Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 11
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек у Русландын өтүнүч каты жөнүндө
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек уулу Русландын өтүнүч катынын негизинде, Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү III сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Обком айылындагы тыт багынан 1,30 га жер аянтындагы жер тилкеси муниципалдык менчикке алууга макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |