Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII чакырылышынын кезекcиз VI сессиясы
2025-жылдын 27-марты № 6/3
Чолпон айыл аймагында жаз, жай, күз айларында бодо малдарды жана майда мал жандыктарын мезгилдүү багуусу, мал багуунун ички тартип эрежелерин бекитүү жөнүндө
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Козубеков Закир Ашимовичтин билдирүүсүн угуп, «Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39 беренесине ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. КР “Административдик жоопкерчилик жөнүндө” Кодексине, КР “Бузуулар жөнүндө” Кодексине, КР “Жайыттар жөнүндө” жана КР “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамдарына ылайык Чолпон айылдык аймагында жаз, жай, күз айларында бодо малдарды, майда мал жандыктарын (кой-эчки) мезгилдүү багуусу жана мал багуунун ички тартип эрежелери төмөндөгүчө бекитилсин:
-3 (үч) баш уйдан ашык алып калууга чектөө киргизилсин;
- майда мал жандыктарды (кой-эчки) айылдарда алып калууга тыюу салынсын;
-1 (бир) баш миңгич аттан башка жылкыларды алып калууга чектөө киргизилсин.
2. Ашыкча бодо малдарды жана майда мал жандыктарды (кой-эчки) алып калууда төмөндөгүдөй айып пулдар салынсын:
-1 (бир) баш бодо малга 1000-00 (бир миң) сом;
- майда мал жандыктарга (кой-эчки) 100-00 (бир жүз) сом;
3. Айдоо аянттарга, үлүш жерлерге бодо малдарды жана майда мал жандыктарды (кой-эчки) жайса же болбосо аркандаса 1 (бир) баш бодо малга 1500-00 (бир миң беш жүз) сом, ал эми майда мал жандыктарга (кой-эчки) 250-00 (эки жүз элүү) сом өлчөмүндө айып пулдар салынсын.
4.Ар бир айылдын айыл башчылары жогорудагы ички тартип эрежелерин айыл элдери менен бирдикте сактасын.
5. Жогорудагы ички тартип эрежелери бузулган учурда көзөмөлгө алып, айып пул салуу, жеринде барып дыйкандын чыгымын тактоо иштери жана токтом жарыялангандан тартып күчүнө кирет, аткарылышын көзөмөлдөө жагы Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Козубеков Закир Ашимовичке милдеттендирилсин.
Төрага | Ө. Урматов |