Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 12
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Курманжан –Датка көчөсүнүн тургуну
Мырзаматова Меңдайымдын арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү III сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Курманжан –Датка көчөсүнүн тургуну Мырзаматова Меңдайымдын арызынын негизинде калкты тейлөө багытындагы жерин май алмаштыруу жай жана авто унаа тетиктерин сатуучу дүкөнгө 96м2 жер аянтын багытын өзгөртүп берүүгө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3.Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |