Загрузка документа…
Токмок шаардык кеңешинин 2024-жылдын 30-январы №176/31-5 токтомуна ылайык КҮЧҮН ЖОГОТТУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
2023-жылдын 3-августу №137/24-5
Токмок шаарынын мэриясынын, Токмок шаардык кеңешинин, Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын кызматкерлеринин жана Токмок шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маянасына 25,0 пайыз өлчөмүндө үстөк акыларды бекитүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2023-жылдын 31-июлундагы №1-22/2292 кайрылуусун карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын 2023-жылдын 3-августундагы протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын Президентинин 2022-жылдын 1-августундагы ПЖ №266 “Кыргыз Республикасынын мамлекеттик жарандык кызматчыларына жана муниципалдык кызматчыларына эмгек акы төлөө шарттары жөнүндө” Жарлыгын, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын жана Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Токмок шаарынын мэриясынын, Токмок шаардык кеңешинин, Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын жана Токмок шаарынын жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдарында тейлеп иштеген кызматкерлердин кызматтык маянасына үстөк акы 25,0 пайыз өлчөмүндө бекитилсин.
2. Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-январындагы №112/21-5 “Токмок шаарынын 2023-жылга бюджети жана 2024-2025-жылдарга болжолу жөнүндө” токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жана төмөнкүлөргө макулдук берилсин:
- №13 толук эмес орто мектебинин терезе-эшик блокторун алмаштырууга 4900,0 миң сом суммасында, Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын чыгашалар сметасында “Мүлктү учурдагы оңдоого чыгашалар” 2221 беренеси боюнча 2023-жылдын 1-январына карата эркин калдыктын эсебинен мурда каралган Токмок шаардык кеңешинин 2023-жылдын 25-январындагы №113/21-5 токтомуна ылайык, бюджеттик ассигнованиелердин пайдаланылбагандыгына байланыштуу, анын ичинен 2456,4 миӊ сом суммасында максаттуу багытын өзгөртүүгө;
-“Мүлктү учурдагы оңдоого чыгашалар” 2221 беренесинен (Токмок ш. ММБ) 2456,4 миң сом суммасында:
1) “Маяна” 2111 беренесине 929,2 миӊ сом суммасында, “Социалдык Фондго төгүмдөр” 2121 беренесине 160,3 миӊ сом суммасында, бардыгы 1089,5 миӊ сом (Токмок шаарынын мэриясы);
2) “Маяна” 2111 беренесине 255,8 миӊ сом суммасында, “Социалдык Фондго төгүмдөр” 2121 беренесине 44,1 миӊ сом суммасында, бардыгы 299,9 миӊ сом суммасында (Токмок шаардык кеӊеши);
3) “Маяна” 2111 беренесине 910,1 миӊ сом суммасында, “Социалдык Фондго төгүмдөр” 2121 беренесине 157,0 миӊ сом суммасында, бардыгы 1067,0 миӊ сом суммасында (Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгы) бюджеттик ассигнованиелерди жылдырууга.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин экономика, бюджет, каржы, салыктар жана инвестицияларды тартуу боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |