Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 15
Савай айыл аймагынын 2025-жылдын 1-январына калган калдык каражаты жөнүндө
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII- шайланган) депутаттарынын кезексиз V-сессиясынын протоколунун негизинде Савай айылдык округунун кеңеши токтом кылат :
1. Савай айыл өкмөтүнүн айылдарына бөлүнгөн 920,0 миң сом акча каражаты берилген сметаларга ылайык төмөндөгүдөй бөлүштүрүлсүн:
-Ынтымак айылына 150,0 миң сом жолго шагыл төшөө үчүн;
-Октябрь айылына электр мамычаларды орнотуу, трансформатордун айланасын тосуу иштерине 150,0 миң сом;
-Кыдырша айылындагы “Ай-бала” бала бакчанын верандасын оңдоо иштерине 110,0 миң сом;
-Кызыл-Шарк айылына электр мамычаларын орнотуу иштерине 150,0 миң сом;
-Кен-Сай айылы көчө жарыгына 150,0 миң сом;
-Кен-Сай айылы Султан-Абад шагыл, гравий төгүү, оңдоп, түздөө иштерине 100,0 миң сом;
-Савай айылына жолго шагыл төшөө иштерине 110,0 миң сом.
2. Савай айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде бөлүнгөн каражаттардын максаттуу жана даректүү иштетүү жагы милдеттендирилсин.
3. Чечимдин аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин финансы жана экономика, инвестиция боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналаиев |