Загрузка документа…
ЧОЛПОН АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕӉЕШИ
ТОКТОМ
Депутаттардын VIII чакырылышынын кезекcиз VI сессиясы
2025-жылдын 27-марты № 6/7
Соң-Көл жайлоосундагы турист тозгон жарандардын конок үйүнүн аренда акылары жөнүндө
Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесинин башчысы Козубеков Закир Ашимовичтин билдирүүсүн угуп, «Жергиликтуу мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндөгү» Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 34-39-беренесине ылайык Депутаттардын Чолпон айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Чолпон айылдык аймагынын айыл өкмөтү мекемесине караштуу “Соң-Көл”
жайлоосунда ишкердик кылган ишкерлерге мал жандыгына чектөө киргизилсин, 1 (бир) баш мингич ат, 1 (бир) баш саан уй алып келүүгө уруксат берилсин.
2. Турист тозуучу ишкерлерге турст тозуу конок үйү кыргыздын нукура боз үй
менен кабыл алуу жагы эскертилсин жана темирден жазалган контейнер койгонго уруксат берилбесин.
3. Бир боз үйгө (конок үйү) аренда акысы бир мезгилге 10000-00 (он миң) сом
өлчөмүндө бекитилсин (учурдагы баага ылайык).
4. Ушул токтомду көзөмөлгө алуу жагы Чолпон айылдык аймагынын айыл
өкмөтү мекемесинин башчысы Козубеков Закир Ашимовичке жана “Чолпон” муниципалдык ишканасынын жетекчисине милдеттендирилсин.
Төрага | Ө. Урматов |