашык эмес, төмөнкүдөй ыйгарылат:
1) окумуштуулук даражасы бар офицерлерге аскердик наамда кызмат өтөө жылдарынын белгиленген мөөнөтү аяктаганда;
2) аскердик наамында кызмат өтөө жылдарынын экиден кем эмес белгиленген мөөнөтү аяктаганда – полковникке чейин жана кошо алганда.
96. Офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдарын өз убагында ыйгарууну камсыздоо максатында аскердик наамдарды ыйгаруу үчүн зарыл болгон документтер алар аскердик наамда кызмат өтөө жылдарынын белгиленген мөөнөтү аяктаганга чейин 10 күн мурда кароого келип түшкөндөй эсеп менен күн мурунтан таризделет.
97. Офицердик курамдын аскердик наамын мөөнөтүнөн мурда ыйгарууга талапкерлер алып салына элек тартиптик жазалары жок болсо, Офицердик чогулуштун пикирин эске алуу менен аскердик наамды ыйгарууга көрсөтүлөт.
98. Офицердик курамдын адамдары оор жана өтө оор кылмыш жасагандыгы үчүн соттун чечими боюнча аскердик наамынан ажыратылышы мүмкүн.
Офицердик курамдын аскердик наамынан ажыратылган адамдары “катардагы жоокер” аскердик наамында аскердик каттоого турууга тийиш.
Аскердик наамды ыйгаруу жөнүндө мыйзамсыз буйрук соттун чечими боюнча жокко чыгарылышы мүмкүн.
99. Аскердик наамынан ажыратылган адамдардын аскердик наамы соттун чечими боюнча калыбына келтирилиши мүмкүн.
10-глава. Офицердик курамды аттестациялоо
100. Офицердик кадрларды туура тандоону, жайгаштырууну жана тарбиялоону камсыздоо максатында офицерлерди аттестациялоо жүргүзүлөт.
Офицерлерди аттестациялоо өткөрүүнүн мезгилдүүлүгү, конкреттүү мөөнөттөрү жана тартиби ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилери тарабынан аныкталат.
101. Аттестациялоодо ар бир офицердин кесиптик, моралдык жана иштиктүү сапаттарына объективдүү баа берилет, ээлеген кызмат ордуна ылайыктыгы жана аны кызматтык пайдалануунун келечеги аныкталат, көрсөтүү жана окууга жиберүү үчүн кадрлардын резерви аныкталат.
102. Аттестациялоо өткөрүү жана ал боюнча корутундуларды чыгаруу үчүн кошуундарда, бөлүктөрдө жана мекемелерде туруктуу иштеген аттестациялык комиссия түзүлөт, анын курамы командирдин (башчынын) буйругу менен аныкталат. Офицердик чогулуш өзүнүн ишинин жүрүшүндө аттестациялоону даярдоо, жүрүшү жана жыйынтыктарын ишке ашыруу маселелерин карайт.
103. Офицерлер аттестациялоодо белгиленген кемчиликтерди жоюуга милдеттүү. Түздөн-түз командирлер (башчылар) офицерлерден аттестациялоодо белгиленген кемчиликтерди жоюуну талап кылууга, аттестациялык тыянактарды ишке ашырууну, мыкты офицерлерди жогору турган кызмат орундарына өз убагында дайындоону жана аларды окууга жиберүүнү камсыздоого тийиш.
11-глава. Кыргыз Республикасынын Министрлер
Кабинетинин чечимдерине ылайык аскердик кызматка чакырылган офицерлердин аскердик кызмат өтөөсүнүн өзгөчөлүктөрү
104. Чакыруу боюнча офицердик курамдын адамдарын кызмат ордуна дайындоо, офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдарын ыйгаруу, кызматы боюнча көтөрүү, аттестациялоо, аскердик наамдарынан ажыратуу жана калыбына келтирүү ушул Жободо каралган жалпы негиздерде жүргүзүлөт.
105. Чакыруу боюнча офицерлерге ар жылдык, кыска мөөнөттүү өргүүлөр жана оорусу боюнча өргүүлөр ушул Жободо каралган жалпы негиздерде берилет, мында аскердик кызматтан бошотулган жылы өргүүнүн узактыгы ошол жылы өтөгөн убакытка пропорционалдуу аныкталат. Мындай өргүү аскердик кызматтан бошотулганына байланыштуу аскердик бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен андан ары чыгаруу менен берилет.
106. Ушул Жобонун 21, 22 жана 23-главаларында каралган өргүүлөр чакыруу боюнча офицерлерге берилбейт.
107. Чакыруу боюнча офицерлер аскердик кызматтан запаска төмөнкүдөй бошотулат:
1) Мыйзамда белгиленген кызмат өтөө мөөнөтүү аяктаганда кызмат өтөө мөөнөтүнүн жылдары боюнча;
2) Мыйзамдын 31-беренесинин 1-бөлүгүнүн бешинчи–тогузунчу, он биринчи–он үчүнчү абзацтарында каралган негиздер боюнча.
12-глава. Прапорщиктердин аскердик кызмат өтөөсү
108. Прапорщиктерге “прапорщик” жана “улук прапорщик” аскердик наамдары ыйгарылуучу аскер кызматчылары кирет.
Прапорщиктер аскердик милдетине карата төмөнкүлөргө бөлүнөт:
– контракт боюнча аскердик кызматта турган;
– запаста турган.
Аскердик бөлүктөрдүн командирлери (мекемелердин башчылары), кадрдык органдардын башчылары жана аскер комиссарлары төмөнкүлөрдү камсыздайт:
– прапорщиктердин кызмат орундарын кыйла даярдалган аскер кызматчылары жана аскерге милдеттүүлөр менен толук жана сапаттуу комплектөөнү жана аларды аскердик кызматта узак мөөнөткө бекитүүнү;
– аскердик кызматка татыктуу талапкерлерди белгиленген тартипте тандоону жана кабыл алууну;
– прапощиктерди аттестациялоону жана аттестациялоо боюнча тыянактарды ишке ашырууну.
109. Прапорщиктер аскердик кызматта алар аскердик кызматта болуунун чектүү курагына жеткенге чейин тура алат, андан кийин ушул Жобонун 49-пунктунда көрсөтүлгөн учурлардан тышкары, аскердик кызматтан запаска бошотулууга тийиш.
110. Прапорщик катары контракт боюнча аскердик кызмат өтөөнүн башталышы төмөнкүдөй эсептелет:
1) мөөнөттүү аскердик кызмат өтөп жаткан жоокерлер жана сержанттар курамдары үчүн – “прапорщик” аскердик наамын ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол коюлган күн;
2) запастагы жоокерлер жана сержанттар курамдары жана мурда аскердик каттоодо турбаган аялдар үчүн – “прапорщик” аскердик наамын ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол коюлган күн, бирок аскер комиссариатынын жазма буйругунда көрсөтүлгөн кызмат өтөө жерине кеткен күндөн эрте эмес;
3) аскердик кызматка аныкталган запастагы прапорщиктер үчүн – аскер комиссариатынын жазма буйругунда көрсөтүлгөн кызмат өтөө жерине кеткен күн.
13-глава. Прапорщикттердин кызмат орундарын комплектөө
111. Прапорщиктер катары контракт боюнча аскердик кызматка он сегизден жаш эмес жана аскердик кызматта болуунун чектүү курагынан улуу эмес, Мыйзамда белгиленген аскердик кызмат үчүн зарыл болгон талаптарга жооп берген адамдар кабыл алынат.
112. Прапорщиктер ээлөөчү кызмат орундары төмөнкүдөй комплекттелет:
1) аскердик кызматта турган прапорщиктер менен;
2) орто кесиптик же жогорку кесиптик билими бар, мөөнөттүү аскердик кызматтын белгиленген мөөнөтүн өтөгөн жоокерлер жана сержанттар менен;
3) жалпы орто билими бар жана аскердик кызматта 2 жылдан кем эмес кызмат өтөгөн (анын ичинде мөөнөтүү аскердик кызматта) контракттык кызматтын жоокерлери жана сержанттары менен;
4) аскердик кызматта болуунун чектүү курагына жете элек запастагы прапорщиктер менен;
5) орто кесиптик же жогорку кесиптик билими бар, 47 жаш куракка чыга элек запастагы жоокерлер жана сержанттар менен;
6) орто билими бар, календардык эсептөөдө мурда 2 жылдан кем эмес аскердик кызмат өтөгөн, 47 жаш куракка чыга элек запастагы жоокерлер жана сержанттар менен;
7) орто кесиптик же жогорку кесиптик билими бар, 47 жаш куракка чыга элек, мурда аскердик каттоого турбаган аялдар менен;

113. Прапорщиктерди кызмат ордуна дайындоо жана бошотуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:

– аскерлердин (күчтөрдүн, дивизиянын) кошуундарынын, аскердик бөлүктөрүнүн жана мекемелеринин аскер кызматчыларын – коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин орун басары – кол башчынын, аскерлердин (күчтөрдүн) кол башчыларынын жана дивизиянын командиринин буйруктары менен;
– калган аскер кызматчыларын – Куралдуу Күчтөрдүн Генералдык штабынын башчысы – коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин биринчи орун басарынын буйруктары менен;
2) Жарандык коргонуу жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда – бул органдын жетекчисинин орун басарынын буйруктары менен;
3) улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда – бул органдын жетекчисинин орун басарларынын, ошондой эле аталган органдын жетекчисинин чечими боюнча түзүмдүк, аймактык бөлүкчөлөрдүн жана ведомстволук мекемелердин жетекчилеринин буйруктары менен;
Чек ара кызматында – Чек ара кызматынын жетекчисинин буйруктары менен, зарыл болгон учурда Чек ара кызматынын жетекчиси өзүнүн орун басарларына жана аймактык бөлүкчөлөрүнүн жетекчилерине прапорщиктерди кызмат орундарына дайындоо жана аларды кызмат орундарынан бошотуу боюнча ыйгарым укуктарды берүүгө укуктуу;
9-кызматта – 9-кызматтын жетекчисинин буйруктары менен аныкталган тартипте (дайындоо улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылуучу тизмекке кирген кызмат орундарынан тышкары);
4) Кайтаруу жана конвой департаментинде – бул Департаменттин жетекчисинин буйруктары менен;
5) аскер прокуратурасы органдарында – Кыргыз Республикасынын аскер прокурорунун буйруктары менен;
6) Ички аскерлерде – Ички аскерлердин кол башчысынын буйруктары менен.
114. Прапорщиктер катары контракт боюнча аскердик кызматка кабыл алынуучу адамдар аскердик кызмат өтөө жөнүндө контрактка кол коюшат (1-тиркеме).
Аскердик кызматта туруунун чектүү курагына чыкканга чейин үч жылдан аз убакыт калган адамдар менен контракт ушул Жобонун 49-пунктуна ылайык түзүлөт.
115. Аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) кадрдык органдары жана аскер комиссариаттары прапорщиктер катары аскердик кызмат өтөө каалоолорун билдирген бардык адамдарга ушул Жобонун 50-пунктуна ылайык өздүк делолорду тариздейт.
Таризделген өздүк делолор аскердик кызматка кабыл алуу жөнүндө буйрук чыккандан кийин, аскер кызматчысы прапорщиктин кызмат ордунда контракт боюнча аскердик кызмат өтөй турган аскердик бөлүктүн (мекеменин) дарегине жиберилет.
14-глава. Прапорщиктерге аскердик наамдарды ыйгаруу
116. Ушул Жобонун 112-пунктунда көрсөтүлгөн (1 жана 4-пунктчадан тышкары) адамдарга “прапорщик” аскердик наамы кызмат ордуна дайындоо жөнүндө (аскердик кызматка аныктоо жөнүндө) буйрук чыгаруу менен бир убакта ыйгарылат.
117. “Улук прапорщик” кезектеги аскердик наамы төмөнкүдөй ыйгарылат:
1) “прапорщик” аскер наамында беш жылдан кем эмес кызмат өтөгөн жана улук прапорщиктер менен комплекттөөгө тийиш болгон кызмат орундарын ээлеген прапорщиктерге;
2) Кыргыз Республикасынын коргоо боюнча же Кыргыз Республикасынын эл аралык милдеттенмелерине ылайык күжүрмөн тапшырмаларды аткарган прапорщиктерге прапорщик катары кызмат өтөө мөөнөтүнө жана ээлеген кызматына карабастан;
3) 10 жыл “прапорщик” аскердик наамында үзгүлтүксүз кызмат өтөгөндүгү үчүн ээлеген кызмат ордуна карабастан.
118. Запаста турган адамдардын аскердик наамдарына “запастагы” деген сөз кошулат (запастагы прапорщик).
119. Прапорщиктердин аскердик наамдарын ыйгаруу аларды кызмат ордуна дайындоо укугу берилген адамдардын буйруктары менен жүргүзүлөт.
120. Прапорщиктер соттун өкүмү боюнча аскердик наамынан ажыратылышы мүмкүн.
“Прапорщик”, “улук прапорщик” аскердик наамынан ажыратылган адамдар “катардагы жоокер” аскердик наамында аскердик каттоого турууга тийиш.
Аскердик наамынан ажыратылган адамдарга аскердик наам соттун чечими боюнча калыбына келтирилиши мүмкүн.
121. Аскердик наамды ыйгаруу жөнүндө мыйзамсыз буйрук соттун чечими боюнча жокко чыгарылышы мүмкүн.
122. Запас боюнча прапорщиктердин аскердик наамдары ыйгарылбайт.
15-глава. Прапорщиктерди кызмат ордуна дайындоо,
кызматы боюнча которуу
123. Прапорщиктер ээлөөгө тийиш болгон кызмат орундары жана бул кызмат орундарына ылайык келген аскердик наамдар атайын тизмектер менен аныкталат жана штаттарда каралат. Бул кызмат орундарынын тизмектери ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин буйруктары менен бекитилет.
124. Аскер кызматчыларын прапорщиктердин штаттык кызмат ордуна дайындоо ушул Жобонун 113-пунктуна ылайык жүзөгө ашырылат.
125. Прапорщиктерди которуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) жогору турган кызмат орундарына;
2) тең кызмат орундарына;
3) төмөн турган кызмат орундарына.
126. Прапорщиктердин кызмат орундары төмөнкүдөй эсептелет:
1) жогору турган – эгерде бул кызмат орду боюнча штатта ээлеген кызмат орду боюнча аскердик наамынан жогору аскердик наам, ал эми тең аскердик наамдарда чоңураак кызматтык маяна каралса;
2) тең – эгерде ушул кызмат орду боюнча штатта мурда ээлеген кызмат орду боюнча аскердик наамына жана кызматтык маянасына тең аскердик наам жана кызматтык маяна каралса;
3) төмөн турган – эгерде ушул кызмат орду боюнча штатта, ээлеген кызмат орду боюнча аскердик наамынан төмөн аскердик наам же азыраак кызматтык маяна каралса.
127. Прапорщиктерди прапорщиктер ээлеген кызмат орундарынан төмөн турган кызмат орундарына же контракттык кызматтын жоокерлер жана сержанттар курамындагы кызмат орундарына которуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) уюштуруу-штаттык иш чараларды өткөрүүдө;
2) аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусуна ылайык ден соолугунун абалы боюнча;
3) кесиптик сапаттарына жараша аттестациялык тартипте, ээлеген кызматына ылайык келбегендиги боюнча;
4) Куралдуу Күчтөрдүн Тартип уставына ылайык берилген тартип жазасын ишке ашыруу тартибинде;
5) рапорттун негизинде алардын жеке өтүнүчү боюнча.
128. Прапорщиктерди бир аскердик бөлүктөн экинчисине которуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) жүйөлүү себептер болгондо прапорщиктердин жазуу жүзүндөгү рапорттору боюнча;
2) ден соолугунун абалы боюнча, эгерде ээлеген кызмат орду боюнча милдеттерди аткаруу же ушул жерде кызмат өтөө аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусу боюнча аскер кызматчысына каршы көрсөтүлсө;
3) үй-бүлөлүк абалы боюнча, аскер кызматчысынын кызмат өтөгөн жери аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусу боюнча үй-бүлө мүчөлөрүнүн жашап туруусуна каршы көрсөтүлсө. Ушул максатта медициналык күбөлөндүрүүгө жибериле турган үй-бүлө мүчөлөрүнө аялы (күйөөсү), жашы жете элек балдары, аскер кызматчысынын багуусунда турган жашы жеткен окуган балдары, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелүү жашы жете элек балдары, жашы жеткен I же II топтогу майып балдары, аскер кызматчысынын же аскер кызматчысынын аялынын (күйөөсүнүн) бирге жашаган улгайган ата-энеси кирет;
4) кызмат орду боюнча адистигине ылайык бош кызмат орду жок болгондо уюштуруу-штаттык иш чараларын өткөрүүгө байланыштуу.
129. Кызматтын кызыкчылыгында прапорщиктерди которууда, алар эреже катары, ээ болгон адистигине жана аскердик кызматтагы практикалык тажрыйбасына ылайык тең кызмат орундарына дайындалышы керек. Тең кызмат орундары жок болгон учурларда прапорщиктер, алардын макулдугу боюнча төмөн турган кызмат орундарына, анын ичинде контракттык кызматтын жоокердик жана сержанттык курамдагы кызмат орундарына дайындалышы мүмкүн.
Башкаруу органынын, аскердик бөлүктүн (мекеменин) штатынын номери өзөрүлсө (кайра басылып чыкса), прапорщиктерди кайра дайындоо жүргүзүлбөйт.
130. Аскердик бөлүктөрдү түзүү, жайылтуу жана башка жерге кайра жайгаштыруу менен байланыштуу жана башка кызматтык зарылчылык учурларда прапорщик кызмат орундарында турган адамдарды которуу ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин чечимдери менен жүргүзүлүшү мүмкүн.
131. Прапорщикти которуу жөнүндө буйруктан көчүрмө (жазуу түрүндөгү кабарлоо) аскердик бөлүккө келип түшкөндө, ишти жана кызмат ордун өткөрүп берүү мөөнөтү, ошондой эле ишти жана кызмат ордун кабыл алуучу кызмат адамы бөлүктүн командири (мекеменин башчысы) тарабынан аныкталат.
132. Ыйгарым укуктуу органдарда аскердик кызматты өтөп жаткан прапорщиктер мындан ары аскердик кызматты өтөө үчүн бир органдан башка органга которулушу мүмкүн.
133. Которуу жеке тартипте жана прапорщиктердин макулдугу менен жүргүзүлөт.
Прапорщик кызмат орундарында турган адамдарды которуу ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин тийиштүү орун басарларынын ортосундагы өз ара макулдашуу боюнча жүргүзүлөт жана ушул кызмат адамдарынын буйруктары менен таризделет.
Бир органдан башка органга которууда прапорщиктер мурдагы кызмат өтөгөн орду боюнча өздүк курамдын тизмесинен чыгарылат жана жаңы кызмат өтөө орду боюнча өздүк курамдын тизмесине киргизилет.
Мында ушундай аскер кызматчысы түзгөн контракттын шарттары бардык ыйгарым укуктуу органдарда таанылат.
16-глава. Прапорщиктерди аттестациялоо
134. Прапорщиктерди туура тандоону, жайгаштырууну жана тарбиялоону камсыз кылуу максатында, аларды аттестациялоо жүргүзүлөт.
Прапорщиктерди аттестациялоонун мезгилдүүлүгү, конкреттүү мөөнөттөрү жана өткөрүү тартиби ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин буйруктары менен аныкталат.
135. Аттестациялоодо ар бир прапорщиктин кесиптик, моралдык жана иш сапаттарына объективдүү баа берилет, ээлеген кызмат ордуна ылайыктыгы жана аны кызматка пайдалануунун келечеги аныкталат.
136. Аттестациялоону өткөрүү жана ал боюнча корутундуларды чыгаруу үчүн кошуундарда, бөлүктөрдө жана мекемелерде туруктуу иштеген аттестациялык комиссия түзүлөт, анын курамы командирдин (башчынын) буйругу менен аныкталат.
137. Прапорщиктер аттестацияда белгиленген кемчиликтерди жоюуга милдеттүү. Түздөн-түз башчылар алардан кемчиликтерди жоюуну талап кылышы керек жана аларга жардам көрсөтүү менен аттестациялоодон кийинки кызматты эске алып, аттестациянын жыйынтыктарын ишке ашырууну камсыздоосу керек.
17-глава. Куралдуу Күчтөрдүн запасында туруу
138. Куралдуу Күчтөрдүн офицердик курамынын запасы төмөнкүлөрдөн түзүлөт:
1) аскердик кызматтан бошотулган жана запаска кирген кенже, улук жана жогорку офицердик курамдардын офицерлеринен;
2) мөөнөттүү аскердик кызматты өтөгөн, запаска бошонууда белгиленген экзамендерди тапшыргандан кийин запас боюнча офицердик курамдын лейтенант биринчи аскердик наамын алышкан жогорку билими бар жоокерлердин жана сержанттардын курамынан;
3) жарандык жогорку окуу жайларында запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик даярдоонун толук курсун өткөн, белгиленген экзамендерди тапшырган, аскердик окуу жыйындарын өткөн жана запас боюнча офицердик курамдын биринчи аскердик наамын алган адамдардан;
4) запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резервдин жыйындарын өткөн, запас боюнча офицердик курамдын биринчи аскердик наамын алган жогорку билими бар аскерге милдеттүүлөрдөн;
5) мөөнөттүү аскердик кызматты же контракт боюнча кызматты өтөгөн, жогорку билимге ээ жана запастагы офицерлерди даярдоо боюнча аскердик окуу жыйындарын өткөндөн жана белгиленген экзамендерди тапшыргандан кийин запас боюнча биринчи офицердик наам алган аскерге милдеттүүлөрдөн.
Прапорщиктердин запасы аскердик кызматтан бошотулуп жаткан жана запаска киргизилген прапорщиктерден түзүлөт.
Запас боюнча прапорщиктердин аскердик наамдары ыйгарылбайт.
139. Куралдуу Күчтөрдү комплекттөө үчүн дайындалган аскерге милдеттүүлөр окуу, текшерүүчү жана атайын аскердик жыйындарга чакырылышат.
Аскердик жыйындардын мезгилинде аскерге милдеттүүлөрдүн ээлеген кызмат орундары жана жумуш орундары сакталат.
Запастагы офицерлер окуу аскердик жыйындардын ортосундагы аралыкта он беш күнгө чейинки мөөнөткө текшерүүчү аскердик жыйындарга тартылышы мүмкүн.
Запастагы офицерлер бир айга чейинки мөөнөткө аскердик жыйындарга беш жылда бир жолу чакырылышы мүмкүн.
140. Атайын аскердик жыйындар төрт айга чейинки узактыкта өткөрүлөт.
141. Запаста болгон мезгилде жыйындардын жалпы мөөнөтү он сегиз айдан ашпашы керек. Мында аскердик окуу жыйындарында болуунун жалпы мөөнөтүнө текшерүүчү аскердик жыйындарда болгон мөөнөтү да кирет.
142. Офицердик курамдын аскердик наамдары алардын аскердик же атайын даярдыгын жана ушул главада каралган башка шарттарды эске алуу менен офицердик курамга аттестацияланган адамдарга запас боюнча ыйгарылат.
143. Запас боюнча офицердик курамдын “кенже лейтенант” биринчи аскердик наамы төмөнкүлөргө ыйгарылат:
1) жарандык жогорку окуу жайларда запастагы офицерлердин программасы боюнча аскердик даярдыктын толук курсун өткөн жана жарандык жогорку окуу жайларын аяктагандан кийин белгиленген экзамендерди тапшырган адамдарга;
2) мөөнөттүү аскердик кызматты же контракт боюнча аскердик кызматты өтөгөн, жогорку окуу жайларын аяктаган, запаста турган мезгилде запастагы офицерлерди даярдоо боюнча аскердик окуу жыйындарын өткөн жана белгиленген экзамендерди тапшырган аскерге милдеттүүлөргө;
3) запастагы офицерлерди даярдоо программасы боюнча мобилизациялык резервдин жыйындарын өткөн жогорку билими бар аскерге милдеттүүлөргө.
144. Запас боюнча офицердик курамдын “лейтенант” аскердик наамы төмөнкүлөргө ыйгарылат:
1) түздөн-түз аскердик-окуу жайын аяктагандан кийин аскердик кызматтан бошотулуучу курсанттарга:
– тынч убакта катардан тышкаркы аскердик кызматка жарактуу, согуш мезгилинде чектөөлөр менен жарактуу, согуш убагында биринчи даражадагы чектөөлөр менен жарактуу же тынч убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында экинчи даражадагы чектөөлөр менен жарактуу деп таануу жөнүндө аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусуна байланыштуу ден соолугунун абалы боюнча;
– үй-бүлөлүк жагдайлар боюнча;
– аскердик кызматта калтырбастан жарандык министрликтерге жана ведомстволорго иштөөгө иш сапарга жиберүүгө байланыштуу;
– уюштуруу-штаттык иш чараларга байланыштуу, аскердик кызматта пайдалануу мүмкүн болбогон учурда;
2) жогорку билимге ээ болгон жана мөөнөттүү аскердик кызматтын мөөнөтү аяктаганда запастагы офицерлерди даярдоо боюнча жыйындарды өткөн жана белгиленген экзамендерди тапшырган мөөнөттүү аскердик кызматтын аскер кызматчыларына.
145. Запас боюнча кезектеги аскердик наамдар коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйруктары менен, ал эми улуттук коопсуздук камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын запастагы офицерлерине – аталган органдын жетекчисинин буйругу менен ыйгарылат.
146. Запастагы офицерлер үчүн офицердик курамдын аскердик наамдарында кызмат өтөө жылдарынын төмөнкүдөй мөөнөттөрү белгиленет:
1) кенже лейтенант наамында – 3 жыл;
2) лейтенант наамында – 4 жыл;
3) улук лейтенант наамында – 5 жыл;
4) капитан наамында – 6 жыл;
5) майор наамында – 7 жыл;
6) подполковник наамында – 8 жыл.
Запастагы офицерге ыйгарылган аскердик наамда кызмат өтөө жылдарынын мөөнөтү бул наамды ыйгаруу жөнүндө буйрукка кол коюлган күндөн баштап эсептелет.
147. Запастагы офицерлерге офицердик курамдын кезектеги кенже жана улук наамдары мурдагы наамынын кызмат өтөө жылдарынын белгиленген мөөнөтү бүткөндө, аларды аттестациялоонун жыйынтыгы оң болгондо жана алардын аскердик-каттоо адистигине жакын адистик боюнча тиешелүү иш тажрыйбасы же мобилизациялоодо аскердик кызматка чакыруу учурунда алар дайындалган милдеттерди аткаруу үчүн кызмат орундарын эске алуу менен аскердик кызматтагы офицердик курамдын кызмат орундарында тажрыйбасы бар болгондо жана ал боюнча командада бир жылдан кем эмес турганда ыйгарылат.
148. Запастагы офицерлерге офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары ырааттуу тартипте ыйгарылат.
Аскердик кызматка колдонулуучу адистик боюнча жогорку кесиптик даярдыкка жана олуттуу иш тажрыйбасына ээ запастагы офицерлерге согуш убагында кызмат ордуна алдын ала дайындоодо ушул Жобонун 146-пунктунда каралган мурда ыйгарылган аскердик наамда кызмат өтөө мөөнөтүнүн жарымынан кем эмеси өткөндөн кийин алдын ала дайындоо боюнча кызмат ордунун штаттык категориясы ыйгарылуучу аскердик наамга шайкеш келген, ал боюнча командада бир жылдан кем эмес болгон шартта кезектеги офицердик наам (полковникке чейин жана кошкондо) мөөнөтүнөн мурда ыйгарылышы мүмкүн.
Мөөнөтүнөн мурда кезектеги аскердик наам эки жолудан көп эмес ыйгарылышы мүмкүн.

