Редакцияот 03.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТҮП АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын  3-апрели № 48                                                            

Түп  айыл аймагынын  малдарды  жайлоого көчүрүүнүн, багуунун,  бадада  багуунун, жазгы-күзгү  жердин  айдоо-себүүнүн  акыларын жана малдын эгинге, көп жылдык чөптөргө зыян келтирүүсүнүн айып пулдарын бекитүү  жѳнүндѳ                                                                  

 

 

   Түп айыл  аймагынын  малдарды жайлоого  багуунун,  бадада багуу,  жазгы-күзгү  айдоо-себүүнүн  акыларын бекитүү  жѳнүндѳ  маселени карап,  чыгып,  айылдык жыйындардын  жыйынтыктары  менен алдын  ала  талкуулоолорду  жана макулдашууларды  эске  алуу  менен Кыргыз Республикасынын 2021-жылдын 20-октябры “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”№ 123 Мыйзамынын 34-беренесинин 1-пунктунун негизинде Түп  айылдык Кеӊешинин   ХХVIII-чакырылышынын  XXVII - сессиясы  токтом кылат:

1.     Түп  айыл аймагы  боюнча  жайлоого кѳчкѳн  малды  багуу акысы:

-       1 бир  баш  койго - 160 сом;

-       уйга,  торпокко -  700 сом;

-       Жылкыга  - 700 сом;

-       Түп  айыл  аймагыдагы бардык   бадалар үчүн баданын  акысы уй башына (букасы менен) - 400 сом.

2.     Түп  токой чарбасынын   пайдаланууга  алынган жайыт   акы:

-       1 бодого, жылкыга - 54 сом, 1 га  жер  бѳлүнѳт;

-       1 койго – 12,5 сом, 4  башка 1 га  жер бѳлүнѳт.

3.     Түп айыл өкмөтүнүн жакынкы жайыттарына алынган  жайыт   акы:

-       1 бодого, жылкыга - 100 сом, 1 га  жер  бѳлүнѳт;

-       1 койго – 25 сом, 4  башка 1 га  жер бѳлүнѳт.

4.     Түп  айыл аймагы  боюнча  малдарды жайлоого  көчүрүү  убактысы

5-майга чейин деп  милдеттендирилет.

5.     Белгиленген  мѳѳнѳттѳ кѳчпѳгѳн  малчыларга  катуу чаралар

кѳрүлсүн жана  10 000 (он миң) сом  ѳлчѳмүндѳ  айып  салынсын.

6.     Айылда  саан уйлар  жана  1 баш мингич  же  арабакеч жылкы  алып

калууга   уруксат  берилсин.

7.     Базда-кашарларда  мал алып калып, багууга уруксаат берилбесин.

8.     Түп айыл аймагынын малдарын  мамлекет  тарабынан коюлган

талапка ылайык  биркалап  берүү жана даарылап   профилактика

жүргүзүү жагы ветеринардык  тейлѳѳ кызматына  тапшырылсын.

9.     Ветеринарлардын  вакцинация боюнча  аткарган  иштери боюнча:

-         1 баш   бодо малга  -350 сомдон;

-         майда  жандыкка 2  укол  40  сом  кызмат акы бекитилсин жана

малдардын вакцинациясын  мал  даарыгерлик кызматкерлери 

1-майга чейин толук  бүтүрүшсүн.

10.  Алыскы  жайлоого кѳчүп  жаткан  малчыларга милдеттүү  түрдѳ

айыл ѳкмѳтү менен  келишим  түзүү жагы   милдеттендирилсин.

11.  Айдалган  эгин аянттарына,  кѳп  жылдык чѳптѳргѳ,  беделерге    зыян

келтирген учурда    мал   ээлерине мыйзам  чегинде  административдик чаралар    колдонулсун.

12.  Элдин  үлүш жериндеги  эгинге,  кѳп жылдык  чѳптѳргѳ  зыян

келтирилген учурда,  айыл  ѳкмѳтүнүн жер жана  мал  боюнча адиси  менен   биргеликте  түзүлгѳн  комиссия  курамы акт  түзүп  уй, жылкы  жана  кой баласына,  антимонополияга  каршы жѳнгѳ салуу  кызматы  менен макулдашуунун  негизинде,  зыян келтирген  учурларда  аксакалдар соту  тарабынан  тѳмѳндѳгүдѳй айып  пулдар  салынсын:

Биринчи жолу  зыян  келтирген учурда:

-       Кой,  эчки – 250 сом;

-       Бодо  - 600 сом;

-       Каз  ѳрдѳк,  индюк – 100 сом.

