Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 16
Мырза-Аке айылынын Курманжан-Датка көчөсүнүн 1-2-3 бурумунун тургундарынын арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү III сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап Кыргыз Республикасынын «Жергиликтүү мамлекеттик администрация жана жергиликтүү өз алдынча башкаруу органдары жөнүндө” Мыйзамнын 34-беренесине ылайык, «Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Мырза-Аке айылынын Курманжан-Датка көчөсүнүн 1-2-3 бурумунун тургундарынын жазган арызынын негизинде Асилбеков Асанбай көчөсү болуп өзгөртүүгө макулдук берилсин.
2. Көчөгө аты коюлган маркумдун балдары,түнкү жарыкты орнотуп,электр энергияга кеткен каражатты төлөө, көчөнү көрктөндүрүү жагы милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө «Социалдык маселелер жаштар жана дин иштери боюнча» туруктуу комиссияга тапшырылсын.
Төрайым |
| Г.Жороева |