149. Отставкадагы офицерлерге офицердик курамдын кезектеги аскердик наамдары ыйгарылбайт.
150. Калк менен коргоо-массалык иштерге жигердүү катышып жаткан Улуу Ата Мекендик согушка катышкан отставкадагы офицерлерге коргоо маселелерин тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан, эрежеден тышкары жана сыйлоо иретинде, отставкада болуу мезгилинде полковникке чейин жана кошо алганда кезектеги аскердик наам бир жолудан ашык эмес ыйгарылышы мүмкүн.
Отставкадагы офицерлер аскердик форма кийимин кийүү укугунан ажыратылышы, кийин ушундай укукту кайрадан алышы мүмкүн.
151. Запаста турган адамдар кадыр-баркты кетирүүчү жосундарды жасаганда, аскердик комиссариатка караштуу комиссиянын пикирин эске алуу менен аскердик форма кийимин кийүү укугунан ажыратылышы мүмкүн.
152. Аскердик форма кийимин кийүү укугунан ажыратылган запаста турган адамдар кемчиликсиз жүрүм-турумунда аскердик комиссариатка караштуу аскердик комиссиянын пикирин эске алуу менен аскердик форма кийимин кийүү укугу калыбына келиши мүмкүн, бирок бир жылдан эрте эмес.
153. Запаста турган адамдар Мекенди коргоого дайым даяр болууга, өзүнүн аскердик даярдыгын тырышчаактык менен жогорулатууга, жогорку офицердик наамын эмгеги жана үлгүлүү жүрүм-туруму менен актоого, калк менен, өзгөчө чакырылууга чейинки жана чакырылуучу курактагы жаштар менен коргоо-массалык иштерге активдүү катышууга милдеттүү.
154. Отставкадагы офицерлер өздөрүнүн күчүнө жана мүмкүнчүлүктөрүнө жараша коомдук-пайдалуу ишти улантышы, калкты патриоттуулукка тарбиялоо боюнча иш жүргүзүшү мүмкүн.
18-глава. Ар жылдык өргүү
155. Аскер кызматчыларына жалпы кызмат өтөө жылдарынын мөөнөтүнө, алардын аскердик кызматынын өзгөчөлүктөрүнө жана шарттарына жараша (өргүүнү өткөрүүчү жерге баруу жана кайра кайтуу үчүн керектүү убакытты эсепке албастан) төмөнкүдөй узактыктагы ар жылдык өргүүлөр белгиленет:
1) ар жылдык өргүүлөр, алардын узактыгы аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамдар менен аныкталат;
2) учуу иштеринде жүргөндөргө – 50 сутка. Милдеттерди аткаруусу ушул офицерлерге 50 сутка узактыктагы ар жылдык өргүү берүүгө укук берген кызмат орундарынын тизмеги Кыргыз Республикасынын коргоо, ички иштер, Жарандык коргоо жаатында жана улуттук коопсуздук чөйрөсүндөгү маселелерди тескеген ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдарынын жетекчилеринин буйруктары менен аныкталат;
3) кызмат өтөө мөөнөтү белгиленген, климаттык шарттары оор жерлерде кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары үчүн – 50 сутка, Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети бекиткен Кыргыз Республикасынын бийик тоолуу, алыскы жана жетүүгө кыйын зоналарында жайгашкан калктуу конуштардын тизмектерине ылайык;
4) аскердик кеңешчилер, байкоочулар, өкүлдөр, адистер жана башка кызматкерлер катары чет өлкөлүк иштерде жүргөндөргө – алар иш сапарына жиберилген мекемелердин кызматкерлери үчүн белгиленген узактыкта.
156. Ар жылдык өргүүлөрдүн башка узактыгы белгиленген аскердик бөлүккө (мекемеге) дайындоого чейин, кезектеги өргүүсүн колдонбогон аскер кызматчыларынын ар жылдык өргүүсүнүн узактыгы мурдагы жана жаңы кызмат өтөгөн жери боюнча учурдагы жылдын кызмат убактысына пропорционалдуу аныкталат.
Аскер кызматчысына учурдагы жылда өргүүсүнүн мөөнөтүн көбөйтүүгө укук берген календардык кызмат өтөө жылдарынын мөөнөтү келгенге чейин өргүүсүнүн бир бөлүгүн колдонгон учурда, кошумча күндөр берилбейт.
157. Аскердик кызматка аныктаган (чакырылган) жылдагы ар жылдык өргүүнүн узактыгы болгон кызмат өтөө жылдарынын, кызматтын өзгөчөлүктөрүн жана шарттарын эске алуу менен календардык жылдын аягына чейин кызматтын ар бир толук айы үчүн эки жарым күн эсебинде кызмат өтөгөн убакытка пропорционалдуу эсептелет. Аскер кызматчысынын каалоосу боюнча мындай өргүү кийинки жыл үчүн ар жылдык өргүүгө кошулушу мүмкүн.
Кызмат өтөгөн убактысына пропорционалдуу ар жылдык жана кошумча өргүүлөрдү берүүдө алардын узактыгы ар бир көрсөтүлгөн өргүүнүн толук өлчөмүн 12ге бөлүү жана кызматтын толук айларынын санына көбөйтүү жолу менен аныкталат.
158. Аскер кызматчыларына ар жылдык өргүү өргүүлөрдү колдонуу мезгилдеринин алмашуу зарылчылыгын, аскердик бөлүктөрдүн (мекемелердин) дайыма күжүрмөн даярдыгынын камсыздалышын эске алуу менен, ар жылдык өргүүлөрдүн пландарына ылайык календардык жылдын ичинде берилет.
Аскер кызматчыларына өргүү толук түрдө же бөлүнүп берилиши мүмкүн.
Аскердик байкоочулар, кеңешчилер, адистер жана башка кызматкерлер катары чет өлкөдө иштеп жүргөн аскер кызматчыларына чет өлкөдө жүргөн убакытта кезектеги ар жылдык өргүүлөрдү бириктирүүгө уруксат берилет. Алар тарабынан колдонулбаган өргүүлөр Кыргыз Республикасына кайтып келгенде берилет.
159. Өргүүлөрдүн узактыгы суткалар менен эсептелет. Өргүүлөрдүн узактыгын аныктоодо мыйзамдар менен жумуш күндөр эмес деп белгиленген жалпы мамлекеттик майрамдар эске алынбайт.
Өргүүнүн узактыгын аныктоодо өргүү өткөрүү жерине барган жана келген жолдун, анын ичинде офицерди өргүүдөн чакырган убактысы эсептелбейт.
Мында, өргүү өткөрүү жерине барган жана келген жолдун убактысы жылына үч суткадан ашпашы керек.
Мамлекеттик майрамдарга байланыштуу күндөрдү жылдырууда бул күндөр ар жылдык өргүүгө кошулат.
160. Аскер кызматчылары өзгөчө кызматтык зарылчылыктан (өзгөчө жана/же согуштук абал, кризистик кырдаал, өзгөчө кырдаалдардын кесепеттерин жоюуга катышуу зарылчылыгы, козголоң, машыгууларды, операцияларды өткөрүү, кызматтык иш сапарлар) тышкары өргүүдөн чакыртылбайт. Мындай учурда алар төмөнкүлөрдүн чечими боюнча өргүүдөн чакыртылышы мүмкүн:
1) офицердик курам – ыйгарым укуктуу органдын жетекчисинини орун басарынын;
2) прапорщиктер – өргүүнү берген командирдин (башчынын) жана ага тең кызмат адамдарынын.
Ушуга байланыштуу өргүүнүн пайдаланылбаган бөлүгү аскер кызматчысына ошол календардык жылдын ичинде башка убакта берилиши же кийинки жыл үчүн өргүүгө кошулушу керек. Ар жылдык өргүү (анын пайдаланылбаган бөлүгү) берилбеген учурда аскер кызматчысы өргүүгө чыкпаган бардык жылдары үчүн аны пайдалануу укугун жоготпойт.
Ар жылдык өргүү убагында ооруп калган жана стационардык же амбулатордук дарылануудан өткөн аскер кызматчыларына, кызмат өтөгөн жери боюнча аскердик-медициналык бөлүкчө менен макулдашылган дарылоо мекемесинен маалымкаты бар болсо, ар жылдык өргүүсү дарылануу мөөнөтүнө узартылат.
161. Жүйөлүү себептерсиз кызматка келбей калган аскер кызматчыларына зыяндуу шарттарда милдеттерди аткаргандыгы үчүн же кызматтын өзгөчө мүнөзү үчүн учурдагы жылга же кийинки жылга берилүүчү ар жылдык өргүү жана кошумча өргүү келбеген күндөрдүн санына азайтылат. Мында ар жылдык өргүү 20 суткадан аз болбошу керек.
162. Оорусуна байланыштуу аскер кызматчысына өткөн жыл үчүн кезектеги жана/же кошумча өргүүлөр берилбей калган учурда, өргүү кийинки жылдын биринчи кварталында берилет.
163. Аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчы жубайларга кезектеги өргүү алардын каалоосу боюнча бир убакта берилет.
164. Зыяндуу шарттарда милдеттерди аткаруу үчүн кошумча өргүү жеңилдик болуп саналат жана аскер кызматчыларына оорулардын алдын алуу максатында берилет. Зыяндуу шарттарда милдеттерди аткаруу үчүн кошумча өргүү алуу укугуна кызматтык милдеттерди аткаруу адамдын ден соолугуна зыяндуу физикалык, химиялык, биологиялык жана башка факторлордун жагымсыз таасири менен байланышкан аскер кызматчылары ээ болот.
165. Зыяндуу шарттарда милдеттерди аткаруу үчүн кошумча өргүүнүн узактыгы, Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген эмгектин зыяндуу жана оор шарттарында иштөө үчүн кошумча өргүүлөрдүн узактыгына ылайык аныкталат.
166. Зыяндуу шарттарда милдеттерди аткарганы үчүн аскер кызматчыларына кошумча өргүүнү берүү тартиби жана шарттары, ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин буйруктары менен белгиленет.
19-глава. Оорусу боюнча өргүүлөр
167. Оорусу боюнча өргүүлөр, дарылоо мекемесинде дарылануусу аяктагандан кийин ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматтын милдеттерин аткара албаган аскер кызматчыларына аскердик-дарыгердик комиссиянын токтомунун негизинде берилет.
Оорусу боюнча өргүүлөр 30 суткага чейинки узактыкта берилет. Айрым учурларда (жаракаттарда, контузияларда, мертинүүдө жана алардын мүнөздөмөсүнө жараша ооруларда) оорусу боюнча өргүү 60 суткага чейинки узактыкта берилет. Медициналык көрсөтмөлөр болгондо оорусу боюнча өргүү узартылышы мүмкүн, бирок 30 суткадан ашык эмес.
Дарыланууда үзгүлтүксүз жүрүүнүн жана оорусу боюнча өргүүнүн төрт айы аяктаганда, аскер кызматчылары аскердик-дарыгердик комиссиянын күбөлөндүрүүсүнөн өтүүгө тийиш (алардын аскердик кызматка жарактуулугу жөнүндө маселени чечүү үчүн).
Зарыл учурда аскер кызматчысынын үзгүлтүксүз дарыланууда болуу мөөнөтүн узартуу же аскердик кызматка жарактуулугун аныктоо үчүн аны аскердик-дарыгердик комиссияда медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө чечим тиешелүү кызмат адамы тарабынан Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат (тынчтык жана согуш убагында) каралган мамлекеттик органдарында медициналык күбөлөндүрүү жөнүндө жобого ылайык кабыл алынат.
Аскер кызматчылары оорусуна байланыштуу, кызмат өтөгөн жери боюнча аскердик-медициналык бөлүкчөнүн (же аскердик-медициналык бөлүкчө жок болгон учурда жарандык медициналык мекеменин) маалымкатынын негизинде аскердик бөлүктүн (мекеменин) командирлеринин (башчыларынын) чечими менен кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулушу мүмкүн.
168. Күжүрмөн аракеттерге катышууда, башка күжүрмөн тапшырмаларды же аскердик кызматтын башка милдеттерин аткарууда мертинген (жарадар, жаракат, контузия алган) аскер кызматчыларынын аскердик кызматка жарактуулугу жөнүндө медициналык күбөлөндүрүү стационардык дарылоо аяктагандан кийин анын узактыгына карабастан жүргүзүлөт.
169. Аскер кызматчылары аскердик кызматтан бошотулганда оорусу боюнча өргүү берилбейт.
Оорусу боюнча өргүү ар жылдык өргүүнүн эсебине кирбейт.
20-глава. Кыска мөөнөттүү өргүүлөр
170. Чечилишин кийинкиге жылдырууга болбогон үй-бүлөлүк шарттарга (жакын туугандарынын оорусу же каза болуусу, аскер кызматчысынын үйлөнүүсү жана башка ушу сыяктуу шартка) байланыштуу командирлер (башчылар) узактыгы 10 суткага чейинки кыска мөөнөттүү өргүүлөрдү берүүгө укуктуу.
Эгерде аскер кызматчысынын мурдагы жылдарда ар жылдык өргүүсүнүн колдонулбаган күндөрү бар болсо, үй-бүлөлүк шарттарына байланыштуу кыска мөөнөттүү өргүүлөр ар жылдык өргүүсүн колдонгондон кийин гана берилет.
171. Кыска мөөнөттүү өргүүлөр учурдагы жылдын ар жылдык өргүүсүнүн эсебине кирбейт.
21-глава. Каникулдук өргүүлөр
172. Окутуунун күндүзгү формасы боюнча аскердик окуу жайларында окуган аскер кызматчыларына төмөнкүдөй өргүүлөр берилет:
1) аскердик окуу жайынын программасы менен белгиленген узактыктагы кышкы (жайкы) каникулдук өргүү;
2) аскер кызматчыларынын статусу жөнүндө мыйзамдарда белгиленген узактыктагы, аскердик окуу жайды бүтүрүүсүнө байланыштуу өргүү.
173. Аскердик окуу жайларында окуган, окууда карызы бар аскер кызматчыларына каникулдук өргүүлөр, карыздарды жойгондон кийин окуу программаларында белгиленген өргүүлөрдү өткөрүү мөөнөтүнүн чегинде берилет. Мында жайкы каникулдук өргүүнүн узактыгы 15 суткадан кем эмес берилет.
174. Аскердик окуу жайды бүтүрүүгө байланышкан өргүү ар жылдык өргүүнүн эсебине кирет жана кызмат өтөө ордуна келгенден кийин берилет.
22-глава. Окуу өргүүлөрү
175. Жарандык окуу жайларында аралыктан (сырттан) окуу формасы боюнча аскердик-каттоо адистигине жакын адистик боюнча окуган аскер кызматчыларына, эгерде аскердик бөлүктүн (мекеменин) командири (башчысы) окуу жайга тапшырууга жазуу жүзүндө мурда уруксат берген болсо (уруксаты менен тиешелүү рапорт аскер кызматчысынын өздүк делосуна тиркелет), окуу өргүүлөрү берилет. Окуу өргүүлөрү окуу жайдын маалымкатынын негизинде берилет.
176. Окуу өргүүсү ар жылдык өргүүнүн эсебине кирбейт.
23-глава. Чыгармачылык өргүүлөр
177. Чыгармачылык өргүүлөр күндүзгү адъюнктураларда окугандардан же аскердик докторантураларда даярдоодон өтүп жаткандардан тышкары аскер кызматчыларына диссертациялык иштерди бүтүрүү, окуу китептерин жазуу үчүн жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган башка учурларда берилет.
178. Чыгармачылык өргүүлөрдүн узактыгы, берүү жана акы төлөө шарттары Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында аныкталган тартипте белгиленет.
24-глава. Эне болууга жана балдарды кароого
байланыштуу өргүүлөр
179. Аял-аскер кызматчыларына эне болууга байланыштуу төмөнкүдөй өргүүлөр берилет:
1) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө акчалай жана натуралай үлүшүн сактоо менен кош бойлуулук жана төрөт боюнча;
2) Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында белгиленген мөөнөттөрдө акчалай үлүшүн сактабастан баланы өз каалоосу менен багуу боюнча.
Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү жылдык өргүүнүн эсебине кошулбайт. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүүнүн алдында же андан кийин аял-аскер кызматчыларына учурдагы жыл үчүн жылдык өргүү берилет.
180. Кош бойлуулук жана төрөт боюнча өргүү аял-аскер кызматчыларынын рапортунун жана тиешелүү медициналык мекемелердин маалымкаттарынын негизинде берилет.
181. Бала үч жашка толгонго чейин аны багуу боюнча өргүү аял-аскер кызматчыларына алардын каалоосу боюнча толугу менен же бөлүп берилиши мүмкүн. Мындан тышкары, бул өргүү баланы энеси жок тарбиялап жаткан (ал каза болгондо, ата-энелик укуктарынан ажыратылганда, дарылоо мекемесинде көптөн бери дарыланып жатканда жана балдар жөнүндө энелик камкордугу жок башка учурларда) баланы иш жүзүндө багып жаткан аскер кызматчысы-атасына (камкорчуга, көзөмөлчүгө) берилиши мүмкүн.
Аскер кызматчылары баланы багуу боюнча өргүүнүн мөөнөтү аяктаганга чейин кызматтык милдеттерин аткарууга киришүүгө укуктуу.
182. Кош бойлуулук жана төрөт, бала багуу боюнча өргүү убактысы аскердик наамдарда иштеген жылдарынын мөөнөтүнө, иштеген жылдары үчүн үстөктөрдү, бийик тоолуу жерлерде үзгүлтүксүз кызмат өтөгөндүгү үчүн үстөктөрдү төлөө үчүн иштеген жылдарына, ошондой эле пенсия чектөө үчүн иштеген жылдарына эсептелет.
183. Баланы (балдарды) асырап алган аскер кызматчыларына Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарына ылайык бала багуу боюнча өргүү берилет.
184. Бала багуу боюнча өргүү аяктаган жылдагы ар жылдык өргүү ошол өргүү аяктаган күндөн тартып календардык жылдын аягына чейин кызматтын ар бир толук айы үчүн ар жылдык өргүүнүн эки жарым күнү эсебинде эсептелет.
185. Аскер кызматчылары оорулуу баланы багуу үчүн тиешелүү медициналык мекемелердин маалымкаттарынын негизинде кызматтык милдеттерин аткаруудан бошотулушу мүмкүн, бошотуу мезгилинин узактыгы жана тартиби Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдары менен белгиленет.
186. Аскер кызматчылары бала багуу боюнча өргүүдө болгон учурда Кыргыз Республикасынын эмгек мыйзамдарында каралган тартипте алар менен ушул мезгилге мөөнөттүү эмгек келишимдерин түзүү менен тиешелүү адистиктеги жарандык персоналды алардын кызмат ордуна ишке кабыл алууга уруксат берилет. Мындай мөөнөттүү келишимди түзүү жөнүндө арызда жана жумушка алуу буйругунда көрсөтүлүүгө тийиш.
Жумушка кабыл алуу дайындоо номенклатурасына ылайык аскер кызматчыларын кызмат ордуна дайындоо боюнча ыйгарым укуктар берилген кызмат адамдарынын буйруктары менен жүзөгө ашырылат.
Карамагында турган аскер кызматчыларына бала багуу боюнча өргүү бүткөн жылы ар жылдык өргүү ушул өргүү бүткөн күндөн тартып календардык жылдын аягына чейин кызмат өтөгөн убактысына кызмат өтөгөн ар бир ай үчүн ар жылдык өргүүнүн эки жарым күнү эсебинде пропорциялуу берилет.
Бала багуу боюнча өргүүдө болгондугуна байланыштуу карамагында турган аскер кызматчылары аскердик кызматтан бошотулган учурда өргүү баланы багуу боюнча өргүү аяктаган күндөн тартып бошотуу жөнүндө буйрук чыкканга чейин кызматтын ар бир толук айы үчүн ар жылдык өргүүнүн эки жарым күнү эсебинде бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен кийин чыгарылат.
25-глава. Аскердик кызматтан бошотуу
187. Аскердик кызматты контракт боюнча өтөп жаткан аскер кызматчылары Мыйзамдын 31 жана 311-беренелерине жана ушул Жобого ылайык аскердик кызматтан запаска бошотулат:
1) курагы боюнча – ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча аскердик кызматта болуунун чектүү курагына жеткенде;
2) пенсияга укук берген кызматтын мөөнөтү боюнча – кызмат өтөө мөөнөтү үчүн пенсия укугуна ээ болгон шартта, кызмат өтөө жылдарынын тиешелүү эсептөөсүнүн жана аскер кызматчысынын жеке рапортунун негизинде;
3) чакыруу же контракт боюнча аскердик кызматтын мөөнөтү бүткөндүгү боюнча – аскер кызматчысынын аскердик кызматты улантууну каалабагандыгына байланыштуу же ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
4) аскердик кызматка жараксыз деп таанылгандыгы жөнүндө аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусуна байланыштуу ден соолугунун абалы боюнча – ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча аскер кызматчысын аскердик кызматка жараксыз деп таанылгандыгы жөнүндө аскердик-дарыгердик комиссиянын корутундусунун негизинде;
5) кызматка ылайык келбегендиги боюнча:
– өзүнүн кызматтык милдеттерин аткарбагандыгы же талаптагыдай эмес аткаргандыгы, анын ичинде тартиптик жоруктарды жасагандыгы үчүн аскер кызматчыларын – аттестациялык тыянактардын натыйжалары боюнча аскердик кызматта андан ары пайдалануунун максатка ылайыксыздыгы жөнүндө командачылыктын чечими, ал эми аттестация аралык мезгилде кызматтык мүнөздөмөсүн жана офицердик жыйналыштын пикирин (офицердик курамдын адамдары үчүн) же аскер кызматчыларынын жалпы жыйналышынын (прапорщиктер үчүн) өтүнүчүн эске алуу менен (Чек ара кызматында – кызматтык иликтөөнүн корутундусунун негизинде Чек ара кызматынын жетекчисинин чечими боюнча, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан дайындалуучу тизмеге кирген кызматтардан тышкары);
– жогорку аскердик окуу жайлардын курсанттарын – окууну каалабагандыгы,жетишпегендиги, тартипсиздиги боюнча аскердик-окуу жайларынан чыгарылгандыгына жана контракт боюнча аскердик кызматты өтөөдөн баш тарткандыгына байланыштуу;
6) дискредитация боюнча:
– ведомствонун беделине жана кадыр-баркына шек келтирген иш-аракеттерди жасагандыгы, офицердин же прапорщиктин жогорку наамын дискредитациялоочу жоруктарды жасагандыгы үчүн – офицердик жыйналыштын же аскер кызматчыларынын жалпы жыйналышынын чечиминин негизинде, ал эми улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда иштин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен, ошондой эле улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча кызматтык иликтөөнүн корутундусунун негизинде (9-кызматта жана Чек ара кызматында – кызматтык иликтөөнүн корутундусунун негизинде, 9-кызматтын жана Чек ара кызматынын жетекчилеринин чечими боюнча, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан дайындалуучу тизмеге кирген кызматтардан тышкары);
– сот тарабынан (өкүм менен) аскер кызматчысы атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн күнөөлүү деп таанылган, бирок кылмыш жоопкерчилигинен жана жазадан бошотулган, ошондой эле ага карата тергөөчү, прокурор, судья тарабынан атайылап жасалган кылмыштар боюнча кылмыштын курамынын же окуясынын жоктугу менен байланышпаган негиздер боюнча кылмыш иши кыскартылган учурларда;
7) Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген тартипте аскердик наамдан ажыратылгандыгына байланыштуу – ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча, аскердик бөлүккө (мекемеге) келип түшкөн, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде;
8) атайылап кылмыш жасагандыгы үчүн алардын оордугуна жана жазанын түрүнө карабастан, соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргендигине, ошондой эле этиятсыздыктан кылмыш жасалгандыгы үчүн аскер кызматчысына коомдон обочолонтуу менен байланышкан жазаны дайындоо жөнүндө соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргендигине байланыштуу (анын ичинде пробацияны колдонуу менен) – ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча, аскердик бөлүккө (мекемеге) келип түшкөн, мыйзамдуу күчүнө кирген соттун чечиминин негизинде;
9) аскердик окуу жайдан чыгарылгандыгына байланыштуу – аскердик кызматты улантууну каалабаган курсанттар (мөөнөттүү аскердик кызматтын мыйзамда белгиленген мөөнөтүн өтөбөгөн 1-курстун курсанттарынан тышкары);
10) Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготууга байланыштуу – ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча, Кыргыз Республикасынын жарандыгын жоготуу же чет мамлекеттин жарандыгын (букаралыгын) алуу фактысы аныкталганда;
11) ишенимди жоготууга байланыштуу – Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары иштин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча (9-кызматта жана Чек ара кызматында – 9-кызматтын жана Чек ара кызматынын жетекчилеринин чечимдери боюнча, улуттук коопсуздукту камсыздоо чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси ишке ашыруучу дайындоолордун тизмегине кирген кызмат орундарынан тышкары) төмөнкүлөр жөнүндө күбөлөндүргөн кызматтык иликтөөнүн корутундусунун негизинде бошотулушу мүмкүн:
– акчалай жана товардык баалуулуктарды түздөн-түз тейлеген аскер кызматчысы тарабынан күнөөлүү аракеттерди жасоо;
– мыйзамда белгиленген же оперативдүү зарылчылыктан келип чыккан учурлардан тышкары, ишкердик иштин же коммерциялык уюмдардын башкаруу органдарында иштин ар кандай түрлөрү менен алектенүү;
– өзүнүн кызматтык абалын динге карата тигил же бул мамилени пропагандалоо үчүн пайдалануу;
– оперативдүү зарылдыктан келип чыккан учурларды кошпогондо, саясий максаттарды көздөгөн саясий партияларды, коммерциялык эмес жана диний уюмдарды ар кандай формада түзүү, мүчөлүккө, катышуу же мамлекеттик жана муниципалдык бийлик органдарынын кызмат адамдарына көмөктөшүү;
– кесиптик бирликтерге мүчө болуу, иш таштоолорду, митингдерди, манифестацияларды уюштуруу же ага катышуу, ошондой эле мамлекеттик органдардын же жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын иштешине тоскоолдук кылган башка аракеттер;
– оперативдүү зарылдыктан келип чыккан учурларды кошпогондо, ишканаларда, мекемелерде жана уюмдарда айкалыштырып иштөө боюнча иштерге, же болбосо жеке тартипте аскердик бөлүктүн командиринин (мекеменин, уюмдун башчысынын) жазуу жүзүндөгү уруксаты менен илимий, педагогикалык, ойлоп табуучулук, эксперттик ишке байланышкан иштер;
– “кызматтык пайдалануу үчүн” чектөө грифи коюлган документтерди органдын жетекчисинин жазуу жүзүндөгү уруксатысыз ар кандай юридикалык жана жеке жактарга өткөрүп берүү;
– аскер кызматчысына жүктөлгөн милдеттерди аткарууга байланыштуу ага белгилүү болгон мыйзам менен корголуучу сырды (мамлекеттик, аскердик, кызматтык жана башка) ачыкка чыгаруу;
– башка мамлекеттин жарандыгы бар экендигин жашыруу же Кыргыз Республикасынын жарандыгы бар экендиги жөнүндө атайылап жалган маалымат берүү;
– мамлекеттик кызматчынын, ошондой эле анын жакын туугандарынын кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларацияны бербөө же болбосо кирешелери, мүлкү жана милдеттенмелери жөнүндө декларацияда атайылап туура эмес же толук эмес маалыматтарды берүү;
– аскер кызматчысы тарабынан аскердик кызматка кирүүдө жасалма документтерди же атайылап жалган маалыматтарды берүү;
– коррупцияга каршы аракеттенүү жана улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында белгиленген талаптарды жана чектөөлөрдү сактабоо;
– өздөрүнүн жеке кызыкчылыктарына, жакын туугандарынын, ошондой эле алардын багуусунда турган же чогуу жашаган, же жалпы чарбасы бар адамдардын, же алар менен интимдик мамилелерди же мүлктүк милдеттенмелерге негизделген мамилелерди сактап жүргөн адамдардын кызыкчылыктарына тиешелүү маселелерди чечүүдө өздөрүнүн ыйгарым укуктарын пайдалануу:
– коммерциялык эмес же диний уюмдун, саясий партиянын же саясий максаттары бар уюмдардын иши, иш таштоолорду жана башка мыйзамсыз массалык иш-чараларды уюштуруу же аларды өткөрүүгө катышуу;
– террористтик, экстремисттик жана мыйзамсыз диний иштер;
12) мамлекеттик жана муниципалдык кызмат чөйрөсүндөгү, ошондой эле коррупцияга каршы аракеттенүү чөйрөсүндөгү Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында каралган учурларда, анын ичинде:
– аскер кызматчысы жарандык же муниципалдык кызмат ордун ээлөөгө конкурстан ийгиликтүү өткөндө – аскер кызматчысынын жеке билдирүүсүнүн жана тиешелүү ыйгарым укуктуу органдын жазуу жүзүндөгү өтүнүчүнүн негизинде;
– коррупциялык көрүнүштөрдүн фактысы аныкталганда – аталган факт боюнча кызматтык иликтөөнүн материалдарынын негизинде – дискредитация боюнча же ишенимди жоготууга байланыштуу.
Улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органда контракт боюнча аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары иштин өзгөчөлүктөрүн эске алуу менен ушул пункттун 5, 6, 11-пунктчаларында каралган негиздер боюнча кызматтык иликтөөнүн корутундусунун негизинде, аларга карата кылмыш иши козголгондугуна байланыштуу, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин чечими боюнча бошотулушу мүмкүн (9-кызматта жана Чек ара кызматында – 9-кызматтын жана Чек ара кызматынын жетекчисинин чечими боюнча, улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчиси тарабынан жүзөгө ашырылуучу дайындоолордун тизмегине кирген кызмат орундарынан тышкары).

188. Кыргыз Республикасынын Аскер прокуратурасынын органдарында аскердик кызмат өтөп жаткан аскер кызматчылары ушул Жобонун 187-пунктунун 1–12-пунктчаларында көрсөтүлгөндөрдөн тышкары, “Кыргыз Республикасынын прокуратурасы жөнүндө” Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамына ылайык төмөнкү учурларда бошотулат:
1) кызматкер өз каалоосу боюнча жумуштан бошотулганда;
2) кызматкер прокуратура органынын (анын жетекчисинин) демилгеси боюнча бошотулганда;
3) Тараптардын эркине көз каранды болбогон жагдайлар боюнча Аскер прокуратурасынын кызматкери бошотулганда;
4) Аскер прокуратурасынын органдарынын кызматкери отставкага кеткенде.
Аталган адамдарга карата жазык иши реабилитациялоочу негиздер боюнча кыскартылган же соттун мыйзамдуу күчүнө кирген актоо өкүмү чыгарылган учурда алар белгиленген тартипте калыбына келтирилет.

26-глава. Аскердик кызматтан мөөнөтүнөн
мурда бошотуу
189. Контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылары Мыйзамга ылайык төмөнкү учурларда аскердик кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулушу мүмкүн:
1) аскердик кызматты өтөө жөнүндө контракттын же болбосо окууга контракттын шарттарын аткарбаса – ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча, кызматтык териштирүүнүн материалдарынын негизинде, аскер кызматчысы контракттын шарттарын аткарбагандыгы фактысы боюнча, кызматка ылайык келбегендиги боюнча;
2) штаттардын кыскарышы же башка уюштуруу-штаттык иш-чараларга байланыштуу, аскер кызматчысын пайдаланууга мүмкүн болбогон учурда – аскер кызматчысынын жеке рапортунун негизинде же ага сунушталган кызматтардан кезектеги (эки жолудан кем эмес) баш тарткандан кийин ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча.
190. Контракт боюнча аскердик кызматты өтөп жаткан аскер кызматчылары төмөнкү учурларда Мыйзамга ылайык аскердик кызматтан мөөнөтүнөн мурда бошотулууга укуктуу:
1) аскер кызматчысына карата контракттын шарттарын олуттуу бузуу – аскер кызматчысынын рапортунун жана ага карата контракттын шарттарын бузуу фактысы боюнча жүргүзүлгөн кызматтык иликтөөнүн материалдарынын негизинде;
2) үй-бүлөлүк төмөнкү жагдайлардын натыйжасында:
– аскер кызматчысы аскердик кызматты өтөп жаткан жерде медициналык көрсөткүчтөр боюнча аскер кызматчысынын үй-бүлө мүчөсүнүн жашоосу мүмкүн болбогондо жана аскер кызматчысын аскердик кызматтын жаңы ордуна которууга мүмкүндүк болбогондо – мамлекеттик дарылоо мекемелеринен тиешелүү медициналык документтерди берүү менен аскер кызматчысынын жеке рапортунун негизинде;
– үй-бүлөнүн башка жерге көчүү зарылдыгына байланыштуу аскер кызматчысы-жубайынын аскердик кызмат орду өзгөргөндө – аскер кызматчысынын жеке рапортунун негизинде;
– жашаган жери боюнча калкты социалдык коргоо органынын корутундусуна ылайык ден соолугунун абалы боюнча туруктуу багууга (жардамга, көзөмөлгө) муктаж болгон атасын, энесин, аялын, күйөөсүн, бир тууганын, чоң атасын, чоң энесин же асырап алуучуну же болбосо мыйзам боюнча көрсөтүлгөн жарандарды багууга милдеттүү башка адамдар жок болгон учурда I же II топтогу майыптарды же карылыгы боюнча пенсия курагына жеткен же он сегиз жашка чыга элек адамдарды туруктуу багуунун зарылдыгы – калкты социалдык коргоо органынын маалымкатына жана багууга муктаж адамдардын жашаган жери боюнча аскер комиссариатынын комиссиясы тарабынан бекитилген үй-бүлөлүк-мүлктүк абалын текшерүү актысына ылайык аскер кызматчысынын жеке билдирүүсүнүн негизинде;
– аскер кызматчысы энеси (атасы) жок тарбиялап жаткан 18 жашка чыга элек баланы багуу зарылдыгы – аскер кызматчысынын жашаган жери боюнча аскер комиссариатынын комиссиясы тарабынан бекитилген үй-бүлөлүк-мүлктүк абалын текшерүү актысына ылайык аскер кызматчысынын жеке рапортунун негизинде;
3) аскердик-дарыгердик комиссия тарабынан тынчтык убагында саптан тышкары аскердик кызматка жарактуу, согуш убагында аскердик кызматка жарактуу деп таанылган учурда – саптык кызмат менен байланышпаган кызмат ордуна которуу мүмкүн болбогондо же аскер кызматчысынын өздүк рапортунун негизинде;
4) Кыргыз Республикасынын өкүлчүлүктүү органдарына шайланган учурда – шайлангандыгы жөнүндө документтин негизинде ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча;
5) судьянын кызмат ордуна дайындалган же шайланган учурда – шайлангандыгы жөнүндө документтин негизинде ыйгарым укуктуу органдын демилгеси боюнча.
27-глава. Аскер кызматчыларын аскердик кызматтан
бошотууну ишке ашыруу тартиби
191. Офицердик курамдын кызматтарында аскердик кызматты өтөп жаткан адамдар аскердик кызматтан алар аскердик кызматты өтөп жаткан тиешелүү ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин буйруктары менен, Чек ара кызматында – улуттук коопсуздукту камсыз кылуу чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын жетекчисинин буйруктары менен аныкталган тартипте бошотулат.
Прапорщиктердин кызматтарында аскердик кызматты өтөп жаткан адамдар прапорщиктердин кызмат орундарына дайындоо укугу берилген кызмат адамдарынын буйруктары менен аскердик кызматтан бошотулат.
Аскер кызматчысын оң негиздер боюнча (контракттын мөөнөтү аяктагандыгына, аскердик кызматта болуунун чектүү курагына жеткендигине жана тартиптик жоруктарды же жазалануучу жосундарды жасоого байланышпаган башка негиздер боюнча) бошотуу жөнүндө буйрук чыгарган командир (башчы) ырастоочу материалдар болгон учурда аскер кызматчысынын кайрылуусу боюнча мындай өзгөртүүлөр аскер кызматчысынын укуктук абалын начарлатпаган жана Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык келген шартта бошотуунун негизин тактоо бөлүгүндө бошотуу жөнүндө буйрукка өзгөртүүлөрдү киргизүүгө укуктуу.

