Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 11-февралы № VIII
Папан айыл өкмөтүнүн,жайыт пайдалануучулар коомдук бирикмесинин 2024-жылдагы аткарган иштерин карап Папан
муницпалдык ишканасынын, жайыттар боюнча 2025-жылга карата иш планын, аткарыла турган бюджетин бекитүү жөнүндө
Күн тартибиндеги маселелерди карап жана талкуулап, Папан муниципалдык ишканасынын жайыттар боюнча иш кагаздарын карап чыгып, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Папан айыл өкмөтүнүн, ЖПКБ нин 2024-жылда аткарган иштери канааттандырарлык деп табылсын
2. Жайыттарды башкаруу жана пайдалануу ыйгарымын өткөрүп берүү боюнча айыл өкмөтү менен муниципалдык ишкана ортосундагы келишим бекитилсин.
3. Муниципалдык ишкананын жайыттар боюнча жылдык планы 700 (жети жүз миң) сом болуп белгиленсин.
4. Муниципалдык ишкананын жайыттар боюнча ишмердүүлүгүнүн ички эрежелери бекитилсин.
5. Муниципалдык ишкананын жайыттар боюнча төлөмүнүн өлчөмү төмөндөгүдөй белгиленсин:
6 Бодо мал жана жылкыга бир айга 40 (кырк) сом сезонга 200 (эки жүз) сом,
майда жандык (кой эчкилерге) бир айга 8 (сегиз) сом сезонго 40 (кырк) сом,
башка айыл өкмөтүнөн келген мал жандыкка эки барабар төлөм төлөнсүн.
7 Жайытты мал жаюуга байланышпаган,башка максаттарга пайдаланууга 1 га жайыт жери үчүн жылына 2000 (эки миң) сом.
Жайытты мал жаюуга байланышпаган башка максаттарга коммерциялык багытта пайдаланууга (Туризм жана башка багыттарда) 1 га жайыт жери үчүн жылына 20 000 (жыйырма миң) сом белгиленсин жана башка айыл аймактын жашоочуларына эки барабар жайыт төлөм төлөнсүн.
8 Ушул токтомдун аткарылышын муниципалдык ишкананын жетекчиси Р.Т.Матазимовго жүктөлсүн.
9 Көзөмөлдөө жагын Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысы Т.Токтосуновго милдеттендирилсин.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| М. Мырзабеков |