Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
2025-жылдын 13-февралы № 5/7
Ар түрдүү маселелер: ( Жоош айыл өкмөтүнүн аймагындагы балдар бакчаларында тамак-аш үчүн ата-энелер тарабынан төлөнүп жаткан ата-энелер төлөмүнө өзгөртүү киргизүү) жөнүндө
Жоош айыл окмотунун башчысынын орун басары Н.Токторбаевдин билдирүүсүн жана балдар бакчаларынын башчыларынын протоколдорун угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII-чакырылыш кезектеги 5 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Жоош айыл окмотунун аймагындагы балдар бакчаларынын башчыларынын протоколдорунун негизинде,тамак-аш үчүн ата-энелер тарабынан төлөнүп жаткан төлөм 1300 сом болуп бекитилсин жана ошондой эле бала бакчадагы балдардын ата-энеси жакыр үй-бүлөлөлөрдүн жана ата-энеси, баласы инвалид болгон үй-бүлөлөрдүн балдарынын тамак-аш үчүн акча төлөөсү 1000 сом болуп белгиленсин, бала бакчадагы бардык балдарга бирдей өлчөмдө тамак берүү жагы бала бакчанын жетекчилерине милдеттендирилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: |
| А.Л.Зулпукаров |