192. Этиятсыздыктан жасалган кылмышы үчүн аскер кызматчысына (улуттук коопсуздук органын кошпогондо) коомдон обочолонтуу менен байланышпаган жаза дайындоо жөнүндө соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө кирген учурда же болбосо этиятсыздыктан, реабилитацияланбаган негиздер боюнча жасалган кылмышы үчүн аскер кызматчысына карата козголгон кылмыш ишин кыскартуу же ошол эле негиздер боюнча аны кылмыш-жаза жоопкерчилигинен бошотуу жөнүндө соттун чечими чыгарылганда төмөнкү көрсөтүлгөн аскер кызматчыларына карата Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн Тартип уставына ылайык катуу тартиптик таасир этүү чаралары көрүлөт:
1) офицердик курамдагы адамдарга карата – ыйгарым укуктуу органдын жетекчилеринин чечимдери менен;
2) прапорщиктерге карата – ыйгарым укуктуу органдардын жетекчилеринин орун басарларынын чечимдери менен.

193. Бошотулган аскер кызматчыларын бөлүктүн өздүк курамынын тизмесинен чыгаруу кезектеги өргүүнү бергенден кийин жүргүзүлөт.
194. Аскер кызматчылары аскердик кызматтан бошотууга сунушталуудан мурда ден соолугунун абалы боюнча аскердик кызматка жарактуулугунун даражасын аныктоо үчүн алардын өтүнүчү боюнча аскердик-дарыгердик комиссияга медициналык күбөлөндүрүүгө жиберилет, алардын токтомдору бошотуунун негизин аныктоодо эске алынат. Медициналык күбөлөндүрүү амбулаториялык негизде же стационарда бир айдан ашпаган мөөнөттө жүргүзүлүшү мүмкүн.
Аскердик-дарыгердик комиссиядан өтүүдөн баш тартуу аскер кызматчысынын жазуу жүзүндөгү билдирмеси менен таризделет.
195. Улуттук коопсуздук органдарынын аскердик кызматтан бошотулган аскер кызматчылары улуттук коопсуздук органдарында же Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн запасында атайын аскердик каттоодо турат.
196. Аскер кызматчыларын бошотуу төмөнкүдөй жүргүзүлөт:
1) запаска, эгерде аскер кызматчысы запаста туруунун чектүү курагына жетпесе жана ден соолугунун абалы боюнча саптык кызматка жарактуу болсо же согуш убагында биринчи даражадагы чектүү жарактуу же тынчтык убакта аскердик кызматка жараксыз, согуш убагында экинчи даражадагы чектүү жарактуу болсо;
2) отставкага, эгерде аскер кызматчысы запаста туруунун чектүү курагына жетсе же ден соолугунун абалы боюнча аскердик каттоодон чыгаруу менен аскердик кызматка жараксыз деп таанылса;
3) аскер кызматынан, аскер кызматчысына коомдон обочолонтуу менен байланышкан жазаны дайындоо жөнүндө соттун айыптоо өкүмү мыйзамдуу күчүнө киргенде. Бул учурда аскер кызматчылары аскердик каттоого туруу үчүн аскер комиссариаттарына жиберилбейт, алардын өздүк делолору алар аскердик кызматты өтөгөн аскердик бөлүктүн (мекеменин) кадрдык органында сакталат. Белгиленген жазаны өтөгөндөн кийин мындай адамдар тандаган жашаган жери боюнча аскер комиссариатына келишет, ал аскердик бөлүктүн (мекеменин) дарегине аскердик каттоону жүргүзүү үчүн өздүк делону жиберүү жөнүндө суроо жиберет.
|
|
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызмат өтөө (запаста болуу) тартиби жөнүндө жобого 1-тиркеме
|
Аскердик кызматты өтөө жөнүндө контракттын типтүү формасы
Аскердик кызматты өтөө жөнүндө
контракт
_______________________________________________________ (аскер кызматчысынын аскердик наамы, фамилиясы, аты жана атасынын аты) ___________________________________________________________
туулган күнү, айы, жылы), (паспорту: сериясы ____№_______ ____________________________________________________________
20__-жылдын “____” _____________ берилген)
мындан ары “аскер кызматчысы” деп аталуучу бир тараптан өз ыктыяры менен ______________________________________________
(кызмат адамынын кызмат орду, аскердик наамы, фамилиясы, инициалдары)
атынан мындан ары “Ведомство” деп аталуучу экинчи тараптан
____________________________________________________________
(мамлекеттик органдын аталышы)
ушул контрактты түзүштү.
1. Аскер кызматчысы өз ыктыяры менен төмөнкүлөргө милдеттенет:
– аскердик антка бекем болууга, өз элине жан аябастан кызмат кылууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого;
– ушул контрактта белгиленген мөөнөттүн ичинде аскердик кызматты өтөө тартиби жөнүндө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген шарттарда жана тартипте контракт боюнча аскердик кызматты _____________________________________________ өтөөгө;
(мамлекеттик органдын аталышы)
– аскер кызматчысынын жогорку наамын татыктуу алып жүрүүгө, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн ар-намысын жана күжүрмөн даңкын баалоого;
– Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн уставдарынын талаптарын катуу жана так аткарууга;
– контракт боюнча аскердик кызматты өтөө мезгилинде Кыргыз Республикасынын мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген аскер кызматчыларынын бардык жалпы, кызматтык жана атайын милдеттерин ак ниеттүүлүк менен аткарууга, аскердик анттын, аскердик кызмат жөнүндө мыйзамдардын жана аскердик кызмат жаатындагы Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларынын талаптарын аткарууга;
– укук бузуу жасалганда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык юридикалык жоопкерчиликтин бардык түрлөрүн тартууга;
– аскердик тартипти сактоого, башчылардын буйруктарын, тескемелерин жана талаптарын аткарууга;
– жашыруун документтер (маалыматтар) менен иштөөнүн белгиленген тартибин сактоого, аскер кызматын өтөөнүн жүрүшүндө маалым болгон бардык маалыматтарды “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык купуя сактоого.
2. Аскер кызматчы төмөнкүлөргө укуктуу:
– кызмат өтөө мезгилинде кызматтык турак жай менен камсыз болууга (турак жайды ижарага алганы үчүн акчалай компенсацияны алууга) жана аскер кызматчылардын статусу жөнүндө мыйзамдар менен белгиленген тартипте турак жайды менчигине сатып алууга (алууга);
– аскер кызматчыларын пенсия менен камсыздоо жөнүндө мыйзамдарга ылайык пенсия менен камсыздалууга;
– аскер кызматчынын өмүрүнө жана ден соолугуна зыян келтиргендигине байланыштуу Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен белгиленген тартипте жана шарттарда акчалай компенсацияга;
– кызмат өтөө мезгилинде Ведомстводо белгиленген ченемдер боюнча акчалай, азык-түлүк жана буюм менен камсыздалууга.
3. Ведомство:
– Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аскер кызматчыны социалдык жана укуктук коргоону ишке ашырат;
– белгиленген ченемдерге ылайык акчалай жана мүлктүк үлүштөр менен камсыздайт;
– аскер кызматчылары үчүн колдонуудагы мыйзамдар менен каралган укуктарды, социалдык кепилдиктерди, компенсацияларды жана артыкчылыктарды камсыз кылат.
4. Ведомство төмөнкүлөргө укуктуу:
– кызматтын кызыкчылыгында аскер кызматчыны башка кызмат орундарына, анын ичинде башка жерге которууга;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган учурларда аскер кызматчыны материалдык жоопкерчиликке тартууга;
– аскер кызматчынын демилгеси боюнча мөөнөтүнөн мурда контракт бузулганда аскер кызматчынын бошонуу жөлөк пулун кармоого же төмөндөтүүгө;
– кызматтык милдеттерди талаптагыдай аткарбаган, тартиптик жана башка укук бузууларды жасаган учурларда Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык үстөк акынын белгиленген түрлөрүн төлөбөй коюуга;
– Кыргыз Республикасынын мыйзамдары менен каралган башка укуктарга ээ.
5. Контракт “Кыргыз Республикасынын жарандарынын жалпыга бирдей аскердик милдети жөнүндө, аскердик жана альтернативдик кызматтар жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык ____________________________________________________________ ____________________________________________________________
(контракттын мөөнөтү жазуу түрүндө)
мөөнөткө түзүлдү.
Ушул контракт ага кызмат адамы кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
6. Контракт Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык, ошондой эле соттун чечими боюнча мөөнөтүнөн мурда бузулушу мүмкүн.
7. Ушул контракт төрт нускада түзүлдү (мамлекеттик жана расмий тилдерде), мында ар бир нуска бирдей юридикалык күчкө ээ:
– биринчи нуска аскердик бөлүктүн (мекеменин) иш кагаздарын жүргүзүүдө өзүнчө делого көктөлөт;
– экинчи жана үчүнчү нускалары аскер кызматчынын өздүк делосуна кошулат;
– төртүнчүсү аскер кызматчысында болот.
8. Тараптардын колдору
Ведомство үчүн_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ (кызмат адамынын кызмат орду, аскердик наамы, колу жана аты-жөнү)
20__-жылдын “__” __________________
(М.О. датасы)
Аскер кызматчы________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ (аскер кызматчынын аскердик наамы, колу жана аты-жөнү)
20__-жылдын “__” ___________________
Ушул контракт __________________________________________ ____________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________ (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контрактты колдонууну токтотуунун негиздери), _____________________________________________________________________________________(контракттын колдонулушу токтотулган дата)
байланыштуу колдонулушун токтотту.
Кыргыз Республикасынын
Куралдуу Күчтөрүндө,
башка аскердик түзүлүштөрүндө
жана мыйзам менен аскердик
кызмат каралган мамлекеттик
органдарында офицердик курамдын
жана прапорщиктердин контракт
боюнча аскердик кызмат өтөө
(запаста болуу) тартиби жөнүндө
жобого 2-тиркеме
Окуу жөнүндө контракттын типтүү формасы
Бир жыл жана андан ашык окуу мөөнөтү менен аскердик окуу жайда, адъюнктурада же аскердик докторантурада аскер кызматчынын окуусуна контракт
_______________________________________________________ (аскер кызматчынын аскердик наамы, аты-жөнү, туулган күнү, айы, жылы) ___________________________________________________________ (паспорт: сериясы ____№_______ 20__-жылдын “____” _____________ берилген) ___________________________________________________________________________________________, бир тараптан мындан ары “аскер
кызматчы” деп аталуучу өз ыктыяры менен башка тараптан мындан ары “Ведомство” деп аталуучу_________________________________ ____________________________________________________________ (мамлекеттик органдын аталышы)
атынан________________________________________________ ____________________________________________________________ (кызмат адамынын кызмат орду, аскердик наамы, аты-жөнү)
менен ушул контрактты түздү.
1. Ведомство аскер кызматчыны аскердик окуу жайга, адъюнктурага же аскердик докторантурага (мындан ары – ЖОЖ) ___________________________________________________________ (ЖОЖдун аталышы, мамлекет)
окуу мөөнөтү менен _____________________________________
(окуу мөөнөтүн көрсөтүү)
окууга жиберет.
2. Аскер кызматчы _________________________________ адистиги боюнча окууга жиберилет.
Окуу ошол ЖОЖдо кабыл алынган окуу программаларына ылайык ________________________________________ тилинде өтөт.
3. Ведомство:
– чет мамлекеттер менен түзүлгөн келишимдерге, макулдашууларга жана протоколдорго ылайык (чет өлкөдөгү ЖОЖдо окууда) ЖОЖго окууга жиберилүүчү аскер кызматчынын окуусуна байланыштуу бардык чыгымдарын төлөйт;
– ЖОЖдо окуп жаткан аскер кызматчыны Кыргыз Республикасынын жана окуп жаткан өлкөнүн (чет өлкөдөгү ЖОЖдо окууда) колдонуудагы мыйзамдарына ылайык социалдык жана укуктук коргоону ишке ашырат;
– окутуунун белгиленген ченемдерине жана шарттарына ылайык акчалай үлүштөрдү камсыз кылат;
– окутуунун белгиленген ченемдерине жана шарттарына ылайык азык-түлүк жана буюм менен камсыздоону ишке ашырат;
– аскер кызматчылар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн колдонуудагы мыйзамдар менен каралган укуктарды, социалдык кепилдиктерди, компенсацияларды жана артыкчылыктарды камсыз кылат;
– аскер кызматчынын ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтерди берет.
4. ЖОЖду аяктагандан кийин Ведомство аскер кызматчыны андан аркы аскердик кызматты өтөөсү үчүн алынган же окшош адистигине ылайык Ведомствонун кошуундарына, бөлүктөрүнө жана мекемелерине офицердик курамдагы адамдар менен комплекттелүүгө тийиш болгон кызмат ордуна жөнөтөт.
5. Аскер кызматчы өз ыктыяры менен төмөнкүлөргө милдеттенет:
– Аскердик антка бекем болууга, өз элине жан-дили менен кызмат кылууга, Кыргыз Республикасынын Конституциясын жана мыйзамдарын сактоого;
– аскер кызматчынын жогорку наамын ар-намыс менен алып жүрүүгө, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн намысын жана күжүрмөн даңкын сактоого;
– окуп жаткан өлкөнүн мыйзамдарын сактоого, анын элинин каада-салттарын жана үрп-адаттарын сыйлоого, чет элдик жарандар үчүн белгиленген жашоонун жана орун алмаштыруунун эрежелерин сактоого (чет өлкөдөгү ЖОЖдо окууда);
– Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн уставдарынын талаптарын бекем жана так аткарууга;

