Загрузка документа…
КАРАСАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
2025-жылдын«17»январы №16
Үй бүлөөлүк зордук зомбулукту болтурбоо максатында жана Бүткүл дүйнөлүк эл аралык кыздар күнү 11-октябрынан 16-күндүк кампанияга карата иш- чараларды өткөрүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27- апрелиндеги №63 Үй бүлөөлүк зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзамынын негизинде жана Бүткүл дүйнөлүк эл аралык кыздар күнү 11-октябрынан 16-күндүк кампанияга карата иш- чараларды өткөрүү боюнча жергиликтүү кенештин депутаты Н. А Амасбаеванын демилгесин угуп жана талкуулап Карасаев айыл аймагынын айылдык кеӊешинин XXIХ-чакырылышынын кезектеги IV-сессиясы токтом кылат;
1. Кыргыз Республикасынын 2017-жылдын 27- апрелиндеги №63 Үй бүлөөлүк
зомбулуктан сактоо жана коргоо жөнүндө мыйзамынын негизинде жана Бүткүл дүйнөлүк эл аралык кыздар күнү 11-октябрынан 16-күндүк кампанияга карата иш -чараларды өткөрүү боюнча жергиликтүү кенештин депутаты Н. Амасбаеванын демилгеси эске алынсын.
2. Айыл аймактагы үй бүлөөлүк зордук – зомбулукту алдын алуу Карасаев айыл өкмөтүнүн социалдык кызматкерлеринин,жергиликтүү комитеттин, Карасаев айыл аймагынын аймактык тескөөчүсүнүн, жергиликтүү кенештин, жаштар спорт, маданият жана социалдык маселелер боюнча комиссиясынын көзөмөлүндө болсун.
3. Үй бүлөөлүк зордук – зомбулукту алдын алуу боюнча иш чараларга Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жергиликтүү бюджетинен 200,0 миӊ сом акча каражаты бөлүнуп берилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы социалдык бөлүмгө, жергиликтүү комитетине жана Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөт башчысы Э. А Чоркозовко милдеттендирилсин.
5.Токтомду каттоого алуу жагы Кыргыз Республикасынын укуктук ченемдик актыларынын реестирине киргизүү үчүн Кыргыз Республикасынын Юстиция Министрлигине жиберилсин.
Төрага Д. Б Солпуев