Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезексиз III сессиясы
2025-жылдын 17-январы № 18
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Кандава айылынын Аманбай Белеков көчөсүнүн тургундарынын атынан жазылган арызы жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезектүү III сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Кыргыз Республикасынын ӨКМге караштуу ӨКМЖБнин 2024-жылдын 10-октябрында № О-573 корутундусунун негизинде турак жай ээлерин кооптуу аймактан коопсуз аймакка көчүрүлүүчү жарандардын тизмесинен чыгарылсын.
2. Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн Кандава айылынын Аманбай Белеков көчөсүнүн тургундарынын атынан жазылган арызынын негизинде он адамга кызыл китеп алуу үчүн Өзгөн райондук Кадастр мамлекеттик ишканасынан суралсын. (Тизме тиркелет)
3. Көчүп түшкөн жер көчкүнүн айланасында кандайдыр бир өзгөрүү байкалган учурда тез арада Өзгөн райондук ӨК бөлүмүнө билдирүү жагы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысы Талантбек у Русланга милдеттендирилсин.
4. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
5. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |
кызыл китеп алууга муктаж үй бүлөлөрдүн тизме
№ | марка | аты жөнү | көчөсү |
1 | 001 | Маматов Кенжебай | А.Белеков |
2 | 002 | Жээналиев Түгөлбай | А.Белеков |
3 | 003 | Моңолова Суксар | А.Белеков |
4 | 004 | Үсенов Токтомамат | А.Белеков |
5 | 005 | Бөрүбаев Кумар | А.Белеков |
6 | 006 | Тайчаков Мамат | А.Белеков |
7 | 007 | Маматов Каримбай | А.Белеков |
8 | 008 | Кадыров Асан | А.Белеков |
9 | 009 | Жумабаев Абдилла | А.Белеков |
10 | 010 | Калыбеков Сагын | А.Белеков |