Редакцияот 30.01.2024
Жүктөө .docx
Герб Кыргызской Республики

ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН

ТОКТОМУ

ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXI СЕССИЯСЫ

2024-жылдын 30-январы №179/31-5

 

Токмок шаарынын №14 орто мектебине Данияр Казакбаев атын ыйгаруу жөнүндө

Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 18-январындагы №1-15/134 катын, ошол райондун тургундарынын кайрылуусун карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар иши) боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши

 

ТОКТОМ КЫЛАТ:

 

1. Токмок шаарынын №14 орто мектебине Данияр Казакбаев аты ыйгарылсын.

2. Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын башчысы (Сагынбек уулу Нурбек) жана Чүй-Токмок билим берүү бөлүмү (Алмакулов Б.Т.) тиешелүү документацияга (укук белгилөөчү жана укукту ырастоочу) тиешелүү өзгөртүүлөрдү киргизсин.

3. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.

4. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин социалдык маселелер (билим берүү, маданият, саламаттыкты сактоо, дин, туризм, жаштар иши) боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.

 

 

Төрага

Т.М. Сансызбаев