Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 11-февралы № I
“2025-жылдагы 1-январына карата калган каражаттарды бекитүү жөнүндө”
2025-жылга карата калган каражаттарды бекитүү маселесин айылдык кеңештин бюджет жана финансы боюнча туруктуу комиссиясында каралып, талкуулап Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. 2025-жылга карата пайдаланылбай 24788,0 миң сом акча каражатынын чыгаша бөлүгү:
Аппарат бөлүмүнө -1147,0 миң сом, Жайыт комитетине-55,6 миң сом, Турак жай бөлүмүнө-11984,3 миң сом, Маданият үйүнө-10000,0 миң сом, Бала бакчага-697,7 миң сом
Билим берүүгө 903,4 миң сом, ошондой эле атайын акча каражаттын эсебинен 2900,0 миң сом акча каражаттын чыгаша бөлүгү 70629-турак жай бөлүмүнө 1900,0 сом, 70911-Бала бакча бөлүмүнө 1000,0 миң сом айыл өкмөтү тарабынан түзүлгөн сметага ылайык чыгымдоо үчүн бекитилсин.
2. 2025-жыл ичинде сметага жана толуктоолорду киргизүү айыл өкмөтүнүн башчысына жүктөлсүн.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин финансы жана бюджет боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| М. Мырзабеков |