Загрузка документа…
САВАЙ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII-чакырылышынын) депутаттарынын кезексиз V сессиясы
2025-жылдын 26-марты № 17
“Кыдырша айылындагы муниципалдык менчик клубдун жер аянтын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жөнүндө”
Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын 34-беренесине ылайык Савай айылдык округунун кеңешинин (VIII- шайланган) депутаттарынын кезексиз V-сессиясынын протоколунун, Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренесинин негизинде Савай айылдык округунун кеңеши токтом кылат :
ТОКТОМ КЫЛАТ:
1. Кыргыз Республикасынын Жер Кодексинин 4-беренесинин негизинде Савай айыл өкмөтүнүн Кыдырша айылындагы муниципалдык менчиги клубдун 533,0 м.кв жер аянтын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана муниципалдык менчик укугун алуу боюнча сунушу колдоого алынсын.
2. Савай айыл өкмөтүнө Кыргыз Республикасынын мыйзамдарынын негизинде Кыдырша айылындагы муниципалдык менчик клубдун 533,0 м.кв жер аянтын мамлекеттик каттоодон өткөрүү жана муниципалдык менчикке алуу боюнча чараларды көрүү жагы тапшырылсын.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө айылдык кеңештин айыл чарба, жайыттар, жер жана курулуш иштери боюнча депутаттык туруктуу комитетине жүктөлсүн.
Төрага |
| А.Осмоналаиев |