Загрузка документа…
|
| 1-тиркеме |
|
| (Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2025-жылдын 24-апрелиндеги № 232 токтомуна) |
2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү КОНЦЕПЦИЯСЫ
1-глава. Киришүү
Кыргыз Республикасы өзүнүн географиялык жактан жайгашкан абалына байланыштуу континенталдык тоолуу өлкө болуп саналат, табигый, техногендик, экологиялык жана биологиялык-социалдык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын келип чыгуусуна алып келүүчү көптөгөн мүмкүн болуучу кооптуу процесстерге жана кубулуштарга дуушар болот.
Көпчүлүгү климаттын глобалдык өзгөрүү процессинин тездеши менен шартталган табигый кырсыктар кыйла жыш жана интенсивдүү болууда, адамдардын өлүмүнө, олуттуу материалдык чыгымга алып келет, калкка жана экономикага терс таасирин тийгизет, бул өлкөнүн туруктуу өнүгүү жолундагы прогресске жетүүгө олуттуу тоскоолдуктарды жаратат.
Кыргыз Республикасы аймактагы климаттын өзгөрүшүнө эң аялуу өлкөлөрдүн бири болуп эсептелет, себеби анын айыл чарбасы мөңгү сууларынын эришинен, ал эми энергетика тармагында электр энергиясынын 90%ы суу ресурсунун запасынан көз каранды.
Климаттын өзгөрүшү кырсыктардын, өзгөчө кургакчылык, жерлердин деградацияланышы жана токойлордун оорулары, атмосфералык абанын температурасынын жогорулашы, дарыя агымдарынын режимдеринин бузулушу, мөңгүлөрдүн интенсивдүү эриши жана алардын аянттарынын кичирейиши, бийик тоолуу көлдөрдүн жырылуусу, биологиялык түрдүүлүктүн өзгөрүшү ж.б. сыяктуу жай өнүккөн кырсыктардын жыштыгын жана интенсивдүүлүгүн жогорулатат.
Бүгүнкү күндө Кыргызстандын мөңгүлөрүнүн 20%ынан ашыгы эрип бүттү, 2000 мөңгү көлүнүн 200дөн ашыгы жырылып кетүү коркунучунда турат. Мөңгүлөрдүн эрүүсүнүн уланып жатышы жана мөңгү көлдөрүнүн жырылып кетүүсүнүн жыштыгы өлкөнүн калкынын коопсуздугуна олуттуу коркунуч туудурат. Климаттык тобокелдиктерге эң аялуу тармактар: суу, энергетика, айыл чарба, токой чарбасы, инфраструктура жана коомдук саламаттыкты сактоо сектору.
Климаттын өзгөрүшүнүн терс таасирлери калктын метеорологиялык жана гидрометеорологиялык коркунучтарга көбүрөөк дуушар болуу деңгээлин күчөтөт жана жай өнүгүүчү процесстерге кирген бул тенденциянын акыркы убактарда тездеши күтүлүүдө. Абанын температурасынын өзгөрүүсү, анын жыл өткөн сайын күчөшү, өзгөчө ай арасы болгон туруксуз мезгилдерде, табигый-климаттык мүнөздөгү өзгөчө кырдаалдардын өсүшүнө алып келүүчү коркунучтуу жаратылыш кубулуштарынын жана процесстеринин активдешүүсүнө алып келет.
Түз экономикалык жоготуулар сыяктуу кыска мөөнөттүү кесепеттерден тышкары коомдун узак мөөнөттүү өнүгүүсүнө анын коопсуздугу да терс таасирин тийгизет. Натыйжада кырсыктардын тобокелдигин азайтуу жана адамды туруктуу өнүктүрүү бири-бирин толуктап турган максаттар болуп саналат.
Жарандык коргонууну (мындан ары - ЖК) уюштуруу мамлекеттин маанилүү функцияларынын бири, Кыргыз Республикасынын улуттук коопсуздугун камсыз кылуунун ажырагыс бөлүгү болуп саналат. Кыргыз Республикасынын аймагындагы кырсыктардын коркунучун жана кырсыктын айынан болуучу адам курмандыктары, жашоо каражаттарынан айрылуу, ден соолугунан айрылуу сыяктуу коркунучтарды бир кыйла азайтуу багытындагы маселелердин чечилиши комплекстүү мүнөзгө ээ болуп, учурдагы жана келечектеги коркунучтарды эсепке алып, өзгөчө кырдаалдарга (мындан ары - ӨК) мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун заманбап ыкмаларын өнүктүрүүгө жана ишке киргизүүгө негизделиши керек.
2030-жылга чейин Кыргыз Республикасында ӨК комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүү концепциясы (мындан ары - Концепция) алдыдагы алты жылдык мезгилге ӨК комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын өнүктүрүүнүн, ӨК аныкталган жана потенциалдуу булактарына туруктуу мониторинг жүргүзүүнү өркүндөтүүнүн, ӨК эртерээк алдын алуу үчүн алардын өнүгүшүн өз убагында анык, так божомолдоонун жана алардын кесепеттерин жоюу иштерин уюштуруунун негизги багыттарын аныктоочу документ болуп саналат.
ӨК мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо чөйрөсүндө инновациялык ыкмаларды иштеп чыгуу жана ишке ашыруу БУУнун Башкы Ассамблеясынын 2015-жылдын 3-июнундагы № 69/283 резолюциясы менен жактырылган 2015-2030-жылдарга табигый кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча Сендай алкактык программасынын, Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңешинин 2017-жылдын 31-июлундагы чечимдеринин, Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын ӨК комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясы жөнүндө" токтому менен бекитилген Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын ӨК комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясынын максаттарын, милдеттерин жана артыкчылыктарын эске алуу менен Кыргыз Республикасында ӨК алдын алуу системасынын ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарылчылыгы менен шартталган.
2-глава. Учурдагы абалды талдоо: жетишкендиктер жана көйгөйлөр
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2021-жылдын 12-октябрындагы № 435 "2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасы жөнүндө" Жарлыгы менен бекитилген 2026-жылга чейин Кыргыз Республикасын өнүктүрүүнүн улуттук программасына ылайык мамлекеттин саясаты табигый чөйрөнү, экосистемаларды, мөңгүлөрдү, ландшафттарды жана биологиялык түрдүүлүктү сактоого жана калыбына келтирүүгө багытталат.
Жаратылыш ресурстарын пайдаланууну жана айлана-чөйрөнү коргоону жөнгө салуу экологиялык факторлордун жана экономикалык стимулдардын интеграциясына жана өз ара аракеттенүүсүнө багытталууга тийиш.
Климат өзгөрүп турган шарттарда табигый кырсыктардын тобокелдигин азайтуу маселелери келечектеги коркунучтарды жана кооптуулуктарды, божомолдоонун жана чара көрүүнүн жаңы методдорун өнүктүрүүнү эске алуу менен комплекстүү мүнөздө болууга тийиш.
Кыргыз Республикасы 2015-2022-жылдары өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүү, калкты жана аймактарды ӨК коргоонун деңгээлин жогорулатуу максатында көп тараптуу өнөктөштүк принциптерин, коркунучтарды талдоонун инновациялык методдорун өнүктүрүүнүн жана өнүктүрүүнү пландоодо аларды эске алуунун, Жарандык коргонуунун мамлекеттик системасын (мындан ары - ЖКМС) ӨК кесепеттерин жоюудан аларды алдын алууга өткөрүүнүн, ошондой эле алдын алуу иш-чараларын жүргүзүү, ӨК чара көрүү даярдыгын жогорулатуу, борбордук жана жергиликтүү бийлик органдарынын функцияларын так айырмалоо менен борбордон ажыратылган ыкмаларды киргизүү жолу менен кырсык коркунучун азайтууга өткөрүүнүн негизинде кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруунун улуттук системасын өркүндөтүүгө багытталган чаралардын комплексин кабыл алды.
Кыргыз Республикасында 2015-жылга чейин табигый мүнөздөгү ӨК мониторинг жүргүзүүнүн, божомолдоонун жана аларды алдын алуунун практикасы калктын коопсуздугун камсыз кылуу боюнча маселелерди оперативдүү жана натыйжалуу чечүүнүн жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсү үчүн шарттарды түзүүнүн талап кылынган деңгээлине толук жооп бербей келген.
