Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МИНИСТРЛЕР КАБИНЕТИНИН ТОКТОМУ
2025-жылдын 25-апрели № 237
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүү киргизүү тууралуу
"Аквакультура, балык уулоо жана суу биологиялык ресурстарды коргоо жөнүндө" Кыргыз Республикасынын Мыйзамынын 5, 6, 7, 23, 39-беренелерине шайкеш келтирүү, балык өнөр жай комплексин туруктуу өнүктүрүү жана суу биологиялык ресурстарды башкаруу системасын өркүндөтүү максатында, "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети жөнүндө" Кыргыз Республикасынын конституциялык Мыйзамынын 13, 17-беренелерин жетекчиликке алуу менен Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинети токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин 2023-жылдын 3-мартындагы № 115 "Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарын мамлекеттик органдарга жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берүү жөнүндө" токтомуна төмөнкүдөй өзгөртүү киргизилсин:
жогоруда аталган токтом менен бекитилген Кыргыз Республикасынын мамлекеттик органдарына жана жергиликтүү өз алдынча башкаруунун аткаруу органдарына өткөрүп берилген Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин айрым ченем жаратуу ыйгарым укуктарынын тизмесинде:
- 13-пункт төмөнкүдөй мазмундагы 48-52-пунктчалар менен толукталсын:
"48) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балык чарбасынын реестрин түзүү жана жүргүзүү тартибин;
49) аквакультура жана балык уулоо максатында балык чарбасын өздөштүрүү жана пайдалануу үчүн берилүүчү табигый жана жасалма көлмөлөрдүн тизмегин;
50) балыкты акклиматизациалоо, коё берүү, эсепке алуу, жайгаштыруу жана балык чарба көлмөлөрүн жана балык уулоо участокторун балыктандыруу боюнча жумуштарды жүргүзүү тартибин;
51) Кыргыз Республикасынын мамлекеттик балык чарба фондун пайдалануу тартибин;
52) балык уулоо эрежелерин жана өндүрмөлүк, ышкыбоздук жана спорттук балык уулоо объекттерине киргизилген суу биоресурстарынын түрлөрүнүн тизмегин.".
2. Төмөнкүлөр күчүн жоготту деп таанылсын:
1) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-сентябрындагы № 561 "Кыргыз Республикасында табигый жана жасалма көлмөлөрдү балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу жөнүндө" токтому;
2) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2015-жылдын 24-июнундагы № 410 "Балык чарбасы чөйрөсүндөгү ченемдик укуктук актыларды бекитүү жөнүндө" токтому;
3) Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2019-жылдын 19-февралындагы № 67 "Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2009-жылдын 7-сентябрындагы № 561 "Кыргыз Республикасында табигый жана жасалма көлмөлөрдү балык чарбалык өздөштүрүү жана пайдалануу жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү тууралуу" токтому.
3. Кыргыз Республикасынын Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлиги өзүнүн чечимдерин ушул токтомго ылайык келтирсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын контролдоо Кыргыз Республикасынын Президентинин Администрациясынын Президенттин жана Министрлер Кабинетинин чечимдерин аткарууну контролдоо башкармалыгына жүктөлсүн.
5. Бул токтом ушул токтомдун 2025-жылдын 1-сентябрынан тартып күчүнө кирүүчү 2-пунктун кошпогондо, расмий жарыяланган күндөн тартып он күн өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Эркин-Тоо мамлекетик расмий газетасынын 2025-жылдын 29-апрелиндеги № 32 (3688) жарыяланды
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин Төрагасы |
| А.А. Касымалиев |