Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VIII чакырылышынын IV сессиясы
ТОКТОМ
2025-жылдын 11-марты №46
Келечектеги “Калктуу конуш” категориясындагы жерлерди турак жай салуу үчүн ар бир жаранга 0,10 га дан жер аянтын бѳлүп берүү жөнүндө
_______________________________________________________________________
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, Кыргыз Республикасынын “Бюджет Кодексине” жана “Жергиликтүү кеӊештердин депутаттарынын статусу жѳнүндѳ” Мыйзамдарына ылайык, Болот Мамбетов айыл ѳкмөтүнүн жерге жайгаштыруу, муниципалдык менчикти башкаруу боюнча башкы адис К.Казаковдун маалыматын угуп, талкуулап жергиликтүү Кеңештин сессиясы токтом кылат:
1. Мурунку Тѳт-Күл айыл ѳкмѳтүндѳ 0,10 га; 0,15 га; 0,20 га жана 0,25 га жерлер
берилип жүргѳндүгү аныкталган.
2. Болот Мамбетов айыл аймагына караштуу айылдарда турак жай салуу үчүн арыз
жазып кайрылган жарандарга 0.25, 0.15, 0.10 га жер аянттары бѳлүнүн берилип келсе, мындан ары бардык айылдарга турак жай салуу үчүн бардык жарандарга 0,10 га жер аянттары бѳлүнүп берилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышы Болот Мамбетов айыл ѳкмѳтүнүн башчысы Р.Кылжыровго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов жергиликтүү Кеңешининин жер жана агрардык маселелер, ѳнѳр жай, курулуш, жол, ЖКХ элге кызматкѳрсѳтүүбоюнча комиссиянын тѳрагасы С.Карымшаковго тапшырылсын.
Тѳрага М.Жунушалиев