ТОКМОК ШААРДЫК КЕҢЕШИНИН
ТОКТОМУ
ТОКМОК ШААРДЫК КЕӉЕШИНИН V ЧАКЫРЫЛЫШЫНЫН КЕЗЕКСИЗ XXXI СЕССИЯСЫ
2024-жылдын 30-январы №185/31-5
Айланма жолдо жайгашкан “Газпром” май куюучу жайынын чыгыш тарабындагы Масалиев Кенжебек жаранынын жеке менчиктеги объектисин Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга макулдук берүү жөнүндө
Токмок шаарынын мэриясынын 2024-жылдын 24-январындагы №1-22/209 кайрылуусун карап чыгып жана Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясынын отурумунун протоколунун негизинде, Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө”, “Жергиликтүү кеңештердин депутаттарынын статусу жөнүндө” Мыйзамдарын, Токмок шаардык кеңешинин Регламентин жетекчиликке алуу менен, Токмок шаардык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Айланма жолдо жайгашкан “Газпром” май куюучу жайынын чыгыш тарабындагы Масалиев Кенжебек жаранынын жеке менчиктеги объектисин Токмок шаарынын муниципалдык менчик башкармалыгынын балансына кабыл алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтом Токмок шаардык кеңешинин сайтына жарыялансын.
3. Ушул токтомдун аткарылышын көзөмөлгө алуу, Токмок шаардык кеңешинин орто жана кичи бизнести, ишкерликти өнүктүрүү боюнча, муниципалдык менчикти көзөмөлдөө боюнча туруктуу депутаттык комиссиясына жүктөлсүн.
Төрага | Т.М. Сансызбаев |