Загрузка документа…
КАРАСАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2024-жылдын «02»декабры №06
25-ноябрдан -10декабрга чейин зомбулуксуз 16 күндүктүн алкагында «Зомбулукка күн сайын каршыбыз» аттуу иш –чараны өткөрүү жөнүндө.
Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек Жапаровдун 2023-жылдын 24- ноябрындагы аялдарга карата зомбулукту алдын – алуу боюнча өткөргөн жыйынынын негизинде 25-ноябрдан 10-декабрга чейин зомбулуксуз 16 күндүктүн алкагында «Зомбулукка күн сайын каршыбыз» аттуу иш- чараны өткөрүү боюнча депутат Н.Амасбаеванын демилгесин угуп Карасаев айыл аймагынын айылдык кенешинин ХХIХ-чакырылышынын кезектеги II-сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Министрлер Кабинетинин башчысы Акылбек
Жапаровдун 2023-жылдын 24- ноябрындагы аялдарга карата зомбулукту алдын - алуу боюнча өткөргөн жыйынынын негизинде 25-ноябрдан 10-декабрга чейин зомбулуксуз 16 күндүктүн алкагында «Зомбулукка күн сайын каршыбыз» аттуу иш- чараны өткөрүү боюнча депутат Н. Амасбаеванын демилгеси эске алынсын.
2.Зордук- зомбулукту алдын алуу боюнча жана «Зомбулукка күн сайын каршыбыз»
аттуу иш - чара Карасаев айыл аймагында өткөрүлсүн жана аялдарга карата
зомбулукту алдын- алуу социалдык кызматкерлердин көзөмөлүндө болсун.
3.Зордук- зомбулукту алдын алуу боюнча жана «Зомбулукка күн сайын каршыбыз»
аттуу иш –чарага Карасаев айыл өкмөтүнүн бюджетинен каралган акча каражаты
өзүнүн багыты боюнча жумшалсын.
4.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык маселелер боюнча туруктуу
комиссияга милдеттендирилсин.
5.Токтомду каттоого алуу жагы Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик
актыларынын реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция
Министрлигине жиберилсин.
Төрага Д. Б Солпуев