Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 11-февралы № VII
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу
жер участогун которуу (трансформациялоо) жөнүндө
Кыргыз Республикасынын 2013-жылдын 15-июлундагы №145 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” мыйзамынын жана Кыргыз Республикасынын Өкмөтүнүн 2014-жылдын 19-мартындагы №169 “Жер участокторун которуу (трансформациялоо) жөнүндөгү” токтому менен бекитилген жобонун талаптарына ылайык, Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 18-беренесин негизинде Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
2. Папан айыл аймагынын Папан суу сактагычынын түндүк тарабында жайгашкан №653-662-контурундагы 2,51 га жайыт жерине “Папан кичи ГЭСин” куруу максатында мамлекеттик менчикке алууга жана “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого) макулдук берилсин.
3. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнө караштуу Папан суу сактагычынын түндүк тарабындагы №253-262-контурда жайгашкан 2,51 га жайыт жерине “Папан кичи ГЭСин” куруу үчүн мамлекеттик менчикке алууга жана “Айыл чарба багытындагы жерлер” категориясынан “Өнөр жайынын, транспорттун, байланыштын, энергетиканын, коргонуунун жерлери жана башка багыттагы жерлер” категориясына которууга (трансформациялоого), Кыргыз Республикасынын Жер кодексинин 4-беренесине ылайык Кара-Суу районунун мамлекеттик администрациясынан чечим чыгарып берүү жагы суралсын.
3. Бул токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновго милдеттендирилсин.
4. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин жер архитектура,курулуш, экология боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| М. Мырзабеков |