Жаратылыштын коркунучтуу процесстерин изилдөө жана алардын активдешүүсүн божомолдоо боюнча иштерди Кыргыз Республикасында ар кандай ведомстволор, илимий-изилдөө институттары, министрликтердин түзүмдүк бөлүмдөрү, окуу жайлар жана ири өнөр жай ишканалары жүргүзүп келишкен. Бирок иштин талап кылынган комплекси жана кыйла коркунучтуу жаратылыш процесстери толук камтылган эмес. Мисалы, табигый кооптуу процесстерге мониторинг жүргүзө турган көпчүлүк мамлекеттик уюмдар жана илимий мекемелер колдонгон байкоо салуу тармактарынын моралдык жана физикалык жактан эскиргендигинен улам бийик тоолордогу көлдөрдүн жана мөңгүлөрдүн абалына байкоо жүргүзүү, жер көчкү жана сел коркунучуна мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо бүткүл өлкө боюнча эмес, айрым жерлерде гана жүргүзүлүп келген.
Кооптуу участоктор жана процесстер жөнүндө маалыматтар базасы заманбап талаптарга толук жооп бербейт. Мамлекеттик түзүмдөрдүн ортосунда маалымат алмашуу ӨК коркунучу жаралган же келип чыкканда гана жүзөгө ашырылат. Ошол эле учурда тиешелүү ведомстволордун, илимий мекемелердин, өндүрүштүк уюмдардын кырсыктарга мониторинг жүргүзүүгө жана божомолдоого тиешеси бар маалыматына (маалыматтар базасына) жеткиликтүүлүк жабык болгон. Тиешелүү механизмдин жоктугунан маалымат алмашуу расмий суроо-талаптардын негизинде жүргүзүлүп келген.
ӨК алдын алуу боюнча божомолдоо, талдоо жана кийинки практикалык чечимдерди кабыл алуу үчүн зарыл болгон, кооптуу жаратылыш процесстерине жана кубулуштарына байкоо жүргүзүүдөн алынган маалыматтарды алмашуу боюнча механизми жок болгондуктан, маалымат алмашуу суроо-талаптардын негизинде гана жүргүзүлгөн. Көрсөтүлгөн проблемалар каржылоо маселелериндеги кыйынчылыктар менен катар кооптуу табигый процесстерге мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо, маалымат алмашуу жана алардын коркунучтарын баалоо системасынын ишин жөнгө салуучу укуктук-ченемдик базанын жоктугунан келип чыккан.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 23-апрелиндеги № 255 "Геомаалыматтык технологияларды жана аралыктан байкоо жүргүзүүлөрдү колдонууну эске алып, кооптуу табигый процесстерге комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун 2015-2017-жылдарга программасын бекитүү жөнүндө" токтому менен (документ күчүн жоготкон) Геомаалыматтык технологияларды жана аралыктан байкоо жүргүзүүлөрдү колдонууну эске алып, кооптуу табигый процесстерге комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун 2015-2017-жылдарга программасы бекитилген.
Программанын максаты кооптуу жаратылыш процесстерине комплекстүү мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо системасын, бирдиктүү маалыматтык-контролдук системанын курамында маалыматтык-коммуникациялык тармактарды, маалыматтар базасын түзүү жана ӨК алдын алуу үчүн болжолдуу маалыматтардын натыйжалуулугун жогорулатуу болгон.
Иш-чаралар планын ишке ашыруунун негизинде:
- Кыргыз Республикасынын бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасында Табигый кырсыктарга мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын түзүү үчүн техникалык-экономикалык негиздеме иштелип чыккан;
- ӨК булактары жөнүндө маалыматтарды чогултуу, иштеп чыгуу жана талдоо борбору түзүлгөн;
- ЖК жаатындагы ар түрдүү багыттар боюнча комплекстүү маалыматтар базасы боюнча веб-портал түзүлгөн.
2017-жылдын июлунда Кыргыз Республикасынын Коопсуздук кеңеши белгилегендей, мамлекет тарабынан көрүлгөн аракеттерге карабастан, республикада болуп өткөн ӨК мүнөзү, жыштыгы жана масштабы, келтирилген зыяндын көлөмү жана мамлекеттик ресурстардын чыгымы, ошондой эле каза болгондордун жана жарадар болгондордун саны азайган жок. Ушуга байланыштуу Кыргыз Республикасында ӨК алдын алуу системасынын натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча чараларды ишке ашыруу боюнча бир катар чечимдер кабыл алынды, анын ичинде ЖК системасынын жана аны камсыз кылууга катышкан мамлекеттик органдардын ишинин принциптерин ӨК жана анын кесепеттерин жоюу боюнча иш-аракеттерине караганда бүтүндөй системанын кырсыктарды алдын алуу иш-аракеттерине артыкчылык берүүнү арттыруу, ошондой эле кооптуу жаратылыш кубулуштарын жана процесстерин изилдөө, мөңгүлөрдү жана бийик тоолуу көлдөрдү изилдөө багытында кайра карап чыгуу боюнча милдеттер да бар.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2018-жылдын 29-январындагы № 58 "Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын өзгөчө кырдаалдардан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясы жөнүндө" токтому менен Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын ӨКдан комплекстүү коргоонун 2018-2030-жылдарга концепциясы жана 1-этапта (2018-2022-жылдарга) аны ишке ашыруу боюнча Иш-чаралар планы бекитилген.
Ошол эле учурда жогоруда аталган Концепцияда башкаруунун бардык деңгээлдеринде ЖК боюнча жоопкерчилик чөйрөлөрүн жана функцияларын жөнгө салуучу уюштуруучулук жана ченемдик укуктук актылардын жеткилең эместиги, ар кандай тармактардагы мыйзамдардын ыраатсыздыгы жана карама-каршылыктуулугу белгиленген, бул мамлекеттик органдардын жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын кырсыктардын коркунучун азайтуу боюнча чараларды ишке ашыруу процессине начар катышуусун шарттайт. Аймактык органдардын финансылык мүмкүнчүлүктөрүнүн жетишсиздиги жана ЖКМСтын материалдык-техникалык базасынын дарамети дагы чектелүү экени белгиленди.
Ошону менен бирге Иш-чаралар планынын 1-этабынын аткарылышын талдоо жана баалоо ӨКкө мониторинг жүргүзүү жана болжолдоо системасынын натыйжалуулугун жогорулатууга, климаттын өзгөрүү шарттарында ӨК коркунучунун деңгээлин алдын алууга жана төмөндөтүүгө багытталган милдеттерди чечүүдө кыйла маанилүү натыйжаларга жетишилгендигин күбөлөндүрүп турат. Өзгөчө жана кризистик кырдаалдарда башкаруунун жана кабарлоонун автоматташтырылган системасын, бирдиктүү маалыматтык-башкаруу системасын өнүктүрүүдө олуттуу натыйжаларга жетишилди.
2019-жылы ӨК алдын алууга жана анын кесепеттерин жоюуну уюштурууга багытталып, ӨК аныкталган жана потенциалдуу коркунучтуу булактарына туруктуу мониторинг жүргүзүү, алардын өнүгүшүн өз убагында жана ишенимдүү божомолдоону камсыз кылуу максатында Кыргыз Республикасынын Өкмөтү "ӨКга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасын" (мындан ары - ӨК КМББС) түзүү, ӨК КМББСтин катышуучуларынын курамын дайындоо, ӨК КМББС катышуучуларынын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүүнүн тартибин белгилөө, ошондой эле тартибин бекитүү жөнүндө чечим кабыл алды.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-январындагы № 569 "Кыргыз Республикасында ӨКга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө" токтому менен ӨКдын (кырсыктардын) тобокелдиктерине талдоо жана баалоо жүргүзүүнүн тартиби бекитилген.
2019-2022-жылдары Кыргыз Республикасы өлкөдөгү коомдук-саясий жана экономикалык кырдаалга, калктын саламаттыгына, турмуш-тиричилигине жана коомдун социалдык-психологиялык абалына түп-тамырынан бери таасирин тийгизген бир катар масштабдуу ӨК башынан өткөргөн.
Бул масштабдуу ӨК башкысы коронавирустук инфекциянын (COVID-19 пандемиясы) болуп көрбөгөндөй жайылышы, ошондой эле климаттын өзгөрүшүнөн улам жаралган кооптуу табигый процесстердин жана кубулуштардын көбөйүүсү менен шартталган. Бул эки глобалдык коркунуч Кыргыз Республикасына гана эмес, дээрлик бардык өлкөлөргө жана элдерге таасирин тийгизип, анын кесепети тийбеген адам ишинин бир да чөйрөсү жана анын айынан социалдык-экономикалык өнүгүүсү артка кетпеген бир да мамлекет калбаган.
