Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезектеги IV сессиясы
2025-жылдын 24-январы № VII
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Сөгөт участкасындагы жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү" мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 "Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү токтому менен бектилген жобонун талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесин негизинде Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Сөгөт участкасынын №302а-контурда жайгашкан 0,13 га эски мечиттин орду, жайыт жери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштун жерлери" категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
2. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Кара-Сөгөт участкасынын №302а-контурда жайгашкан 0,13 га эски мечиттин орду, жайыт жери "Айыл чарба багытындагы жерлер" категориясынан "Калктуу конуштун жерлери" категориясына которууга (трансформациялоого), Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесине ылайык Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан чечим чыгарып берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т. Токтосуновго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кенешинин жер архитектура,курулуш, экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| М. Мырзабеков |