Загрузка документа…
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2024-жылдын 30-январы №176/31-5
Токмок шаарынын 2024-жылга бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 28-декабрындагы №1-22/3928 “Токмок шаарынын 2024-жылга бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө” катын карап жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Бюджет Кодексинин 78-102-беренелерине ылайык, Кыргыз Республикасынын “Кыргыз Республикасынын республикалык бюджетинин 2024-жылга жана 2025-2026-жылдарга болжолу жөнүндө”, “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин контролдук цифраларын жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеӊеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын бюджети киреше жана чыгаша боюнча 2024-жылга атайын каражаттарды эсепке алуу менен – 369 131,2 миң сом суммасында (анын ичинде: бюджеттик каражаттар – 332 861,6 миӊ сом, атайын каражаттар-36 269,6 миӊ сом), 2025-жылга болжол –394 798,8 миң сом (анын ичинде: бюджеттик каражаттар – 358 529,2 миӊ сом, атайын каражаттар – 36 269,6 миӊ сом), 2026-жылга болжол – 431 705,5 миң сом (анын ичинде: бюджеттик каражаттар – 395 435,9 миӊ сом, атайын каражаттар – 36 269,6 миӊ сом), (1, 2, 2/1-тиркемелерге ылайык) жана 2024-2026-жылдарга киреше бөлүгү боюнча жөнгө салуу планы (3-тиркемеге ылайык) бекитилсин.
2. 2024-жылдын бюджети жана 2025-2026-жылдарга болжолун жергиликтүү бюджеттин чыгашаларын анык алынган кирешенин чегинде, ошол эле учурда биринчи кезекте корголгон беренелер боюнча (маяна, Социалдык фондго чегерүү, тамак-аш, калкка социалдык жардам боюнча жөлөк пул), коммуналдык кызматтарын, көмүр алууну ошондой эле шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карыздарын жабууга каржылоо белгиленсин.
3. Токмок шаарынын жергиликтүү бюджети боюнча жүгүртүлүүчү кассалык накталай каражат 2024-жылдын 1-январына карата 250,0 миң сом суммасында белгиленсин.
4. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгынын башчысы (Эсеналиев М.Т.):
-Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетин аткаруу процессинде, экономикалык кырдаал өзгөрүлгөн учурларда, Кыргыз Республикасынын Финансы министрлиги менен 2024-жылга карата киреше жана чыгаша бөлүктөрү боюнча планды тактоо боюнча иштер квартал сайын жүргүзүлсүн;
-2024-бюджеттик жылдын ичинде 2023-жыл үчүн шаардын бюджеттик мекемелеринин кредитордук карызын жабуу боюнча тиешелүү чаралар көрүлсүн.
5. Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй финансы башкармалыгына шаардын жергиликтүү бюджетин аткарууда өндүрүштүк муктаждык болгон учурда шаардык бюджеттен алуучулардын сунушу боюнча жана Токмок шаарынын мэриясынын буюрмаларына ылайык бөлүмдүн чегинде жана бюджеттик жылдын кварталынан кварталына, бюджеттик ассигнованиелердин чегинде өзгөртүүлөрдү киргизүүгө уруксат берилсин.
6. Бюджеттик каражаттардын башкы башкаруучусуна (Токмок шаарынын мэри) Кыргыз Республикасынын Бюджеттик кодексинин 109-беренесине ылайык экономикалык классификациясынын беренелеринин ортосундагы каражаттарды жалпы бюджеттик ассигнованиелердин чегинде кайра бөлүштүрүүгө укуктар берилсин;
-шаардын жергиликтүү бюджетин аткарууда зарылчылык жаралса, бюджеттик ассигнованиелерди чыгашалардын бөлүмдөн бөлүмгө которууга, Токмок шаарынын мэринин кайрылуусунун негизинде жүзөгө ашырылат. Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, финансы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунда кароо менен кийин шаардык кеңештин сессиясында бекитилет.
7. Шаардын жергиликтүү бюджетине республикалык бюджеттен максаттуу трансферттер келип түшкөн учурларда, көрсөтүлгөн каражаттардын максаттуу багытта колдонулушу Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын кароосуна киргизилет жана шаардык кеңештин сессиясында бекитилет.
Түшкөн каражаттар биринчи кезекте 2024-жыл үчүн шаардын бюджеттик мекемелеринин коммуналдык кызматтар жана башка биринчи кезекте каржылануучу чыгашалар беренелери боюнча, ошондой эле, шаардын калкына берилген жылуулук энергиясын субсидиялоого жөнөтүлсүн.