COVID-19 кеңири жайылган мезгилде Кыргыз Республикасы жана анын жарандары социалдык-экономикалык активдүүлүктүн басаңдашынын, өндүрүштүн төмөндөшүнүн, кирешенин, инвестициялардын азайышынын, энергияга, тамак-аш азыктарына жана башка эң зарыл товарларга болгон баанын кымбатташынын, жумушсуздуктун өсүшүнүн жана башка терс процесстердин кесепеттерин толук башынан өткөрүштү, бул бардыгы биригип келип, мамлекет үчүн дагы, өлкөнүн бүткүл калкы үчүн дагы, өзгөчө аялдар менен балдар сыяктуу калктын аялуу катмары үчүн көптөгөн социалдык, экономикалык жана экологиялык проблемаларды жаратып, туруктуу өнүгүү темпинин басаңдашына алып келди.
2020-2021-жылдары COVID-19 пандемиясы өлкө үчүн олуттуу сыноо болуп, МЖКС ишинин саламаттык сактоо жана билим берүү тармактарында кырсыктардын тобокелдиктерин башкаруудан тартып миграциялык саясатка чейинки тутумдаш проблемаларды аныктады. Эң алсыз элементтер катары каскаддуу өзгөчө жана кризистик кырдаалдарды, адамдардын массалык жугуштуу ооруларын алдын ала божомолдоо, эрте эскертүү жана аларга системалуу мамиле жасоо болуп чыкты.
Учурдагы абалга жасалган талдоодон көрүнүп тургандай, мамлекет тарабынан көрүлүп жаткан күч-аракеттерге карабастан, республикадагы климаттын өзгөрүшүнүн жана чек ара чыр-чатактарынын айынан күчөп бара жаткан ӨК мүнөзү, жыштыгы жана масштабы, келтирилген зыяндын көлөмү жана мамлекеттик ресурстардын чыгымы, ошондой эле каза болгондор менен жарадар болгондордун саны туруктуу төмөндөө тенденциясына ээ эмес.
Акыркы жылдары климаттын өзгөрүшүнүн терс кесепеттери калктын метеорологиялык жана гидрометеорологиялык коркунучтар алдында алсыздыгын күчөтүп, алар бир топ даана билине баштады. Ири өрт же өндүрүш авариялары сыяктуу техногендик ӨК көп учурда тоо-кен өнөр жайы дарыялардын башатында же дарыя бассейндеринин суу топтоочу жерлеринде жайгашкандыктан, катуу жер титирөө же чоң жер көчкүлөр болгон учурда айлана-чөйрөнүн булганышына алып келет. Мындай учурда дарыя суулары уулуу заттар, уулуу калдыктар менен булганып, бул биздин өлкөнүн калкына гана эмес, коңшу мамлекеттерге да таасирин тийгизе турган ири экологиялык кырсыктарга алып келиши мүмкүн.
Бүгүнкү күндүн реалдуулугу ведомстволук ой жүгүртүүнү, мамлекеттик түзүмдөрдүн жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын функционалдуулугун ӨК кесепеттерин жоюу боюнча иш-чараларга артыкчылык берүүгө караганда ӨК мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо, аларды эртерээк эскертүү жана коопсуздуктун туруктуу архитектурасын куруу системасы үстөмдүк кылгыдай кылып тез арада реформалоону талап кылат.
Ушуга байланыштуу ушул Концепциянын актуалдуулугу Кыргыз Республикасындагы ӨК КМББС келечекте күтүлгөн жана өлкөнүн туруктуу өнүгүүсүнө, социалдык-саясий жана экономикалык кырдаалга, коомдун социалдык-психологиялык абалына жана өлкөнүн калкынын күнүмдүк жашоосуна тескери таасирин тийгизиши мүмкүн болгон тобокелдиктер жана сыноолор менен күрөшүүгө жөндөмдүү болгон дараметин андан ары өнүктүрүү, өркүндөтүү жана чыңдоо боюнча жаңы көз карашты калыптандырууда турат.
3-глава. Максаты жана негизги артыкчылыктары
Ушул Концепциянын максаты Кыргыз Республикасындагы ӨК КМББС өзгөчө кырдаалдарды алдын ала эскертүүгө жана алардын кесепеттерин жоюуга багытталып, өзгөчө кырдаалдардын аныкталган жана потенциалдуу булактарына мониторинг жүргүзүү, алардын өнүгүүсүн өз убагында анык, так божомолдоо боюнча милдеттерди чечүү жаатында ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу, институционалдык жана илимий-техникалык дараметин чыңдоо болуп саналат.
ӨК КМББС иштеп чыгуу жана өркүндөтүү боюнча чаралардын ишке ашырылышы кырсык коркунучун олуттуу кыскартууга жана адам курмандыктары, жашоого болгон каражатынан айрылуу, адамдардын ден соолугунун начарлашы, социалдык-экономикалык начар абал сыяктуу кырсыктардан улам келип чыккан жоготууларды азайтууга, ошондой эле Кыргыз Республикасынын калкын жана аймагын ӨК коргоону күчөтүүгө өбөлгө түзөт.
Ушул Концепциянын максатына жетүү төмөнкүдөй беш негизги артыкчылыктуу багыт боюнча милдеттерди аткаруу жана натыйжаларга жетишүү аркылуу пландалууда:
1) ӨК КМББС иштөөсүнүн институционалдык жана укуктук-уюштуруучулук алкактарын өркүндөтүү;
2) ӨК КМББС илимий-изилдөөчүлүк жана техникалык дараметин модернизациялоо жана чыңдоо;
3) мониторинг жүргүзүүчү жана божомолдоо маалыматын иштеп чыгуу жана берүү үчүн ченемдик жол-жоболорду жана типтүү формаларды (форматтарды) стандартташтыруу, ишке киргизүү;
4) ӨК аймактык, жергиликтүү жана объектилик деңгээлде мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу;
5) табигый, техногендик, экологиялык, биологиялык-социалдык мүнөздөгү ӨК мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун усулдук негиздерин өркүндөтүү.
4-глава. Негизги артыкчылыктуу багыттар, стратегиялык милдеттер жана күтүлгөн натыйжалар
1-артыкчылык: ӨК КМББС иштөөсүнүн институционалдык жана уюштуруучулук-укуктук алкактарын өркүндөтүү.
Бул артыкчылык төмөнкүдөй негизги милдеттерди аткарууну караштырат (1-5-милдеттер):
1-милдет. ӨК келип чыгуу булактарына мониторинг жүргүзүүнүн жана алардын өнүгүшүн божомолдоонун укуктук-уюштуруучулук алкактарын өркүндөтүү.
ӨК аныкталган жана потенциалдуу булактарына туруктуу мониторинг жүргүзүү, алардын өнүгүшүн өз убагында жана ишенимдүү божомолдоону камсыз кылуу мониторингдин түрлөрүнө жараша көп факторлуу жана көп баскычтуу татаал процесс болуп саналат, ал ӨК булактарынын келип чыгуу мүнөзү, объекттер, мониторингдин аймактык камтуусу, ошондой эле мониторинг жүргүзүүчү субъекттер менен аныкталат.
Ушуга байланыштуу ӨК келип чыгуу булактарына мониторинг жүргүзүүнүн уюштуруучулук-укуктук алкактарын өркүндөтүү жана алардын өнүгүшүн ишенимдүү божомолдоо максатында төмөнкүлөргө жараша мониторинг жүргүзүүнүн тартибин жана жол-жоболорун жөнгө салуучу укуктук-ченемдик алкактарды иштеп чыгуу пландалууда:
1) табигый, техногендик, экологиялык, биологиялык-социалдык мүнөздөгү ӨК булактарына-объекттерге;
2) ӨК булактарына мониторинг жүргүзүүнүн аймактык камтуусуна: объектилик (локалдуу), жергиликтүү, региондук жана республикалык деңгээлдерге;
3) мөөнөтүнө жана божомолдоонун колдонулган ыкмаларына: узак мөөнөттүү, орто мөөнөттүү, кыска мөөнөттүү, оперативдүү жана оперативдүү күнүмдүк;
4) тиешелүү чөйрөдө ӨК мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча тиешелүү функционалдык-тармактык түзүмдөрдүн ишин уюштурууга жооптуу субъекттерге-министрликтерге, административдик ведомстволорго, адистештирилген уюмдарга жана кызматтарга.
