Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 24-январы № III
"Кара-Суу 11-90" муниципалдык ишканасын түзүүгө тең уюштуруучу болууга макулдук берүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Жарандык кодексинин, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” мыйзамын жана Кыргыз Республикасынын Министрлер кабинетинин 2023-жылдын 31-мартындагы №178 токтому менен бекитилген “Юридикалык жактарды жана филиалдарды (өкүлчүлүктөрдү) мамлекеттик каттоонун тартиби жөнүндө” Жобону жетекчиликке алып, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтү “Кара-Суу 11-90” муниципалдык ишканасын түзүүгө тең уюштуруучу болуп катышууга макулдук берилсин.
2. “Кара-Суу 11-90” муниципалдык ишканасын баштапкы уставтык капиталын түзүүгө жергиликтүү бюджеттеги 2025-жылдын башына калган бош акча каражаттарынын эсебинен 300 000 (үч жүз) миң сом каражаты бөлүнүп берилсин.
3. Ушул токтомдун аткарылышын Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновго милдеттендирилсин.
4. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңешинин бюджет, экономика, муниципалдык менчик, айыл чарба, инвестиция, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| М. Мырзабеков |