Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII чакырылышынын кезекcиз VI сессиясы
2025-жылдын 27-марты № 6/4
Чолпон айыл аймагындагы БСР, БДР, латок жана каналдарды Кочкор райндук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүү жөнүндө
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Козубеков Закир Ашимовичтин билдирүүсүн угуп, «Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39 беренесине ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесине карштуу айылдардагы бардык БСР, БДР, латок жана каналдар Кочкор райондук суу чарба башкармалыгынын балансасына өткөрүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу жагы айыл өкмөтүнүн башчысы Козубеков Закир Ашимовичке милдеттендирилсин.
Төрага | Ө. Урматов |