Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 11-февралы № V
Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап чыгып
Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2008-жылдын 19-августундагы №467 токтому менен бекитилген, Кыргыз Респуликасынын Өкмөтүнүн алдындагы администрациялык аймактык түзүлүштүн маселелерин жана географиялык аталыштарын кароо боюнча ведомостволор аралык комиссия жөнүндө Жобонун талаптарына ылайык Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезексиз V сессиясы токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 29-августундагы №488, Кыргыз Респуликасынын Министрлер кабинетинин 2021-жылдын 29-декабрдагы №535 токтомдорунун редакцияларына ылайык, Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Бөрү айылындагы Жаңы-Айыл участкасындагы ички көчөлөрүндөгү 2-көчөсүнө маркум согуш ардагери Исмаилов Токтосундун ысымын берүүгө макулдук берилсин жана айыл жашоочуларынын протоколу бекитилсин.
2. Бөрү айылындагы Жаңы-Айыл участкасындагы 2-көчөсүндөгү маркум согуш ардагери Исмаилов Токтосундун үй- бүлөө мүчөлөрүнө ушул көчөнүн ар кандай социалдык маселелерин(жол тегиздөө, жарыктык орнотуу,электр мамычаларын орнотуу,ж.б) чечүүгө түздөн түз катышуу зарылчылыгы жеткирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
4. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер, архитектура жана курулуш боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| М. Мырзабеков |