– жашыруун документтерди жана аскердик техниканы (аппаратураларды) колдонуунун ЖОЖдо белгиленген тартибин, окутуунун жүрүшүндө алынган купуя маалыматтарды жашыруун сактоого;
– аскер формасын, кийимин кийүүнүн эрежелерин сактоого, өзүн тыкан алып жүрүүгө, аскер кызматчыларга карата, чет өлкөдө ЖОЖдо окуп жатканда, анын ичинде окуп жаткан өлкөнүн Куралдуу Күчтөрүнүн аскер кызматчыларына карата аскердик саламдашуулардын эрежелерин аткарууга.
6. Мындан тышкары аскер кызматчы төмөнкүлөргө милдеттенет:
– ЖОЖдо белгиленген ички тартиптин бардык эрежелерин аткарууга;
– окутуу программалары (сабактардын расписаниеси) менен каралган бардык окуу сабактарга катышууга, белгиленген мөөнөттө окуу тапшырмаларын аткарууга, экзамен жана зачетторду тапшырууга;
– окуу жабдууларына, окуу китептерине жана окуу куралдарына, курал-жарактарга, аскердик техникага жана башка мүлктөргө аяр мамиле кылууга, окуу жана турак жайларында тартипти жана тазалыкты кармоого;
– окуу жана турак жайларында өрт коопсуздугунун белгиленген талаптарын сактоого;
– поезддерде жол жүрүүдө, учактарда учууда, өргүүгө жана стажировкага кетип жатканда, окуу аяктаганга чейин команда боюнча улук адамдын көрсөтмөлөрүн аткарууга;
– өргүүдөн ЖОЖго өз убагында кайтып келүүгө.
Өргүүдөн ЖОЖго анын өз убагында кайтып келүүсүнө мүмкүн болбогон жагдайлар пайда болгондо, пайда болгон жагдайлар жөнүндө Ведомствого билдирме менен алдын ала билдирүүгө жана себептерин ырастаган документтерди берүүгө;
– аскер кызматчыларга жана жарандарга, анын ичинде чет өлкөдө ЖОЖдо окууда чет мамлекеттердин аскер кызматчыларына жана жарандарына сый-урмат көрсөтүүгө, коомдук тартипти бузууга жол бербөөгө;
– ЖОЖду аяктагандан кийин жазма буйрукта көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде Ведомствонун жетекчилигинин карамагында болууга жана аскердик кызматты Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына жана башка ченемдик укуктук актыларына ылайык 3 жылдан кем эмес мөөнөт менен Ведомствонун кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде улантууга;
– жашыруун документтер (маалыматтар) менен иштөөнүн белгиленген тартибин сактоого, аскер кызматын өтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгон баардык маалыматтарды “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык купуя сактоого.
7. Аскер кызматчы Кыргыз Республикасынын мыйзамдары жана башка ченемдик укуктук актылары менен белгиленген аскер кызматчылардын бардык жалпы, кызматтык жана атайын милдеттерин аткарууга өз ыктыяры менен милдеттенет.
8. Ведомство окуп жаткан аскер кызматчыга карата төмөнкүлөргө укуктуу:
– кезектеги аскердик наамдарды ыйгарууга;
– Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аскердик наамды төмөндөтүүгө же калыбына келтирүүгө;
– бул контракт боюнча алар милдеттерин, ошондой эле окуп жаткандарга коюлуучу ЖОЖдун талаптарын аткарбаган учурда аскер кызматчынын ЖОЖдо окуусун бир тараптуу тартипте токтотууга;
– аскер кызматчылардын окууга жетишүүсүнүн абалы, аскердик тартиби жана турмуш-тиричилигинин шарттары үчүн контроль жүргүзүүгө;
– Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарына ылайык аскер кызматчыларды жоопкерчиликке тартууга.
9. Аскер кызматчы төмөнкүлөргө укуктуу:
– Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн уставдарына жана Кыргыз Республикасынын башка ченемдик укуктук актыларына ылайык жеке же жазуу түрүндө өтүнүчтөр, даттануулар, арыздар жана сунуштар менен кайрылууга;
– үй-бүлөлүк, жеке же башка маанилүү жагдайлар боюнча кыска мөөнөттөгү өргүү берүү жөнүндө ЖОЖдун командачылыгынын алдында өтүнүүгө;
– сабактардан бошогон убакта жарандык кийим кийүүгө.
10. Ведомство төмөнкүлөргө жооп берет:
– ушул контракт боюнча өзүнүн милдеттенмелерин аткарууга;
– аскер кызматчысын окуган жерине өз убагында жөнөтүүгө, ошондой эле белгиленген тартипте акчалай үлүштү төлөп берүүгө;
– Ведомствонун аскер кызматчылары үчүн белгиленген ченемдер боюнча ЖОЖго жөнөтүү күнүнө азык-түлүк жана буюм мүлкү менен камсыз кылууга;
– аскер кызматчыны бардык зарыл болгон документтер менен камсыз кылууга.
11. Аскер кызматчы:
– ушул контрактка кол коюлган күнгө карата Кыргыз Республикасынын жарандыгынан башка жарандыгы жок экенин, ошондой эле ЖОЖдо окуу убагында жана андан аркы Ведомствонун аскердик бөлүктөрүндө жана мекемелеринде кызмат өтөө аралыгында ушул контракт колдонулган мезгилде башка мамлекеттин жарандыгын кабыл алуу ниети жок экендигин ырастайт;
– бул контракт боюнча милдеттерин, ошондой эле окуп жаткандардан талап кылынуучу ЖОЖдун талаптарын толук аткарат.
12. Чет өлкөнүн ЖОЖунан окуудан чыгарылган аскер кызматчынын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жол киресин төлөө, ден соолугунун абалы боюнча чыгарылгандардан тышкары (эгерде кабыл алуучу тараптан каралбаса), аскер кызматчынын жеке каражаттарынан ишке ашырылат.
13. Ушул контракт ЖОЖдо окуунун бардык мезгилине жана ЖОЖду бүткөндөн кийин үч жыл аралыгында колдонулат.
14. Ушул контракт төрт нускада түзүлдү (мамлекеттик жана расмий тилдерде), мында ар бир нуска бирдей юридикалык күчкө ээ:

– төртүнчүсү аскер кызматчыда болот.
15. Ушул контракт кызмат адамы ага кол койгон күндөн тартып күчүнө кирет.
16. Тараптардын колдору
Ведомство үчүн_________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ (кызмат адамынын кызмат орду, аскердик наамы, колу, аты-жөнү)
20__-жылдын “__” __________________
(М.О. датасы)
Аскер кызматчы________________________________________________________________________________________________________________________________________________________________ (аскер кызматчынын аскердик наамы, колу, аты-жөнү)
20__-жылдын “__” ___________________
Ушул контракт _________________________________________ ____________________________________________________________ ____________________________________________________________________________________ (Кыргыз Республикасынын мыйзамдарына ылайык контрактты колдонууну токтотуунун негиздери) _____________________________________________________________________________________(контракттын колдонулушу токтотулган дата)
байланыштуу өзүнүн колдонулушун токтотту.
Кыргыз Республикасынын
Куралдуу Күчтөрүндө,
башка аскердик түзүлүштөрүндө
жана мыйзам менен аскердик
кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын
жана прапорщиктердин контракт
боюнча аскердик кызмат өтөө (запаста болуу) тартиби жөнүндө
жобого 3-тиркеме
Окуу жөнүндө контракттын типтүү формасы
Аскердик окуу жайда аскер кызматчынын окуусуна контракт
____________________________________________________________________________________ (аскер кызматчынын аскердик наамы, аты-жөнү, туулган күнү, айы, жылы) ___________________________________________________________ (паспорт: сериясы ____№_______ 20__-жылдын “____” _____________ берилген) ___________________________________________________________________________________________, бир тараптан мындан ары “аскер
кызматчы” деп аталуучу өз ыктыяры менен башка тараптан мындан ары “Ведомство” деп аталуучу _________________________________

атынан______________________________________________________ ____________________________________________________________ (кызмат адамынын кызмат орду, аскердик наамы, аты-жөнү)
менен ушул контрактты түздү.
1. Аскер кызматчы _________________________________ адистиги боюнча окууга жиберилет.
Окуу ошол ЖОЖдо кабыл алынган окуу программаларына ылайык _______________________ тилинде өтөт.
2. Аскер кызматчы окууга адистиги боюнча жиберилет.
Окуу ошол жогорку окуу жайда кабыл алынган окуу программаларына ылайык _______________________ тилинде өтөт.

– ЖОЖдо окуп жаткан аскер кызматчыны, Кыргыз Республикасынын жана окуп жаткан өлкөнүн (чет өлкөдөгү ЖОЖдо окууда) колдонуудагы мыйзамдарына ылайык социалдык жана укуктук коргоону ишке ашырат;
– окутуунун белгиленген ченемдерине жана шарттарына ылайык акча жана буюм үлүштөрү менен камсыз кылат;
– аскер кызматчылар жана алардын үй-бүлөлөрү үчүн колдонуудагы мыйзамдар менен каралган укуктарды, социалдык кепилдиктерди, компенсацияларды жана артыкчылыктарды камсыздайт.
4. ЖОЖду аяктагандан кийин Ведомство аскер кызматчыны алынган же окшош адистигине ылайык, андан аркы аскердик кызматты өтөө үчүн, Ведомствонун кошуундарына, бөлүктөрүнө жана мекемелерине офицердик курамдагы адамдар менен комплектөөгө тийиш болгон кызмат ордуна жөнөтөт.

– окуп жаткан өлкөнүн мыйзамдарын сактоого, анын элинин каада-салттарын жана үрп-адаттарын сыйлоого, чет өлкөлүк жарандар үчүн белгиленген жашоонун жана орун алмаштыруунун эрежелерин аткарууга (чет өлкөдөгү ЖОЖдо окууда);

– жашыруун документтерди жана аскердик техниканы (аппаратураларды) колдонуунун ЖОЖдо белгиленген тартибин сактоого, окутуунун жүрүшүндө алынган жашыруун маалыматтарды купуя сактоого;

– окуу программалары (сабактардын расписаниеси) менен каралган бардык окуу сабактарга катышууга, белгиленген мөөнөттө окуу тапшырмаларын аткарууга, экзамен жана зачетторду тапшырууга;

Өргүүдөн ЖОЖго анын өз убагында кайтып келүүсүнө мүмкүн болбогон жагдайлар пайда болгондо, пайда болгон жагдайлар жөнүндө Ведомствого билдирме менен алдын ала билдирүүгө жана себептерин ырастаган документтерди көрсөтүүгө;

– ЖОЖду аяктагандан кийин жазма буйрукта көрсөтүлгөн мөөнөттүн ичинде Ведомствонун жетекчилигинин карамагында болууга жана аскердик кызматты Кыргыз Республикасынын колдонуудагы мыйзамдарында жана башка ченемдик укуктук актыларында белгиленген мөөнөттө Ведомствонун кошуундарында, бөлүктөрүндө жана мекемелеринде улантууга;
– жашыруун документтер (маалыматтар) менен иштөөнүн белгиленген тартибин сактоого, аскер кызматын өтөөнүн жүрүшүндө белгилүү болгон бардык маалыматтарды “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик сырларын коргоо жөнүндө” Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык купуя сактоого.

– ким экендигин күбөлөндүрүүчү документтерди берүүгө;

– ЖОЖдо белгиленген талаптарга жана тартипке ылайык жатаканада, мейманканада жана бошонуп чыгууда сабактардан бошогон убакта жарандык кийим кийүүгө;
– ЖОЖдо белгиленген талаптарга жана тартипке ылайык ЖОЖдон тышкары бошонууда болууга (офицерлерге таралбайт).
10. Ведомство төмөнкүлөргө жооп берет:
– ушул контракт боюнча өзүнүн милдеттерин аткарууга;
– аскер кызматчыны окуган жерине өз убагында жөнөтүүгө, ошондой эле белгиленген тартипте акчалай үлүштү төлөп берүүгө;
– Ведомствонун аскер кызматчылары үчүн белгиленген ченемдер боюнча ЖОЖго жөнөтүү күнүнө буюм мүлкү менен камсыз кылууга;

12. Чет өлкөнүн ЖОЖунан чыгарылган аскер кызматчынын жана анын үй-бүлө мүчөлөрүнүн жол киресин төлөө, ден соолугунун абалы боюнча чыгарылгандардан тышкары (эгерде кабыл алуучу тараптан каралбаса), аскер кызматчынын жеке каражаттарынан ишке ашырылат.
13. Ушул контракт ЖОЖдо окуунун бардык мезгилине жана ЖОЖду бүткөндөн кийин он жыл аралыгында колдонулат.

| Тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 30-апрелиндеги № 245 токтомуна) |
Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүндө, башка аскердик түзүлүштөрүндө жана мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдарында офицердик курамдын жана прапорщиктердин контракт боюнча аскердик кызмат өтөө (запаста болуу) тартиби жөнүндө
жобо
(Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 27-августундагы № 529, 2026-жылдын 15-июлундагы № 487, 2026-жылдын 25-августундагы № 578 токтомдорунун редакцияларына ылайык)

9) Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын Кыргыз Республикасынын Президенти же Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы – Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Жетекчиси тарабынан кызмат ордуна дайындалуучу жетекчилерине «полковникке» чейин жана кошо алганда.
Кыргыз Республикасы үчүн жогорку жана маанилүү жетишкендиктери үчүн мыйзам менен аскердик кызмат каралган мамлекеттик органдардын жетекчилерине, ыйгарылуучу аскердик наам ээлеген штаттык кызмат орду боюнча каралган аскердик наамга ылайык келген шартта аскердик наамда кызмат өтөө жылдарынын белгиленген мөөнөттөрү сакталбастан «полковникке» чейин жана кошо алганда аскердик наам ыйгарылышы мүмкүн.
(КР Министрлер Кабинетинин 2026-жылдын 15-июлундагы № 487, 2026-жылдын 25-августундагы № 578 токтомдорунун редакцияларына ылайык)