Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 16
Кыдырша айылында “Ай-бала” бала бакчасынын алдында уюштурулган 3 саатык кыска мөөнөттүү бала бакчага 1000,0 м.кв. жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII- шайланган) депутаттарынын кезексиз V-сессиясынын протоколунун, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренесинин негизинде Савай айылдык округунун кеңеши токтом кылат :
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренесинин, Савай айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын 20-мартындагы “ Кыдырша айылындагы “Келечек үчүн билим берүү” долбоору аркылуу 3-5 жашка чейинки курактагы балдарга кыска мөөнөттүү 3 сааттык бала бакча ачуу үчүн жер аянтын ажыратып берүү жөнүндө” № 01-19/538 катынын негизинде Савай айыл өкмөтүнүн муниципалдык менчиги, фельдшердик акушердик пункттун 2050,6 м.кв. жер аянтынан “Ай-Бала” бала бакчасына 3-5 жашка чейинки курактагы балдарга кыска мөөнөттүү 3 сааттык бала бакча үчүн 1000,0 м.кв. жер аянтына муниципалдык менчик укугун алуу жөнүндө сунушу колдоого алынсын.
2. Савай айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын Мыйзамдарынын негизинде “Ай-Бала” бала бакчасына 3-5 жашка чейинки курактагы балдарга кыска мөөнөттүү 3 сааттык бала бакча үчүн 1000,0 м.кв. жер аянтына муниципалдык менчикке алуу боюнча чараларды көрүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш иштери боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналаиев |