Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын
кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 11-февралы № IX
Папан айыл аймагындагы мектепке чейинки билим берүү уюмдарындагы балдардын тамак-ашы үчүн төлөмүн бекитүү жөнүндө
Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши Кыргыз Республикасынын Билим берүү жөнүндө мыйзамынын 2023-жылдын 11-августундагы №179 токтомуна ылайык жана ата-энелердин чогулушунун протоколунун негизинде карап чыгып жана талкуулап Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүндөгү Ибадат Мырзабекова атындагы мектепке чейинки билим берүү уюмунун жана №91 Эргеш Алыкулов атындагы билим берүү комплексинин балдарга берилүүчү тамак-ашка болгон төлөмүнүн баасы 1300 (бир миң уч жүз сомго) бекитилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык кеңештин спорт иштери, спорт, маданият, билим берүү, социалдык маселелер боюнча депутаттык туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| М. Мырзабеков |