Редакцияот 30.04.2025
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

КАРАСАЕВ АЙЫЛ АЙМАГЫНЫН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ

ТОКТОМ

2025-жылдын «30»апрели №42                                                        

                                   Мал башына жайыт акысын бекитүү жөнүндө 

 

     Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн  2018-жылдын 10- апрелиндеги  №192                                  « Мамлекеттик токой  фондусун пайдалануу жана  тейлөө тартибин  бекитүү жөнүндө» токтомунун 2-графасынын 46- пунктуна ылайык  Карасаев айыл аймагынын  айылдык кеӊешинин XXIХ-чакырылышынын кезектеги  VII-сессиясы токтом кылат;

 

1.     Карасаев айыл аймагындагы  токой чарбасына  тиешелүү жайыт жерлерге  жана айыл аймагынын  айыл өкмөтүнө тиешелүү жайыт жерлерге  жылдык жайыт акысы  бодо малга 234 ( эки жүз  отуз төрт )сом  өлчөмүндө белгиленсин.

 

2.     Токой чарбасынын  жайыт жерлерине бодо малга 1 башка 134 (бир жүз отуз төрт сом кой-эчкиге 27 ( жыйырма жети ) сом ,айыл аймагынын айыл өкмөтүнө тиешелүү жайыт жерлерге 4-5 ай жайгашкан  бодо малга 100(жүз ) сом төлөнсүн.

 

3.     Токой  чарбасынын жайыт жерлерине баруучу малчыларга  маалым кат Карасаев айыл аймагынын  айыл өкмөтү тарабынан берилсин.

 

4.     Токтомду аткаруу  жагы Карасаев айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн « Ийгилик» муниципалдык ишканасынын жетекчиси Д. Н Кыдырмышовко жана Карасаев айыл аймагынын айылдык кенешинин мыйзамдуулукту  укук тартибин сактоо, жарандардын укугун  жана кызыкчылыгын  коргоо, архитектура , курулуш, транспорт,экология ,жер  жана айыл  чарбасы боюнча  туруктуу комиссиясына      жүктөлсүн.

5.     Токтомдун аткарылышын  көзөмөлдөө жагы  Карасаев айыл аймагынын   айыл өкмөт башчысы Э. А Чоркозовко милдеттендирилсин.

 

6.     Токтомду каттоого алуу жагы Кыргыз Республикасынын  укуктук ченемдик    

актыларынын реестирине киргизүү үчүн  Кыргыз Республикасынын Юстиция    

Министрлигине жиберилсин.

 

 

Төрага                                                                                    Д.Б Солпуев