Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 11-февралы № III
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Арал айылына “айыл” статусун алууга макулдук берүү жөнүндө
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V сессиясында Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысынын 07.02.2025-жылдагы №01-19/57-1 сандуу катынын негизинде Арал айылына статусун алууга макулдук берүү боюнча карап чыгып, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Папан айыл аймагынын Арал айылына “айыл” статусун алууга макулдук берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновго милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин агрардык саясат, айыл чарба, жайыттар, жер, курулуш иштери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| М. Мырзабеков |