2-милдет. Мониторингдик жана божомолдоо маалыматтарынын мазмунун, мезгилдүүлүгүн жана берүү мөөнөттөрүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук базаны өркүндөтүү.
ӨК КМББС иштөөсүнүн натыйжалуулугу көбүнчө мониторингдик жана божомолдоочу маалыматтардын мазмунуна, жыштыгына жана аларды берүү мөөнөтүнө жараша болот.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-январындагы № 569 "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө" токтому менен Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасынын катышуучуларынын маалыматтык өз ара аракеттенүүсүнүн тартиби бекитилген, ага ылайык ӨК КМББС катышуучулары толук, так жана ишенимдүү маалыматты даярдашат, ар кандай ӨК кооптуулугун баалашат, Кыргыз Республикасынын аймагындагы ӨК оперативдүү, кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү божомолдорун иштеп чыгышат, ӨК ар бир булагынын келип чыгышын иликтеп, бул маалыматты ӨК өз убагында жана ишенимдүү божомолдоо үчүн ЖК чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга көрсөтүшөт.
Бирок ЖКМС башкаруу органдарына, мамлекеттик аткаруу бийлигине жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарына мониторингдик жана божомолдоо маалыматын өз убагында берүү үчүн маалыматтык өз ара аракеттенүү белгиленген тартибинен тышкары мониторингдик жана божомолдоочу маалыматтардын мазмунун, мезгилдүүлүгүн жана берүү мөөнөттөрүн аныктоо талап кылынат.
2-милдетти ишке ашыруунун алкагында мониторингдик жана божомолдоо маалыматтарынын мазмунун, мезгилдүүлүгүн жана берүү мөөнөттөрүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук актынын маалыматтын аныктыгына, толуктугуна жана өз убагында берилгендигине жеке жоопкерчиликти алып жүргөн министрликтердин, административдик ведомстволордун, ӨК КМББС адистештирилген уюмдарынын жана кызматтарынын жетекчилери тарабынан иштелип чыгуусу жана колдонууга киргизилүүсү пландалууда.
3-милдет. ӨК (кырсык) тобокелдигин талдоо жана баалоо тартибин өркүндөтүү.
Профилдүү чөйрөдө ӨК мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу министрликтердин, административдик ведомстволордун, адистештирилген уюмдардын жана кызматтардын негизги функцияларынын бири болуп, ар кандай ӨК келип чыгуу тобокелдиктерине баа берүү, алардын келип чыгуу ыктымалдуулугун, ӨК аймагын жана масштабын, алардын таралуу аянтынын өлчөмүн, экинчи ирет болуучу узак мөөнөттүү кесепеттерин, убакыт аралыктарын же алардын белгилүү бир жыйындыларын өз убагында жана ишенимдүү божомолдоо болуп саналат.
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 23-январындагы № 569 "Кыргыз Республикасында өзгөчө кырдаалдарга комплекстүү мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун бирдиктүү системасы жөнүндө" токтому менен Өзгөчө кырдаалдардын (кырсыктардын) тобокелдиктерине талдоо жана баалоо жүргүзүүнүн тартиби бекитилген жана колдонууга киргизилген, ал Кыргыз Республикасынын аймактарында жана объекттерде, ӨК (кырсыктардын) тобокелдигин баалоо жана талдоо жүргүзүү боюнча натыйжаларды баяндоого жана иштин мазмунуна, иштин тартибине анын талдоосуна болгон жалпы талаптарды аныктайт.
Бул ченемдик укуктук актыда ӨК (кырсыктардын) келип чыгуу тобокелдигин талдоо жана баалоо боюнча жооптуу органдар болуп Жарандык коргонуунун координациялоочу органдары - ЖК комиссиялары саналары белгиленген.
3-милдетти ишке ашыруунун алкагында профилдүү чөйрөдө ӨК мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу министрликтердин, административдик ведомстволордун, адистештирилген уюмдардын жана кызматтардын ишинин тартибин жана жүргүзүү жол-жоболорун жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу каралууда:
- ар кандай ӨК тобокелдиктерин баалоо;
- ӨК божомолдоолорун иштеп чыгуу (оперативдүү, кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү);
- ӨК масштабдарына, алардын жайылуу аянттарына баа берүү.
4-милдет. Кыргыз Республикасында Жарандык коргонуунун байкоо жүргүзүү жана лабораториялык контролдоо тармагын ӨК КМББС кызыкчылыгында андан ары өнүктүрүү.
Кыргыз Республикасынын "Жарандык коргонуу жөнүндө" Мыйзамынын 6-беренесине ылайык Айлана-чөйрөнүн (ачык көлмөлөрдүн, абанын, кыртыштын жана өсүмдүктөрдүн), тамак-аш азыктарынын, тамак-аш чийки заттарынын, жем-чөптөрдүн жана суунун радиоактивдүү, ууландыруучу жана күчтүү таасир этүүчү уу заттар, биологиялык (бактериологиялык) жана башка заттар менен булганышына байкоо жана лабораториялык контролдоо үчүн, ошондой эле эпидемиялардын, эпизоотиялардын, эпифитотиялардын жана башка жугуштуу оорулардын келип чыгышын контролдоо үчүн Кыргыз Республикасынын Жарандык коргонуунун байкоо жана лабораториялык контролдоо тармагы (мындан ары - ЖК БЖЛКТ) түзүлөт.
ЖК БЖЛКТ курамына гигиена жана эпидемиология борборлору, ветеринардык лабораториялар жана станциялар, агрохимиялык лабораториялар, айлана-чөйрөнү аналитикалык контролдоо лабораториялары, радиациялык жана химиялык байкоо посттору, ошондой эле объекттердин лабораториялары жана башка уюмдар кирет.
Жарандык коргонуунун БЖЛКТ курамына кирген мекемелер, уюмдар ӨК аныкталган жана потенциалдуу булактарына туруктуу мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу, алардын өнүгүшүн өз убагында жана ишенимдүү божомолдоо маселелерин чечүүдө өтө чоң мааниге ээ, ӨКтү эрте эскертүүгө жана алардын кесепеттерин жоюуну уюштурууга багытталган жана анын негизинде төмөнкү негизги иш-чаралар каралат:
1) тиешелүү аймакта өз ишин жана тышкы чөйрөнүн объекттерине байкоо жүргүзүү жана лабораториялык контролдоо маселелерин чечүүчү министрликтер, ведомстволор, уюмдар, профилдик борборлор тарабынан Жарандык коргонуунун БЖЛКТларын инвентаризациялоо;
2) лабораториялык контролдоо методдорун өркүндөтүү жана адистердин квалификациясын жогорулатуу;
3) лабораториялык контролдун атайын жабдууларын жана техникалык каражаттарын модернизациялоо.
5-милдет. ӨК КМББС маалыматтар базасын (банкын) түзүү, стандартташтыруу жана унификациялоо үчүн уюштуруучулук-укуктук алкактарын өркүндөтүү.
ӨК аныкталган жана потенциалдуу келип чыгуу булактарына туруктуу мониторингди камсыз кылуу, алардын өнүгүшүн өз убагында жана ишенимдүү божомолдоо маселелерин чечүүдө мониторинг маалыматын чогултуу, жалпылоо жана талдоо, ӨК булактарынын негизинде маалыматтар базасын (банкын) түзүү жана актуалдаштыруу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашыруу маанилүү ролду ойнойт.
Бул милдет ЖК жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга жүктөлөт, бирок профилдүү чөйрөдө ӨК мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча ишти жүзөгө ашыруучу министрликтер, административдик ведомстволор, адистештирилген уюмдар жана кызматтар дагы мониторингдик маалыматтарды чогултууга, жалпылоого жана талдоо жүргүзүүгө, өздөрүнүн ведомстволук маалыматтар базасын (банктарын) түзүүгө милдеттүү.
5-милдетти ишке ашыруунун алкагында мониторинг маалыматын чогултуу, жалпылоо жана талдоо, мониторингдик жана божомолдоо маалыматтарынын базасын (банктарын) түзүү, жүргүзүү, стандартташтыруу жана унификациялоо тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук актыны иштеп чыгуу жана колдонууга киргизүү пландалууда.