8. Токмок ш. боюнча Мамлекеттик салык кызматынын башкармалыгынын башчысына (Намазалиев А.А.):
-экономиканын көмүскө секторун мыйзамдаштыруу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен салыктарды жана төлөмдөрдү көбөйтүү боюнча чараларды көрсүн;
-салыктык жана салыктык эмес кирешелердин бардык түрлөрү боюнча бекитилген пландардын ай сайын аткарылышы камсыздалсын;
-жергиликтүү бюджеттин салыктар жана төлөмдөр калдыктарын кыскартуу боюнча иштер күчөтүлсүн;
-ай сайын шаардык жергиликтүү бюджеттин кирешелеринин салыктар жана салык эмес кирешелердин бардык түрү боюнча келип түшүүлөр жана чегерүү боюнча керектүү маалыматтар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына сунушталсын.
9.Токмок шаарынын Муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысына (Сагынбек уулу Н.):
-ай сайын төлөмдөрдүн бардык түрлөрү боюнча бекитилген пландын көрсөткүчтөрүнүн аткарылышы камсыз кылынсын;
-шаардын муниципалдык менчигиндеги объектилерди жана жерлерди натыйжалуу пайдалануу боюнча иштерди жүргүзүү жана тескөөнү жакшыртуу жолдору менен төлөмдөрдү жана жыйымдарды көбөйтүү боюнча чаралар кабыл алынсын;
-ай сайын шаардык жергиликтүү бюджеттин муниципалдык менчиктеги объектилерин пайдалануудан түшкөн жана чегерүү боюнча кирешелердин, төлөөчүлөр жана ижарачылар боюнча (юридикалык жана жеке жактар) маалыматтар Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына сунушталсын.
10. Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинен жергиликтүү салыктар жана жыйымдар бөлүмүнө, 6 штаттык бирдигин камсыздоого 6 319,8 миң сом суммасында каражат каралсын.
11. Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинен “Менин шаарым Токмок – Мой город Токмок” муниципалдык мекемесинин 10 штаттык бирдигин камсыздоого 4 880,6 миң сом суммасында каражат каралсын.
12. Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинен “Бурана” (Чүй-Токмок) муниципалдык футбол клубунун 3 штаттык бирдигин камсыздоого 1209,6 миң сом суммасында каражат каралсын.
13. Токмок шаарынын коммуналдык ишканалар комбинатына (КИК) 48637,2 миң сом суммасында каражат каралсын.
14. Токмок шаарынын жергиликтүү бюджетинен Токмок шаарынын кварталдык комитеттеринин муниципалдык кызмат көрсөткөндүгү үчүн айлык акы төлөөгө, түзүлгөн эмгек келишимге ылайык каражат каралсын.
15. Шаардын жергиликтүү бюджеттен каржыланган бюджеттик мекемелери шаардын бюджети бекитилген 14 күн ичинде Кыргыз Республикасынын Финансы министрлигинин Чүй башкармалыгына бюджеттик жана атайын каражаттар боюнча чыгашалар сметасын, штаттык түзүмүн жана чыгашалар беренелери боюнча чечмелөөнү сунуштоого милдеттендирилсин.
16. Шаардын бюджеттик мекемелерине атайын каражаттарды колдонууда казына системасын четтеп өтүүгө тыюу салынсын. Көрсөтүлгөн тартипти бузган учурда атайын каражаттардын 100 пайызы жергиликтүү бюджеттин кирешесине алынат.
17. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн чечимине ылайык, Токмок шаардык бюджеттик мекемелери тарабынан коммуналдык кызматтар боюнча (суу, электр энергиясы, жылуулук энергиясы, байланыш кызматтары үчүн төлөм) коюлган ченем катуу кармалсын.
18. Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 24-беренесине ылайык Токмок ш. мэринин резервдик фонду бюджеттик чыгымдын көлөмүнүн өлчөмү 2% чейин түзүлсүн (6000,0 миң сом).
19. Токмок шаардык кеңешинин 2022-жылдын 3-ноябрындагы №79/18-5 жана 2023-жылдын №137/24-5 токтомдору өз күчүн жоготту деп эсептелсин.
20. Шаардын бекитилген бюджетинин чыгаша жана киреше бөлүгүнүн аткарылышын көзөмөлгө алуу Токмок ш. мэрине (М.О.Нусувалиев) жүктөлсүн.
21. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |
Кыргыз Республикасынын Юстиция министлигинде 1, 2, 2/1 тиркемелери кагаз түрундө