Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын уюштуруу сессиясы
2024-жылдын 28-ноябры № 3
Мырза-Аке айылдык аймагынын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуру жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы III “Элдик Курултайды өткөрүү жөнүндөгү ПЖ № 271 Жарлыгына жана кезектеги III“ Элдик Курултайды өткөрүү жана ишти координациялоо боюнча уюштуруу комитетинин 2024-жылдын 1-октябрындагы № 2 протоколуна ылайык, Мырза-Аке айылдык аймагынан өкүлчүлүктүү жыйына делегаттарды шайлоо боюнча өткөрүлө турган жыйындардын графигин жана жумушчу топтун курамын карап талкуулап чыгып Мырза-Аке айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүндө Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу 2024 - жылдын 07-декабрь саат 10:00 гө чакырылсын.
2. Мырза-Аке айыл өкмөтүндө Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу курамы калктын санына ылайык 150 (бир жүз элүү)делегаттан адам келери белгиленсин.
3. Жергиликтүү жамааттар арасында өкүлчүлүктү шайлоо боюнча жыйындар 03-декабрдан 05-декабрга чейин графикке ылайык өткөрүлсүн жана өкүлчүлүктүн нормалары калктын санына жараша бөлүнөрү эскертилсин.
4. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Жергиликтүү коомдоштуктардын өкүлчүлүктүү жыйынын уюштуруу жана өткөрүү боюнча жумушчу топтун курамы 11 (он бир ) адамдан бекитилсин (тиркеме тиркелет).
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы айылдык Кеңештин төрайымынын орун басары Орунбаев Нургазыга милдеттендирилсин.
Төрайым |
| Г.Жороева |
Кыргыз Республикасынын Президентинин 2024-жылдын 20-сентябрындагы №271 “III Элдик курултайды өткөрүү жөнүндө” Жарлыгынын негизинде жер-жерлерге барып делегат шайлоонун графиги
№ | Мырза-Айыл айыл аймагы | Жыйын өткөрө турган күнү | Жыйын өтүүчү жер | Делегат болуп келе турган адамдын саны |
Жооптуулар |
1 | Обком айылы | 03.12.2024 Саат 11-00 | Обком мечити | 17 | Муратов И Ү.Юлдашев |
2 | Бабыр айылы | 05.12.2024 Саат 11-00 | Мойдунов мектеби | 16 | Мамарасулов М А.у Аман |
3 | Обком айылы | 03.12.2024 Саат 13-00 | Раимбеков гимназиясы | 17 | Маматалиева М Ү.Юлдашев |
4 | Мырза-Аке айылы | 03.12.2024 Саат 15-00 | Маданият үйү | 17 | Айтбаева Ж Ү.Юлдашев |
5 | Коммунист айылы | 04.12.2024 Саат 11-00 | Аталар чайханасы | 16 | Раимбердиева Ж П.Ормонбекова |
6 | Коммунист айылы | 04.12.2024 Саат 13-00 | Машрапов мектеби | 17 | Кадарбеков Ү П.Ормонбекова |
7 | Адыр айылы | 05.12.2024 Саат 13-00 | Сулайманов мектеби | 16 | Теңизбаева Н А.у Аман |
8 | Алтын –Булак айылы | 05.12.2024 Саат 11-00 | А.Маматов о/м | 17 | Шакеева И Т.Тазабеков |
9 | Кандава айылы | 05.12.2024 Саат 13-00 | Б.Моңолов о/м | 17 | Белеков Э Т.Тазабеков |
| Жалпы |
|
| 150 |
|