Загрузка документа…
БОЛОТ МАМБЕТОВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН ЖЕРГИЛИКТҮҮ КЕҢЕШИ
Болот Мамбетов айыл аймагынын жергиликтүү кеңешинин
VIII чакырылышынын IV сессиясы
ТОКТОМ
025-жылдын 11-марты №48
Мал багуучулардын тарифтерин өзгөртүү жөнүндө
Болот Мамбетов айыл аймагынын айыл чарба жана мал чарбасы боюнча башкы адис А.Ибраевдин сунушун угуп жана талкуулап жергиликтүү кеңештин сессиясы ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Болот Мамбетов айыл аймагынын мал багуучуларына төмөндөгүдөй тариф
менен 2025-жылга жайыт акы жылына бир жолу кой-эчкиге-11сомдон, бодо малга-55 сомдон, топозго-500 сомдон өз убагында 1-ноябрдан кечиктирбестен төлөө жагы чабандарга милдеттендирилсин;
2. Малчыларды жайлоого 5-апрелден баштап көчүрүлсүн жана айдоо жерлерди
коруу иштери башталсын;
3. Жеке менчик айдоо жерлерге кирген малдарга Кыргыз Республикасынын укук
бузуу Кодексинин 238-беренесине ылайык айып пул салынсын;
4. 2025-жылда бодо малды 500 сомдон, койду 100сомдон, тайды 600сомдон, эчкини
150 сомдон багуу жагы чабандарга милдеттендирилсин;
5. Сырт өрөөнүнө 2025-жылдын 10-июнуна чейин көчүү жагы милдеттендирилсин;
6. Сырт өрөөнүнө көчпөгөн чабандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуу
Кодексинин 252-беренесине ылайык айып пул салынсын жана ар бир койго 30 сомдон, бодо малга 100 сомдон жайыт акы төлөө жагын эскертилсин;
7. Сырт өрөөнүнөн 1-октябрь айынан кийин көчүп келүү жагын эскертүүнү жана
эрте келген малчыларга Кыргыз Республикасынын укук бузуу Кодексинин 252-беренесине ылайык айып пул салынсын;
8. Орто жайытта ээн калган кароосуз малдардын ээлерине Кыргыз
Республикасынын укук бузуу Кодексинин 238-беренесине ылайык айып пул салынсын;
9. 2025-жылы жайытты жакшыртуу максатында үрөн себилген жерлерге мал
киргизбөө жана киргизген чабандарга Кыргыз Республикасынын укук бузуу Кодексинин 238-беренесине ылайык айып пул салынсын;
10. Ар бир айылдан бир гана чабан калтырылсын, элдин иштетчү жана ооруган
малдарын алып калуу максатында;
11. Башка мал бакпастан өзүнүн малы менен чыккан жарандарга Кыргыз
Республикасынын жайыт мыйзамынын негизинде айып салуу же сырт өрөөнүнө көчүрүү;
12. Жайыт инспектору менен мал багуучунун ортосунда келишим милдеттүү түрдө
түзүлсүн.
2.Бул токтомдун аткарылышын айыл чарба жана мал чарбасы боюнча башкы адис А.Ибраевге милдеттендирилсин.
3. Токтомду кѳзѳмѳлгѳ алуу жагы Болот Мамбетов айыл аймагынын башчысы Р.Кылжыровго тапшырылсын.
Төрага М.Жунушалиев