Күтүлүүчү натыйжалар:
1) эл аралык тажрыйбанын жана практиканын негизинде классификациялык белгилер кеңейтилди;
2) ӨК критерийлери толукталды жана жабырлануучулардын саны, жынысы жана жашы, экономикалык зыяны, жашоо-тиричилиги бузулган адамдардын саны боюнча (жынысы жана жашы боюнча бөлүштүрүлгөн) баалоо көрсөткүчтөрү жаңыртылды;
3) табигый, техногендик, экологиялык, биологиялык-социалдык мүнөздөгү ӨК булактарына мониторинг жүргүзүү тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук акт иштелип чыкты;
4) ӨКтүн социалдык-экономикалык кесепеттерин божомолдоонун жана баалоонун, ЖКнын башкаруу органдарынын ЖКМСнын тиешелүү иш режимдерин киргизүү жөнүндө чечимдерди кабыл алуусунун бирдиктүү жолдору такталды жана белгиленди;
5) ӨК КМББС катышуучуларынын ортосундагы маалыматтык өз ара аракеттенүү тартибин жөнгө салуучу документ иштелип чыкты;
6) министрликтердин, административдик ведомстволордун, ӨК КМББС адистештирилген уюмдарынын жана кызматтарынын жетекчилеринин мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматтарын берүүсүнүн мазмунун, мезгилдүүлүгүн жана берүү мөөнөттөрүн жөнгө салуучу ченемдик укуктук акт иштелип чыкты;
7) мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматы ЖК жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органга берилүүдө;
8) министрликтердин, административдик ведомстволордун, тармактык чөйрөдө ӨКкө мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча иш жүргүзүүчү адистештирилген уюмдардын жана кызматтардын төмөнкү иш-аракеттерди жүргүзүү тартибин жана жол-жобосун жөнгө салуучу ченемдик укуктук акт иштелип чыкты:
- ар кандай ӨК тобокелдигине баа берүү;
- ӨК божомолдорун иштеп чыгуу (ыкчам, кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү);
- ӨК масштабына, алардын таралуу аймагына баа берүү;
9) тиешелүү аймакта иштеп жаткан жана тышкы чөйрөнүн объекттерин байкоо жана лабораториялык контролдоо маселелерин чечүүчү министрликтер, ведомстволор, уюмдар, адистештирилген борборлор тарабынан Кыргыз Республикасында иш жүргүзгөн ЖК БЛКТларга инвентаризация жүргүзүлдү;
10) лабораториялык контролдоо ыкмалары өркүндөтүлдү жана адистердин квалификациясы жогорулатылды;
11) лабораториялык контролдоонун атайын жабдуулары жана техникалык каражаттары модернизацияланды;
12) мониторинг маалыматын чогултуу, сактоо, жалпылоо жана талдоо тартибин жөнгө салуучу ченемдик укуктук акт иштелип чыкты;
13) кооптуу жаратылыш процесстеринин (мындан ары - КЖП) түрлөрү боюнча мониторинг жана божомолдоо маалымат базасын (банкты) стандартташтыруу жана унификациялоо боюнча иштер жүргүзүлдү;
14) Кыргыз Республикасынын Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин (мындан ары - ӨКМ) тиешелүү бөлүмү тарабынан бардык ведомстволук маалымат базаларынан (банктардан) кооптуу жаратылыш процесстеринин мүмкүн болгон активдешүүсүнө мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо үчүн зарыл болгон маалыматтарды андан ары жалпылап талдоо жана божомолдоо материалынын сапатын жогорулатуу үчүн алуусунун бирдиктүү жолу иштелип чыкты.
2-артыкчылык: ӨК КМББСнын илимий-изилдөө жана техникалык потенциалын модернизациялоо жана чыңдоо.
Бул артыкчылык төмөнкү негизги милдеттерди аткарууну карайт (6-10-милдеттер):
6-милдет. Максаттуу илимий-изилдөө жана долбоорлоо-чалгындоо программаларын жана иштерин жайылтуу.
ӨКтүн аныкталган жана потенциалдуу келип чыгуу булактарына туруктуу мониторинг жүргүзүүнү, ӨКтү мурунтан алдын алууга багытталган, алардын өнүгүшүн өз убагында жана ишенимдүү божомолдоону камсыз кылуу боюнча маселелерди чечүүдө ӨК КМББС ишинин натыйжалуулугун жогорулатуу зарыл.
Бул милдетти жердин, океандардын, атмосферанын, гидросферанын, климаттын, экологиянын жана өзгөчө кырдаалдардын аныкталган жана потенциалдуу келип чыгуу булактарына олуттуу таасир этүүчү айлана-чөйрөнүн башка көптөгөн түзүүчүлөрүнүн абалы менен байланышкан, жаратылыш чөйрөсүндө жана техночөйрө объекттеринде болуп жаткан процесстердин жана кубулуштардын илимий негизделген маалыматтарын жана илимий билимдерин колдонбой туруп аткаруу мүмкүн эмес.
6-милдетти ишке ашыруунун алкагында климаттын глобалдуу өзгөрүү процесстеринен улам курчуп бара жаткан ӨКтүн эң көйгөйлүү келип чыгуу булактарына мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо жаатында максаттуу илимий-изилдөө жана долбоорлоо-чалгындоо программаларын жана иштерин жайылтуу пландалууда.
7-милдет. Инновациялык маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана прогрессивдүү илимий-техникалык чечимдерди ишке киргизүү.
Заманбап дүйнө ӨКтүн аныкталган жана потенциалдуу келип чыгуу булактарына туруктуу мониторинг жүргүзүү, алардын өнүгүшүн өз убагында жана ишенимдүү божомолдоону камсыз кылуу боюнча милдеттердин бүтүндөй комплексин кыйла натыйжалуу аткарууга мүмкүндүк берүүчү инновациялык маалыматтык-коммуникациялык технологияларды киргизбей коё албайт.
Бул милдетти ишке ашыруунун алкагында моделдөөнүн маалыматтык программалык пакеттерин, ӨКтү аралыктан зонддоону жана божомолдоону, геомаалыматтык системаларды (мындан ары - ГМС), учкучсуз учуучу аппараттарды (мындан ары - УУА), санариптештирүүнү, карта түзүүнү жана башкаларды колдонуу менен мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматын чогултуунун, иштеп чыгуунун жана талдоонун натыйжалуулугун олуттуу жогорулатуучу инновациялык маалыматтык-коммуникациялык технологияларды жана прогрессивдүү илимий-техникалык чечимдерди киргизүү боюнча бир катар чаралар ишке ашырылат.
8-милдет: ӨК КМББС маалыматтык-аналитикалык, аппараттык жана программалык камсыздоосун модернизациялоо жана чыңдоо.
ӨК КМББС маалыматтык-аналитикалык, аппараттык жана программалык камсыздоосунун учурдагы абалы бүгүнкү күндүн реалияларына толук жооп бербейт. 8-милдетти ишке ашыруунун алкагында инвентаризация жүргүзүү, муктаждыктарды аныктоо жана ӨК КМББС маалыматтык-аналитикалык, аппараттык жана программалык камсыздоосун модернизациялоо жана чыңдоо талап кылынат.
9-милдет: Мониторинг тармактарын ӨКкө мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун глобалдык жана аймактык тармактарына интеграциялоо аркылуу модернизациялоо.
Азыркы учурда дүйнөдө Жердин биосферасындагы жана экосферасындагы жалпы дүйнөлүк процесстер менен кубулуштарга байкоо жүргүзүүчү ондогон глобалдык жана аймактык системалар, тармактар, байкоо, мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо борборлору түзүлгөн жана иштеп жатат. Алар ӨК КМББС кызыкчылыгында пайдаланылууга тийиш болгон олуттуу илимий-техникалык дараметке жана эбегейсиз мүмкүнчүлүктөргө ээ.
Мисалы, КБГС - климатка байкоо жүргүзүүнүн глобалдык системасы; АМГС - айлана-чөйрөгө мониторинг жүргүзүүнүн глобалдык системасы; ГЕОСС - Жерди изилдөөнүн глобалдык системасы, ДМУ (Дүйнөлүк метеорологиялык уюм) глобалдык жана аймактык маалыматтык системалары жана башкалар.
ӨКкө мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу максатында мониторинг тармактарын глобалдык жана аймактык мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо тармактарына интеграциялоо жолу менен модернизациялоо чараларын ишке ашыруу, алардын потенциалын жана мүмкүнчүлүктөрүн ӨК КМББС кызыкчылыгында андан ары пайдалануу талап кылынат.
10-милдет: Жерди аралыктан зонддоо (мындан ары - ЖАЗ) мүмкүнчүлүктөрүн ӨК КМББС кызыкчылыгында колдонууну өнүктүрүү. ЖАЗды колдонуу тартуучу аппаратуранын ар кандай түрлөрү менен жабдылган жер үстүндөгү, авиациялык жана космостук каражаттар менен жер бетине байкоо салууга мүмкүнчүлүк берет.
Аралыктан зонддоо объект же кубулуш тууралуу маалыматты бул объект менен түздөн-түз физикалык байланышсыз алуу ыкмасы болуп саналат. Ал кооптуу, жетүүгө кыйын жана тез кыймылдаган объекттер жөнүндө маалымат алуу, ошондой эле кеңири аймактарда байкоо жүргүзүү мүмкүнчүлүгүн берет. ЖАЗ рыногу дүйнөдөгү эң тез өнүгүп жаткан рыноктордун бири болуп саналат. Жыл сайын жаңы компаниялар пайда болот, технологиялар, кызматтар жана сервистер жаңыланат. УУАларды, лидарларды (жарык нурун колдонуу менен аралыктарды өлчөө технологиясына негизделген приборлор), Жердин үстүн аралыктан зонддоо үчүн микроспутниктерди колдонуунун келечеги чоң.
Аралыктан зонддоо көбүнчө айыл жана токой чарбаларында, геодезияда, картографияда, Жер бетине, суу ресурстарына жана атмосфера катмарларына байкоо жүргүзүүдө колдонулат.
10-милдетти ишке ашыруунун алкагында Жерди аралыктан зонддоо мүмкүнчүлүктөрүн Кыргыз Республикасында ӨКкө мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо кызыкчылыгында пайдаланууну жогорулатууга мүмкүндүк берүүчү чараларды ишке ашыруу пландалууда.
Күтүлүүчү натыйжалар:
1) максаттуу илимий-изилдөө жана долбоорлоо-чалгындоо программалары жана иштери жүргүзүлдү, табигый, техногендик, экологиялык, биологиялык-социалдык мүнөздөгү ӨКкө мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо жаатында, такталган, илимий негизделген маалыматтар берилди;
2) ӨКкө мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун натыйжалуулугун жана жыйынтык берүүчүлүгүн жогорулатууга мүмкүндүк берген инновациялык маалыматтык-коммуникациялык технологиялар жана прогрессивдүү илимий-техникалык чечимдер ишке киргизилди;
3) ӨК КМББС маалыматтык-аналитикалык, аппараттык жана программалык камсыздоосу модернизацияланды жана чыңдалды;
4) ӨКкө мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун глобалдык жана аймактык тармактарга интеграцияланышы кеңейтилди;
5) Жерди аралыктан зонддоо мүмкүнчүлүктөрүн Кыргыз Республикасында ӨКкө мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо кызыкчылыктарында пайдалануу потенциалы күчөтүлдү.
3-артыкчылык. Мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматын иштеп чыгуунун жана берүүнүн регламенттерин жана типтүү формаларын (форматтарын) стандартташтыруу, ишке киргизүү.
ӨК КМББС болушу ыктымалдуу болгон ӨКтү комплекстүү талдоо жана божомолдоо максатында ар кандай булактардан жана ар кандай формаларда (форматтарда) маалымат чогултууга мүмкүндүк бериши керек.
Мисалы, ар кандай түрдөгү коркунучтар менен тобокелдиктер үчүн мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматын берүүнүн министрликтер жана административдик ведомстволор, өздөрүнүн тармактык чөйрөлөрүндө адистештирилген уюмдар менен кызматтар тарабынан атайын иштелип чыккан стандартташтырылган формалар (форматтар) ар кандай натыйжалуулукта колдонулушу мүмкүн.
Бул артыкчылык төмөнкү негизги милдеттерди аткарууну карайт (11-14-милдеттер).
11-милдет. Табигый мүнөздөгү ӨК булактары боюнча мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматын иштеп чыгуунун жана берүүнүн регламенттерин, типтүү формаларын (форматтарын) стандартташтыруу жана ишке киргизүү.
11-милдетти ишке ашыруунун алкагында жер титирөөлөр, сел жана суу ташкыны, бийик тоодогу көлдөрдүн плотиналарынын бузулушу, кар көчкүлөр, жер көчкүлөр, таш кулоо, жардын уроосу, геокриологиялык, карст-суффузиялык процесстер, боз топурактын жана чополуу топурактын чөгүүсү, жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү, токой жана тоо өрттөрү, талаа жана дан массивдериндеги өрттөр, ошондой эле табигый мүнөздөгү ӨКтүн башка булактары жана түрлөрү боюнча мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматтарын иштеп чыгуунун жана берүүнүн регламенттерин, типтүү формаларын (форматтарын) божомолдоонун мөөнөттөрүнө жана колдонулган ыкмаларына жараша стандартташтырууну жана ишке киргизүүнү камсыз кылуу каралууда.
12-милдет. Техногендик мүнөздөгү ӨК булактары боюнча мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматын иштеп чыгуунун жана берүүнүн регламенттерин, типтүү формаларын (форматтарын) стандартташтыруу жана ишке киргизүү.
12-милдетти ишке ашыруунун алкагында плотиналардын, дамбалардын, шлюздардын, тосмолордун бузулушу, жерлердин чөгүүсү, тиричиликти камсыз кылуучу коммуналдык системалардагы кырсыктар, имараттардын, курулмалардын капысынан кулашы, энергетика системасындагы кырсыктар, өрт, жарылуулар, транспорттук кырсыктар, радиоактивдүү заттардын, химиялык коркунучтуу заттардын, биологиялык коркунучтуу заттардын чыгышына (чыгаруу коркунучуна) байланыштуу кырсыктар, калдык сактоочу жайлардын жана тоо таштандыларынын бүтүндүгүнүн бузулушу (радиактивдүү жана уулуу заттардын чыгуу коркунучу) жана техногендик мүнөздөгү ӨКтүн башка булактары жана түрлөрү боюнча мониторингдик жана божомолдоо маалыматтарын иштеп чыгуунун жана берүүнүн регламенттерин, типтүү формаларын (форматтарын) божомолдоонун мөөнөттөрүнө жана колдонулган ыкмаларына жараша стандартташтырууну жана ишке киргизүүнү камсыз кылуу каралууда.
13-милдет. Экологиялык мүнөздөгү ӨК булактары боюнча мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматын иштеп чыгуунун жана берүүнүн регламенттерин, типтүү формаларын (форматтарын) стандартташтыруу жана ишке киргизүү.
13-милдетти ишке ашыруунун алкагында жердин (кыртыштын, жер астынын, ландшафттардын) абалынын, атмосферанын курамынын жана касиеттеринин, гидросферанын жана биосферанын абалынын өзгөрүшү, жаратылыштын радиоактивдүү булганышынын өзгөрүшү, ошондой эле ӨКтүн экологиялык мүнөздөгү башка булактары жана түрлөрү боюнча мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматтарын иштеп чыгуунун жана берүүнүн регламенттерин, типтүү формаларын (форматтарын) божомолдоонун мөөнөттөрүнө жана колдонулган ыкмаларына жараша стандартташтырууну жана ишке киргизүүнү камсыз кылуу каралууда.
14-милдет. Биологиялык-социалдык мүнөздөгү ӨК булактары боюнча мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматын иштеп чыгуунун жана берүүнүн регламенттерин, типтүү формаларын (форматтарын) стандартташтыруу жана ишке киргизүү.
14-милдетти ишке ашыруунун алкагында адамдардын жана жаныбарлардын массалык жугуштуу оорулары, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн оорулардын, отоо чөптөрдүн, зыянкечтердин айынан массалык зыянга учурашы, ошондой эле биологиялык-социалдык мүнөздөгү ӨКтүн башка булактары жана түрлөрү боюнча мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматтарын иштеп чыгуунун жана берүүнүн регламенттерин, типтүү формаларын (форматтарын) божомолдоонун мөөнөттөрүнө жана колдонулган ыкмаларына жараша стандартташтырууну жана ишке киргизүүнү камсыз кылуу каралууда.
