Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 24-январы № II
“2025-жылдын бюджетин бекитүү жөнүндө”
2024-жылга карата бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүктөрүн бекитүү маселесин айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, алардын корутундусунун негизинде жана Папан айыл өкмөтүнүн финансы-экономикалык бөлүмүнүн билдирүүсүн угуп, талкуулап Папан айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновдун отчетун угуп, 2024-жылдын жергиликтүү бюджетинин кирешелери 65562,8 миң сомго чыгашалары 46006,6миң сомго аткарылгандыгы кабыл алынсын.
2. 2025-жылга карата Папан айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешелери жана чыгашалары 44880,5миң сомго бекитилсин.
3. Анын ичинен Аппарат бөлүмүнө -16438,3 миң сом, Айылдык кеңеш -715,0 миң сом, Айыл чарбасына -250,0 миң сом, Жайыт комитетине -700,0 миң сом, Турак жай бөлүмүнө -13102,6 миң сом, Библиатекага -596,5 миң сом, Маданият үйүнө -738,6 миң сом, Маданий иш чараларга 600,0 миң сом, Бала бакчага - 1600,0 миң сом, Билим берүүгө - 5129,5 миң сом, Социалдык камсыздоого -1500,0 миң сом
4. Атайын каражатынын кирешелер жана чыгашалары 3510 ,0 миң сомго бекитилсин.
5. Аппарат кызматкерлеринин жалпы – 15 штаттык бирдиги каралсын: анын ичинен башкаруу аппараты -11, техникалык тейлөө кызматкери - 4 кызматтагы штат бирдиги жана контракттык негизде 10 айыл башчы, 6 кызматкер бекитилсин жана каржылоо жүргүзүлсүн
6. Кара-Гур, Кожо-Келен айылдарынын айыл башчыларына бийик тоолуу аймакка киргендигине байланыштуу эмгек акысына 1,4 коэффициент төлөнсүн(КР Өкмөтүнүн №258 токтому)
7. 2025-жыл ичинде сметага жана толуктоолорду киргизүү айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
8. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңешинин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| М. Мырзабеков |