Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 11-февралы № IV
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Папан айылында муниципалдык менчиктеги жер тилкесин бөлүп берүү жөнүндө
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын V сессиясында Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 07.02.2025-жылдагы №01-19/57-1 сандуу катынын негизинде Папан айыл аймагына караштуу Папан айылынын М. Абдурасулов көчөсүнүн түштүк тарабында жайгашкан муниципалдык менчиктеги 360,0 чарчы метр жер тилкесине Папан айыл аймактык милиция бөлүмчөсүнө имарат курууга Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 13-беренеси жана 32-беренесинин негизинде Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1 Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Папан айылынын М. Абдурасулов атындагы көчөсүнүн түштүк тарабында жайгашкан муниципалдык менчиктеги 360,0 чарчы метр жер тилкесине Папан айыл аймагынын аймактык милиция бөлүмчөсүнө имарат куруу үчүн мөөнөтсүз Кара-Суу райондук ички иштер бөлүмүнө өткөрүп берүүгө макулдук берилсин
2 Тиешелүү архитектуралык иш кагаздарын даярдап берүү жагы Кара-Суу райондук шаар куруу жана архитектура башкармалыгынан суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер архитектура, курулуш, экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| М. Мырзабеков |