Күтүлүүчү натыйжалар:
3-артыкчылыктуу багыттын милдеттерин ишке ашыруунун алкагында министрликтер жана административдик ведомстволор, тармактык чөйрөдө өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча тиешелүү функционалдык-тармактык түзүмдөрдүн ишин уюштуруучу адистештирилген уюмдар жана кызматтар тарабынан төмөнкү ӨК (табигый, техногендик, экологиялык, биологиялык-социалдык) боюнча мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо маалыматтарын иштеп чыгуунун жана берүүнүн стандарттары, регламенттери, типтүү формалары (форматтары) ишке киргизилди:
1) жер титирөө, сел жана суу ташкыны, бийик тоолуу табигый көлдөрдүн плотиналарынын бузулушу, кар көчкү, жер көчкү, таш кулоо, жардын уроосу, геокриологиялык, карст-суффузиялык процесстер, боз топурактын жана чополуу топурактын чөгүүсү, жер астындагы суулардын деңгээлинин көтөрүлүшү, токой жана тоо өрттөрү, талаа жана дан массивдериндеги өрт, ошондой эле божомолдоонун мөөнөттөрүнө жана колдонулган ыкмаларына жараша табигый мүнөздөгү ӨКтүн башка булактары жана түрлөрү;
2) плотиналардын, дамбалардын, шлюздардын, тосмолордун бузулушу, жерлердин чөгүүсү, тиричиликти камсыз кылуучу коммуналдык системалардагы кырсыктар, имараттардын, курулмалардын капысынан кулашы, энергетикалык системадагы кыйроолор, өрт, жарылуулар, транспорттук кырсыктар, радиоактивдүү заттардын чыгышына (чыгуу коркунучуна) байланыштуу кырсыктар, химиялык коркунучтуу заттардын чыгышына (чыгуу коркунучуна) байланыштуу кырсыктар, биологиялык коркунучтуу заттардын бөлүнүп чыгуусуна (чыгуу коркунучуна) байланыштуу кырсыктар, калдык сактоочу жайлардын жана тоо таштандыларынын бүтүндүгүнүн бузулушу (радиактивдүү жана уулуу заттардын чыгуу коркунучу), ошондой эле божомолдоонун мөөнөттөрүнө жана колдонулган ыкмаларына жараша техногендик мүнөздөгү ӨКтүн башка булактары жана түрлөрү;
3) жердин (кыртыштын, жер астынын, ландшафттардын) абалынын, атмосферанын курамынын жана касиеттеринин, гидросферанын жана биосферанын абалынын өзгөрүшү, жаратылыштын радиоактивдүү булганышынын өзгөрүшү, ошондой эле божомолдоонун мөөнөттөрүнө жана колдонулган ыкмаларына жараша экологиялык мүнөздөгү ӨКтүн башка булактары жана түрлөрү;
4) адамдардын жана жаныбарлардын массалык жугуштуу оорулары, айыл чарба өсүмдүктөрүнүн оорулардын, отоо чөптөрдүн, зыянкечтердин айынан массалык зыянга учурашы, ошондой эле божомолдоонун мөөнөттөрүнө жана колдонулган ыкмаларына жараша биологиялык-социалдык мүнөздөгү ӨКтүн башка булактары жана түрлөрү.
4-артыкчылык: ӨКкө аймактык, жергиликтүү жана объекттик деңгээлде мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Бул артыкчылык төмөнкү негизги милдеттерди аткарууну карайт (15-17-милдеттер):
15-милдет. ӨКкө облустук жана райондук деңгээлде мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу.
16-милдет. ӨКкө жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун натыйжалуулугун жогорулатуу.
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, Бишкек жана Ош шаарларынын мэрлери, жергиликтүү мамлекеттик администрациялардын, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын башчылары өздөрүнүн аймактарында ЖКнын башчылары болуп саналат.
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамына ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар жана ЖК жаатындагы жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ведомствого караштуу аймактарда ЖК чөйрөсүндөгү ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракетте кырсык коркунучуна мониторинг жүргүзүү, божомолдоо, баалоо жана ӨКтүн алдын алуу боюнча иш-чараларды жүзөгө ашырууга, ошондой эле ведомствого караштуу объекттерде жана аймактарда келип чыккан ӨКтүн алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрүүгө милдеттүү.
15 жана 16-милдеттердин алкагында облустардын, райондордун жана өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде ӨКкө мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун натыйжалуулугун жогорулатууга багытталган чаралар ишке ашырылат.
17-милдет. ӨКкө мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун натыйжалуулугун коргонуу, экономикалык жана социалдык маанидеги объекттерге ээ жана кырсык болуп кетүү коркунучунун даражасы жогору болгон уюмдардын (менчигинин түрүнөн көз карандысыз мекемелердин, ишканалардын, чарбалык объекттердин) деңгээлинде жогорулатуу.
"Жарандык коргонуу жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 10-беренесине ылайык Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар ЖК жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган менен өз ара аракетте ведомствого караштуу аймакта кырсык коркунучуна мониторинг жүргүзүү, божомолдоо, баалоо жана ӨКтүн алдын алуу боюнча иш-чараларды жүргүзөт, ӨКтүн келип чыгуу коркунучу же келип чыгышы жөнүндө калкка өз убагында кабарлоону камсыз кылат, ведомствого караштуу объекттерде жана аймактарда келип чыккан ӨКтүн алдын алуу жана кесепеттерин жоюу боюнча чараларды көрөт.
17-милдетти ишке ашыруунун алкагында маалымат базасын түзүү аркылуу инвентаризация жүргүзүү жана картага түшүрүү, ошондой эле коргонуу, экономикалык жана социалдык маанидеги объекттери бар уюмдардын ишинин профилине жараша же ӨКтүн жаралуу коркунучу жогору болгондугуна жараша, ведомствого караштуу аймактарда жана объекттерде ӨКкө мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун натыйжалуулугун жогорулатууга көмөк көрсөтүүгө багытталган чараларды ишке ашыруу каралат.
Күтүлүүчү натыйжалар:
1) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар тармактык чөйрөдө ӨКкө мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча иш жүргүзүүчү адистештирилген уюмдар жана кызматтар менен өз ара аракетте ведомствого караштуу аймактарда ӨКкө мониторинг жүргүзүү, божомолдоо жана баалоо, ошондой эле алдын алуу иштеринин натыйжалуулугу жогорулады;
2) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ведомствого караштуу аймактарда ЖК жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик органдын аймактык түзүмдүк бөлүмдөрү менен өз ара аракетте, координацияда жана методикалык жетекчилиги астында табигый, техногендик, экологиялык, биологиялык-социалдык мүнөздөгү ӨКтү божомолдоонун, кырсыктардын тобокелдигине баа берүүнүн жана алдын алуунун натыйжалуулугу жогорулады;
3) коргонуу, экономикалык жана социалдык маанидеги объекттери бар же ӨКтүн жаралуу коркунучу жогору болгон уюмдарды инвентаризациялоо жана картага түшүрүү жүргүзүлдү, ошондой эле маалымат базасы түзүлдү;
4) коргонуу, экономикалык жана социалдык маанидеги объекттери бар же ӨКтүн жаралуу коркунучу жогору болгон уюмдарга алардын ведомстволук аймактарында жана объекттеринде министрликтер, административдик ведомстволор, тармактык чөйрөдө ӨКкө мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо боюнча иш жүргүзүүчү адистештирилген уюмдар жана кызматтар менен өз ара аракетте, координацияда жана методикалык жетекчилиги астында ӨКкө мониторинг жүргүзүүнүн жана болжолдоонун натыйжалуулугун жогорулатууда көмөк көрсөтүүгө багытталган чаралар ишке ашырылды.
5-артыкчылык: Табигый, техногендик, экологиялык, биологиялык-социалдык мүнөздөгү ӨКкө мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун методикалык жана методологиялык негиздерин өркүндөтүү.
Бул артыкчылык төмөнкү негизги милдеттерди аткарууну карайт (18-21-милдеттер):
18-милдет. Табигый, техногендик, экологиялык, биологиялык-социалдык мүнөздөгү ӨКтүн ыкчам, кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү болжолдоолорун иштеп чыгуунун методикалык жана методологиялык негиздерин өркүндөтүү.
ӨКтү божомолдоо колдонулган божомолдоо ыкмаларына жана мөөнөтүнө жараша айырмаланат. ӨКтү божомолдоонун түрлөрү мөөнөтүнө жараша төмөнкүлөрдү камтыйт:
1) узак мөөнөттүү - бир жылдан ашык мөөнөт;
2) орто мөөнөттүү - бир ай жана бир жылга чейин;
3) кыска мөөнөттүү - бир жумага жана бир айга чейин;
4) ыкчам - бир сутка жана үч суткага чейин;
5) күнүмдүк ыкчам - 24 сааттык убакыт (ӨК келип чыгуу ыктымалынын жогорку даражасы жөнүндө шашылыш эскертүү).
