Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 24-январы № I
Папан айыл өкмөтүнүн 2024- жылдагы 1 жылдык отчету ички
жана сырткы инвестициялардын тартылышы жөнүндө
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын IV сессиясында Папан айыл аймагынын айыл өкмөт башчысынын 2024-жылдагы 1 жылдык отчетун угуп жана талкуулап, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Токтосуновдун айыл өкмөттөгү аткарган жумуштарын карап жана угуп, айыл өкмөт башчысынын 1 жылдык отчету канааттандырарлык эмес деп табылсын.
2. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө ички жана сырткы инвестициялардын таратылышын жана жаңы жумуш орундары 2025-жылга карата айыл өкмөттүн стратегиялык планын жакшы жолго коюу жагы, көмүр кендерден айыл өкмөткө берилген социалдык пакеттеги көмүрлөрдү көзөмөлгө алуу айыл өкмөт башчысы Т. Токтосуновго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана инвестиция, социалдык коргоо боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| М. Мырзабеков |