Загрузка документа…
ЖООШ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Жоош айылдык кенешинин VIII-чакырылышынын кезектеги 5-сессиясы
2025-жылдын 13-февралы № 5/9
Ар түрдүү маселелер: (Кыргыз Республикасынын Финансы Министирлигине караштууМамлекеттик салык Кызматынын №24-2-12-13827 27.12.2024-жылдагы катынын негизинде, мүлк салыгынын 1 группа(жашаган үйгө төлөнүүчү салык)боюнча салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу ставканы бекитип берүү)жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Финансы Министирлигине караштууМамлекеттик салык Кызматынын №24-2-12-13827 27.12.2024-жылдагы катынын негизинде мүлк салыгынын 1 группа(жашаган үйгө төлөнүүчү салык) боюнча, салык кодексине киргизилген өзгөртүүлөргө байланыштуу ставканы бекитип берүү боюнча Жоош айылөкмөтүнүн башкы салыкчысы Б.Насырованын билдирүүсүн, Жоош айылдык кенешинин алдындагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар туруктуу комиссияга, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу
комиссиянын 12.02.2025-жылдагы кортундусун жана протоколун угуп жана талкуулап чыгып Жоош айылдык Кеңешинин VIII-чакырылыш кезектеги 5 -сессиясы
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Салык Мыйзамдарынын негизинде турак жайга мүлк салыгын эсептөө жүргүзүү 25,16 сом болуп бекитилсин.
2. Бул токтом катоого алынып,бул токтомдун аткарылышын Жоош айыл өкмөтүнүн башчысынын орун басары-жооптуу катчы Н.Токторбаевке милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрага: |
| А.Л.Зулпукаров |