Экинчи жолу  зыян    келтирген учурда:

-       Кой,  эчки  - 600 сом;

-       Бодо  - 1500 сом;

-       Каз,  ѳрдѳк,  индюк -200 сом.

 Учүнчү  жолу  зыян келтирген  учурда: 

-       Кой,  эчки – 1000 сом;

-       Бодо  - 2500 сом;

-       Каз, ѳрдѳк,  индюк – 500 сом.

13.  Күз  мезгилинде жайлоодон  аба-ырайына  жараша 15-сентябрга

чейин кѳчүп  келүүгѳ  уруксат берилбесин.

14.   Уруксаатсыз кѳчүп  келген  малчыларга мыйзам  чегинде

административдик  чара  кѳрүлсүн  жана 50 000 (элүү  миӊ)  сом акчалай  айып  пул  салынсын.

15.  Түп  токой чарбасына,  малчылар  менен келишимдерди  түзүү  жагы 

айыл ѳкмѳттүн  мал  чарба адиси    менен  макулдашуудан кийин  гана  түзүү жагы   тапшырылсын  жана ушул  токтомго  таянуу менен  кѳчүп  келүү  мѳѳнѳттѳрүн  коюп  берүү жагы тапшырылсын.

16.  Түп  айылдык Кеӊешинин  сессиясынын  токтому менен  мал  багып,

жайлоого чыгуучуларды  кол  койдуруп, тааныштыруу ишин  алып  баруу мал  чарба  адисине тапшырылсын.

17.   Жайыттарды башка  максаттарда  келишим менен ижарага берилген

жерлерден  (чѳп  чабышка – 700 сом)  баа  акысы  алынсын.

18.  Түп  айыл аймагынын  айыл ѳкмѳтү  боюнча  жазгы -  күзгү

талаачылык жумуштарына  техникалардын  кызмат акысы  тѳмѳндѳгүдѳй  бекитилсин:

-       Жер  айдоого 1 га  жерге - 1000 сом + 25 литр  солярка;

-       Тырмоок  маласы    менен  1 га жерге - 800 сом  + 10 литр  солярка;

-       Тырмоок  маласы жок  болсо 1 га жерге  - 350 сом + 6 литр  солярка;

-       Тырмоок бедеге 1 га жерге - 300сом + 7 литр солярка;

-       Себүү 1  га жерге  - 450 сом + 8 литр   солярка;

-       Каткилѳѳ  1  га жерге - 300 сом + 6 литр  солярка;

-       Чѳп  чабуу  Германка 1 га  жерге  - 1000 сом + 10 литр  солярка;

-       Жѳнѳкѳй  чѳп  чапкыч 1 га  жерге  – 500 сом + 8 литр  солярка;

-       Комбайн  1  га жерге  - 1000 сом + 20 литр  солярка;

-       Жүк  ташуучу  авто унаага 1  рейсине  600 - 1000 сомго  чейин + күйүчү  майы аралыгына  жараша;

-       Чѳп  престѳѳ  1 түккѳ  жиби  менен 14 сом + 1  га жерге 10 литр  солярка;

-       Беденин үрѳнүн   чабуу  1  га жерге  - 2500 сом + 25 литр  солярка.

19.  Кызмат  кѳрсѳтүүнүн акысынын  бааларын  транспорт ээлерине  кол

койдуруп тааныштыруу  Түп  айыл ѳкмѳтүнүн  жер  боюнча башкы  адисине   милдеттендирилсин.

20.  Бул токтомдун  аткарылышы Түп  айыл ѳкмѳтүнүн башчысына,

көзөмөлгө алуу жагы Түп айылдык кеңешинин  айыл чарбасы, жерди пайдалануу, муниципалдык менчик, архитектура, курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктѳлсүн.

21.   Түп айылдык кеңешинин 2024-жылдын 12-апрелиндеги “Түп  айыл

аймагынын малдарды  жайлоого  көчүрүүнүн, багуунун,  бадада багуунун,  жазгы-күзгү  жердин айдоо-себүүнүн  акыларын жана малдын эгинге, көп жылдык чөптөргө зыян келтирүүсүнүн айып пулдарын бекитүү  жѳнүндѳ” №226-токтому күчүн жоготту деп эсептелсин.

22.  Токтомду маалымат-массалык каражаттарына жарыялап, Кыргыз

Республикасынын Юстиция Министрлигинин каттоосунан өткөрүү жооптуу катчы Ж.Ишембаевага милдеттендирилсин.

 

 

 

Төрага                                                                                 Абдымамбетов А.Б.