18-милдетти ишке ашыруунун алкагында ӨКтүн мүнөзүнө: табигый, техногендик, экологиялык же биологиялык-социалдыкка жараша ыкчам, кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү божомолдорду иштеп чыгуунун методикалык жана методологиялык негиздерин өркүндөтүү боюнча чараларды ишке ашыруу каралат.
19-милдет. ӨКкө мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун методологиялык, методикалык материалдарын жана инструменттерин облустук жана райондук деңгээлде иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
20-милдет. Өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун методологиялык, методикалык материалдарын жана инструменттерин жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын деңгээлинде иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
21-милдет. ӨКкө мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун методологиялык, методикалык материалдарын жана инструменттерин коргонуу, экономикалык жана социалдык маанидеги объекттери бар же ӨКтүн жаралуу коркунучу жогору болгон уюмдардын (менчигинин түрүнөн көз карандысыз мекемелердин, ишканалардын, чарбалык объекттердин) деңгээлинде иштеп чыгуу жана ишке киргизүү.
Кыргыз Республикасында аймактык жана административдик-аймактык камтуусуна (облус, шаар, район, айыл аймагы) жараша табигый, техногендик, экологиялык же биологиялык-социалдык мүнөздөгү ӨКтүн мониторингин жана божомолун уюштурууда жана жүргүзүүдө олуттуу айырмачылыктар жана өзгөчөлүктөр бар.
Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү, жергиликтүү мамлекеттик администрациялар, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жана коргоо, экономикалык жана социалдык маанидеги объекттери бар жана ӨКтүн жаралуу коркунучу жогору болгон уюмдар ведомствонун карамагындагы аймактарда кырсык тобокелдигине мониторинг жүргүзүү, божомолдоо, баалоо жана ӨКтүн алдын алуу боюнча иш-чараларды өткөрүүгө милдеттүү.
Жер-жерлерде талап кылынган билимдердин жана практикалык көндүмдөрдүн жоктугунан, методикалык жана методологиялык материалдардын жетишсиздигинен турган көйгөйлөр бар.
19, 20 жана 21-милдеттерди ишке ашыруунун алкагында облустардын, райондордун, жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарынын жана коргонуу, экономикалык, социалдык маанидеги жана ӨКтүн жаралуу коркунучу жогору болгон объекттери бар уюмдардын деңгээлинде ӨКкө мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун методикалык жана методологиялык материалдарын жана инструменттерин иштеп чыгууга жана ишке киргизүүгө багытталган иш-чаралар ишке ашырылат.
Күтүлүүчү натыйжалар:
1) табигый, техногендик, экологиялык, биологиялык-социалдык мүнөздөгү ӨКтүн ыкчам, кыска мөөнөттүү, орто мөөнөттүү жана узак мөөнөттүү божомолдорун иштеп чыгууда практикалык колдонуу үчүн методикалык жана методологиялык материалдар киргизилди;
2) Кыргыз Республикасынын Президентинин облустардагы ыйгарым укуктуу өкүлдөрү жана жергиликтүү мамлекеттик администрациялар облустардын жана райондордун деңгээлинде ӨКкө мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо үчүн методикалык жана методологиялык материалдар жана инструменттер менен камсыз кылынды;
3) жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары ӨКкө мониторинг жүргүзүү жана божомолдоо үчүн методикалык жана методологиялык материалдар жана инструменттер менен ведомствого караштуу аймактарында камсыз кылынды;
4) коргонуу, экономикалык жана социалдык маанидеги объекттери бар жана ӨК жаралуу коркунучу жогору болгон уюмдар (менчигинин түрүнөн көз карандысыз мекемелер, ишканалар, чарбалык объекттер) ӨКкө мониторинг жүргүзүүнүн жана божомолдоонун методикалык жана методологиялык материалдары жана инструменттери менен ведомствого караштуу аймактарында камсыз кылынды.
5-глава. Финансылык ресурстар жана булактар
Бул Концепцияны каржылоо кырсыктардын тобокелин төмөндөтүү, ӨКтүн алдын алуу, климаттын өзгөрүшүнө адаптациялоо жаатындагы программаларды жана долбоорлорду ишке ашыруунун алкагында донордук агенттиктерден жана эл аралык уюмдардан инвестицияларды тартуунун эсебинен жүзөгө ашырылуусу пландалууда.
6-глава. Концепцияны ишке ашырууда мүмкүн болгон тобокелдиктер
Концепцияны ишке ашырууда төмөнкүдөй тобокелдиктердин ыктымалдыгы бар:
1) ушул Концепцияда каралган милдеттердин ылайыксыз, өз убагынан кечиктирилип же толук эмес каржыланышы;
2) ӨК КМББС иши, координациясы жана методикалык жетектөөсү үчүн жоопкерчиликтүү ЖК жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан Концепциянын ишке ашырылуусуна контролдун жетишсиздиги;
3) министрликтердин, административдик ведомстволордун, адистештирилген уюмдардын - ӨК КМББС катышуучуларынын ортосунда тийиштүү координациянын жана иш-аракеттерди макулдашуунун жоктугу;
4) каралган иш-чаралардын жооптуу аткаруучулар тарабынан талаптагыдай эмес, өз убагынан кечиктирилип жана толук эмес аткарылышы;
5) ал жеткис күчтүн жагдайлары (пандемия, ири табигый кырсыктар, коомдук-саясий толкундоолор ж.б.).
7-глава. Мониторинг жана баалоо
Ушул Концепциянын алкагында милдеттердин жана иш-чаралардын аткарылышына алты айлык үзгүлтүксүз мониторинг жүргүзүү, баалоо жана талдоо ЖК жаатындагы ыйгарым укуктуу мамлекеттик орган тарабынан жүргүзүлөт жана аны ишке ашыруу прогрессине байкоо жүргүзүүнүн натыйжалуу инструменти болот. Ал төмөнкүлөргө мүмкүндүк берет:
1) ушул Концепциянын артыкчылыктуу багыттарын, милдеттерин жана иш-чараларын ишке ашыруунун аралыктуу жана жыйынтыктоочу натыйжаларын баалоого;
2) милдеттерди жана иш-чараларды аткаруунун жүрүшүн, алардын ӨК КМББС институттук жана илимий-техникалык потенциалын чыңдоого тийгизген таасирин баалоого;
3) милдеттерди жана иш-чараларды аткарууну баалоонун натыйжалуулугун, алардын ӨКтүн аныкталган жана потенциалдуу келип чыгуу булактарына туруктуу мониторинг жүргүзүүнү камсыз кылуу, ӨКтү алдын ала эскертүү жана алдын ала иш-аракеттерди уюштурууга багытталган өнүгүүсүн өз убагында жана ишенимдүү божомолдоо боюнча милдеттерди аткаруусуна таасир этүүсүн талдоого;
4) жооптуу аткаруучулар тарабынан каралган иш-чаралардын талаптагыдай эмес, өз убагынан кечиктирилип же толук эмес аткарылышына өз убагында чара көрүүгө;
5) ушул Концепцияны ишке ашыруу процессине түзөтүүлөрдү киргизүү боюнча алдын ала чечимдерди кабыл алууга.
Концепцияны ишке ашыруунун жүрүшүндө төмөнкүлөр каралат:
1) жетишилген прогресске жыл сайын деталдуу талдоо жүргүзүү, "жетишсиз жерлерди жана кенемтелерди" жана кемчиликтерди аныктоо;
2) жетишилген натыйжаларды кароо, аткарылбаган милдеттердин жана иш-чаралардын себептерин жоюу боюнча ыкчам чечимдерди кабыл алуу боюнча кызматтык жыйналыштарды уюштуруу жана өткөрүү;
3) ушул Концепцияны ишке ашыруунун алкагында өз ара аракеттенүүнү жана кызматташтыкты чыңдоо максатында донордук агенттиктер жана эл аралык уюмдар менен үзгүлтүксүз жолугушууларды өткөрүү;
4) министрликтердин, административдик ведомстволордун, адистештирилген уюмдардын жана кызматтардын - ӨК КМББС катышуучуларынын ортосунда Концепцияны ишке ашыруу боюнча иш-аракеттердин координациясын жана макулдашуусун күчөтүү боюнча чараларды көрүү.