Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезекcиз IV сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 20
Мырза-Аке айыл аймагындагы турак имаратына жана жайлары үчүн ставканын өлчөмүн бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Салык Кодексинин 379 беренесине ылайык , Өзгөн райондук салык кызматынын 2025-жылдын 21-февралындагы № 01-01-8-201 сандуу каты менен таанышып Мырза-Аке айылдык кеңешинин Регламент, мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясынын билдирүүсүн угуп,талкуулап Мырза-Аке айылдык кеңеши токтом кылат:
1.Өзгөн райондук салык кызматынын № 01-01-8-201 сандуу катынын негизинде Мырза-Аке айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн аймагындагы 2025-2027жылдардын салык мезгилдери үчүн турак имаратына жана жайлары үчүн ставкасы 1(бир) чарчы метрине 10 (он) сом өлчөмүнө бекитилип берилсин.
2.Токтомго ылайык иш алып баруу жагы Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Регламент , мыйзамдуулук, укук тартиби жана депутаттык этика маселелери боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |