Загрузка документа…
КЫРГЫЗ РЕСПУБЛИКАСЫНЫН МЫЙЗАМЫ
2025-жылдын 19-майы № 96
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө
1-берене.
Кыргыз Республикасынын Кылмыш-жаза процессуалдык кодексине ("Эркин-Тоо" гезити, 2021-жылдын 16-ноябры, № 122-133) төмөнкүдөй өзгөртүүлөр киргизилсин:
1) 5-берене төмөнкүдөй мазмундагы 73 жана 74-пункттар менен толукталсын:
"73) видеоконференция байланышы - аудио жана видео сүрөттөлүштөрдү реалдуу убакытта берүүнү камсыз кылуучу техникалык каражаттарды колдонуу менен соттук териштирүүнүн алыста турган эки же андан көп катышуучуларынын ортосундагы байланыштын сеансы;
74) трансляциялоо (онлайн-трансляциялоо) - пайдалануучулардын чектелбеген саны үчүн түз эфир режиминде телевидение, радио каражаттары аркылуу жана (же) Интернет тармагында маалыматты жайылтуу жана берүү.";
2) 46-беренеде:
а) 1-бөлүктө:
- төмөнкүдөй мазмундагы 13-1-пункт менен толукталсын:
"13-1) соттук отурумдардын протоколдору менен (анын ичинде аудио- жана видео жазуулар менен) таанышууга жана аларга карата сын-пикирлерди берүүгө;";
- төмөнкүдөй мазмундагы 18-пункт менен толукталсын:
"18) телевидение, радио аркылуу жана (же) Интернет тармагында түз эфир режиминде соттук отурумду трансляциялоону (онлайн-трансляциялоону) колдонуу аркылуу соттук териштирүү жүргүзүү жөнүндө өтүнмө берүүгө.";
б) 7-бөлүктүн 1-пункту төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1) соттук отурумдун протоколу менен (анын ичинде аудио- жана видео жазуулар менен) таанышууга жана ага карата сын-пикирлерди берүүгө;";
3) 49-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Адвокат шектүүнү, айыпталуучуну, жабырлануучуну, күбөнү биринчи жолу суракка алган, шектүүнү, айыпталуучуну алып келген же иш жүзүндө кармаган учурдан тартып ишке катышат. Адвокат күбөлүгүн жана ордерин көрсөткөн учурда кылмыш-жаза иштери боюнча өндүрүшкө катышууга, ошондой эле өзү коргогон адамдын макулдугу менен соттук териштирүүгө аралыктан катышууга укуктуу.";
4) 112-берененин 2-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Күрөөнүн өлчөмү коюлуп жаткан келтирилген зыяндын өлчөмүнө, кылмыштын оордук даражасына жана айыпталуучунун ким экендигине жана мүлктүк абалына жараша тергөө судьясы, судья, сот тарабынан аныкталат.
Мында анча оор эмес кылмыш иштери жана коркунучу аз кылмыштар боюнча күрөөнүн өлчөмү 500 эсептик көрсөткүчтөн кем болбоого, ал эми оор жана өзгөчө оор кылмыштар жөнүндө кылмыш иштери боюнча - 5000 эсептик көрсөткүчтөн кем болбоого тийиш.";
5) 280-берененин 3-бөлүгү төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) жалпыга маалымдоо каражаттарында же Интернет тармагында онлайн форматта берүү жөнүндө.";
6) 290-берененин 2-бөлүгүнүн экинчи абзацы төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"Айыпталуучунун (соттолгон адамдын), анын адвокатынын же мамлекеттик айыптоочунун өтүнүчү боюнча жаза-аткаруу тутумунун мекемесинде, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын тергөө изоляторунда кармалган айыпталуучунун (соттолгон адамдын) катышуусу соттук отурум өтүүчү жерде камсыз кылынат.";
7) төмөнкүдөй мазмундагы 290-1-берене менен толукталсын:
"290-1-берене. Соттук отурумду трансляциялоо (онлайн-трансляциялоо)
1. Сот ишке катышкан адамдардын өтүнүчү боюнча же өз демилгеси боюнча соттук отурумду телевидение, радио аркылуу жана (же) Интернет тармагында түз эфир режиминде трансляциялоого (онлайн трансляциялоого) уруксат берүүгө укуктуу.
