Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 24-январы № V
Таш-Короо участкасындагы 2024-жылы трансформация болгон жерди жарандарга тартып берүү жөнүндө
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 14-январдагы №01-19/23 сандуу катын карап, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 3-беренесинин 1-бөлүгүнө ылайык жана Жер Кодексинин 18-беренесинин негизинде Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Таш-Короо участкасындагы 2024-жылы генпланда 0,06 га болуп трансформация болгон 182-197-контрундагы кайрак айдоо жерди, жерге кезекке турган Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү жарандардын арызы көптүгүнө байланыштуу башкы планга 0,04 га дан бөлүп, генплан кайрадан түзүлүп, жерге муктаж болгон Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн жарандарына бөлүнүп берилсин.
2. Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин бул токтомун ишке ашыруу айыл өкмөт башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө агрардык саясат, айыл чарба, жайыттар, жер, курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| М. Мырзабеков |