Загрузка документа…
ОТУЗ-АДЫР АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин кезексиз IVсессиясы
2025-жылдын 11-марты № 1
Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүндɵгү окшош аталыштагы айылдарды бириктирүүгɵ макулдук берүү жɵнүндɵ
Кыргыз Республикасынын “Кыргызстандагы географиялык аталыштар жɵнүндɵ” Мыйзамынын 7-статьясына жана Кыргыз Республикасынын “Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамынын II бөлүмүнүн 3-главасынын 34-беренесине ылайык Тынчтык (Отуз-Адыр) айылын , айылдын тургундарынын протоколун карап чыгып, талкуулап Фархад айылына кошууга Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңеши
ТОКТОМ КЫЛАТ :
1. Отуз-Адыр айыл аймагынын айыл ɵкмɵтүндɵ административдик –аймактык реформа жүргүзүлгɵндɵн кийин айыл аймакта эки Тынчтык айылы болуп калган. Мурдагы Тынчтык (Отуз-Адыр) айылын, айылдын тургундарынын протоколунун негизинде кайрадан Фархад айылына бириктирүүгɵ макулдук берилсин.
2. Токтомдун аткарылышын камсыз кылуу Отуз-Адыр айыл ѳкмѳтүнѳ жүктѳлсүн
3 Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин укук, коомдук тартип. мыйзамдуулук жана административдик иштер боюнча туруктуу комиссиясына тапшырылсын.(А.Беделов)
Отуз-Адыр айыл аймагынын айылдык кеңешинин тɵрагасы |
| Д.Атанов |