Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VIII чакырылышынын IV сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-марты №45
Айыл аймакка тиешелүү АВПларды жана жайыт комитеттерин “Береке-Тазалык” муниципалдык ишканасынын балансына алуу жана сугат сууга болгон тѳлѳмдүн тарифин бекитүү жөнүндө
_______________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ”, “Мүлккѳ муниципалдык менчик жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, Болот Мамбетов айыл ѳкмөтүнүн айыл чарба жана мал чарбасы боюнча башкы адис А.Ибраевдин маалыматын угуп, талкуулап жергиликтүү Кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Айыл аймакка тиешелүү АВПларды жана жайыт комитеттерин “Береке-Тазалык”
муниципалдык ишканасынын балансына алууга уруксаат берилсин.
2. Болот Мамбетов айыл аймагында 1 гектар жердин сугат сууга болгон тѳлѳмү Ак-
Сай, Эшперов, Тѳрт-Күл, Туура-Суу айылдары 350 сом менен, ал эми Кѳк-Сай, Жер-Үй айылдарынын тѳлѳмү 300 сом менен бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл аймагынын башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов жергиликтүү Кеңешининин пландоо, бюджет жана экономикалык реформа, инвестиция тартуу маселелери боюнча комиссиянын тѳрагасы А.Дүйшембиевага тапшырылсын.
Тѳрага М.Жунушалиев