Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 24-январы № IV
Турак жай мүлк салыгын эсептөө ставкасын бекитүү жөнүндө
Папан айыл аймаганын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги IV сессиясында Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жана Кыргыз Республикасынын Финансы Министрлигине караштуу мамлекеттик салык кызматынын 2024-жылдын 27-декабрындагы билдирүүсүнө ылайык, Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин алдындагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар туруктуу комиссиясынын 22.01.2025-жылдагы корутундусун жана протоколуна ылайык, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Турак жай мүлк салыгын эсептөө ставкасы Кыргыз Республикасынын салык мыйзамдарынын негизинде 25,16 сом болуп бекитилсин.
2. Бул токтом каттоого алынып, ушул токтомдун аткарылышын Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновго милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы бюджет, экономика, муниципалдык менчик, инвестициялар, долбоорлор менен иштөө, ишкердик жана тышкы экономикалык байланыштар боюнча туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| М. Мырзабеков |