2. Соттук отурумду трансляциялоого (онлайн-трансляциялоого) жол берүү жөнүндө чечим сот адилеттигинин кызыкчылыктарын, айкындуулукту сактоону жана сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылууну эске алуу менен сот тарабынан аныкталат.";
8) 294-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Катчы соттук отурум башталганга чейин аудио- жана видео жазуу каражаттарынын техникалык жактан бузук эместигин, соттук отурумга катышууга тийиш болгон адамдардын келүүсүн текшерет, бул жөнүндө төрагалык кылуучу судьяга маалымдайт жана тапшыруу боюнча ушул Кодексте каралган башка иш-аракеттерди жүзөгө ашырат.";
б) төмөнкүдөй мазмундагы 3-бөлүк менен толукталсын:
"3. Аудио- жана видео жазуу каражаттарын пайдалануу мүмкүн эмес болгон учурда, анын себептерин көрсөтүү менен акт түзүлүп, иштин материалдарына тиркелет.";
9) 301-берененин 1-бөлүгү төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"1. Соттук отурумга чакырылган жактардын кимдир-бирөөсүнүн келбей калуусунун натыйжасында, тараптардын өтүнүчү боюнча жаңы далилдерди талап кылуунун зарылдыгына же аудио- жана видео жазуу каражаттары бузук болгондугуна байланыштуу ишти териштирүү мүмкүн болбогондо, судья өзүнүн токтому менен, сот өзүнүн аныктамасы менен ишти териштирүүнү кийинкиге калтырат. Бир эле учурда тараптардын талап кылынган далилдерди берүүгө, сот приставдарын келбеген адамдардын келүүсүн камсыз кылуу чараларын көрүүгө, ал эми соттук отурумдун катчысын - аудио- жана видео жазуу каражаттарынын оң абалда болушун камсыз кылууга милдеттендирет.";
10) 308-беренеде:
а) 2-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"2. Протокол компьютердик, машинкага басуу же кол менен жазуу ыкмасы менен даярдалат (аудио- жана видео жазууларды тиркөө менен).";
б) 4-бөлүк төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"4. Эгерде соттук териштирүүнүн жүрүшүндө фотосүрөткө тартуу, сурактарды аудио- жана видео жазуу жүргүзүлсө, бул жөнүндө соттук отурумдун протоколуна белги коюлат. Мындай учурда фотосүрөткө тартуу, аудио- жана видео жазуу материалдары иштин материалдарына тиркелет.";
в) төмөнкүдөй мазмундагы 4-1-бөлүк менен толукталсын:
"4-1. Соттук отурумду телевидение, радио аркылуу жана (же) Интернет тармагында түз эфир режиминде трансляциялоодо (онлайн-трансляциялоодо) соттук отурумдун протоколуна тиешелүү белги коюлат.";
11) 310-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"310-берене. Аудио- жана видео жазма каражаттары менен соттук териштирүүнү жазып алуу (аудио-, видеопротокол)
1. Аудио- жана видео жазуу каражаттарынын жардамы менен соттук отурумдун жүрүшүн жазып алуу милдеттүү болуп саналат. Соттук отурумду аудио- жана видео жазуу каражаттары менен жазып алууну соттук отурумдун катчысы жүзөгө ашырат.
Айыпталуучунун (соттолгон адамдын), анын адвокатынын, жабырлануучунун жана мамлекеттик айыптоочунун макулдугу менен судья, сот төмөнкүдөй өзгөчө учурларда соттук отурумду аудио- жана видео жазмасыз өткөрүү жөнүндө чечим кабыл ала алат:
- сот адилеттигинин кызыкчылыктарын камсыз кылуу жана соттук отурумдун катышуучуларынын процессуалдык укуктарын коргоо максатында;
- техникалык бузулууларды четтетүү мүмкүн эмес болгондо;
- кылмыш-жаза сот өндүрүшүнүн катышуучуларынын коопсуздугун камсыз кылуу максатында.
Судья, сот тарабынан соттук отурумду аудио- жана видео жазуу жок өткөрүү чечими кабыл алынган учурларды кошпогондо, аудио жана видео жазуунун жоктугу соттун чечимин өзгөртүү, кайра кароо же жокко чыгаруу үчүн негиз болуп саналат.
2. Соттук отурумдун катчысы тарабынан аудио- жана видео жазуу каражаттарын пайдалануу менен ишти териштирүүнү жазып алуу жазуу формасындагы кыскача протокол менен коштолот.";
12) 359-берене төмөнкүдөй редакцияда баяндалсын:
"359-берене. Айыпталуучуну камактан бошотуу
Айыпталуучу акталганда, ошондой эле жазаны белгилебестен же жазаны өтөөдөн бошотуу, же пробациялык көзөмөлдү колдонуу менен жазадан бошотуу, же эркиндигинен ажыратуу түрүндө жаза өтөө мөөнөтүн кийинкиге калтыруу, же эркиндигинен ажыратуу менен байланышпаган жазага соттоо, же өндүрүш тарабынан кылмыш ишин токтотуу менен айыптоо өкүмү чыкканда, камакка алынган айыпталуучу соттун өкүмү же токтому мыйзамдуу күчүнө киргенге чейин сот тарабынан кагаз жүзүндө же электрондук документ жүгүртүү тутуму аркылуу электрондук түрдө кол коюлган сот өкүмүнүн резолюциялык бөлүгүнүн негизинде сот залында же болбосо жаза-аткаруу тутумунун мекемесинен, ошондой эле улуттук коопсуздук органдарынын тергөө камак изоляторунан, Кыргыз Республикасынын Куралдуу Күчтөрүнүн гауптвахталарынан (гарнизондук гауптвахталардан) токтоосуз бошотулууга тийиш. Айыпталуучуга карата камакка алууга байланышпаган бөгөт коюу чарасы тандалат.";
13) 418-берене төмөнкүдөй мазмундагы 5-пункт менен толукталсын:
"5) ушул Кодексте каралган учурларды кошпогондо, аудио- жана видео жазуулардын жоктугу.".
2-берене.
Ушул Мыйзам расмий жарыяланган күндөн тартып үч ай өткөндөн кийин күчүнө кирет.
Кыргыз Республикасынын Президенти |
| С.Н. Жапаров |
|
|
|
2025-жылдын 3-апрелинде |
| Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңеши кабыл алган |