Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезекcиз IV сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 21
Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Мырза-Аке айылындагы муниципалдык жер аянтын мамлекеттик менчигине каттоого алуу жөнүндө
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезекcиз IV сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Мырза-Аке айыл өкмөтүнө караштуу Мырза-Аке айылындагы маданият үйүнүн чыгыш-түндүк тарабынан муниципалдык менчигиндеги 800,0 чарчы метр жер тилкесин Өзгөн райондук ички иштер бөлүмүнүн Мырза-Аке аймактык милиция бөлүмчөсүн куруу үчүн мөөнөтсүз жер тилкеси бөлүп берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |