Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезекcиз IV сессиясы
2025-жылдын 21-февралы № 22
Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгаша бөлүгүнүн аткарылышын жана 2025-жылдын 1-январына карата калдык 6112,1 миң сом акча каражатын 2025-жылга карата бекитүү жөнүндө
Кыргыз Республикасынын Бюджеттик Кодексинин 102 - 117-беренелерине жана финансы, экономика, бюджет, экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын жана инвистиция маселелери боюнча туруктуу комиссиясы, Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн 2024-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше жана чыгыша бөлүгүнүн аткарылышын жана 2025-жылдын 1-январына карата жергиликтүү бюджеттин эсеп счетундагы (2023-жылда үнөмдөлгөн жана ашыкча аткарылган кирешелердин эсебинен түзүлгөн) 6112,1 миң сом акча каражатын, 2025-жылга карата аткарыла турган иш-чаралардын сметасын алдын ала карап, алардын сунуштарынын негизинде Мырза-Аке айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Мырза-Аке айыл өкмөттүн 2024-жылда жергиликтүү бюджеттин атакарылышына жана айыл өкмөттүн башчысынын аткарган иштерине канааттандыралык деп табылсын.
2. 2024-жылда Мырза-Аке айыл өкмөтүнүн бюджетинин кирешеси 66576,1 миң сомго, ал эми чыгашалары 65576,1 миң сомго аткарылгандыгы белгиленсин.
3. 2024-жылдын жергиликтүү бюджеттин киреше бөлүгүндөгү жыл ичинде кошумча аткарылган кирешелердин жана үнөмдөлгөн акча каражаттардын эсебинен калган 6112,1 миң сом 2025-жылдын 1-январына карата калдык деп табалсын жана ал 2025-жыл ичинде төмөндөгү чыгымдарга ылайык жумшалсын:
а) муниципалдык менчиктеги парк курууга – 3800,0
б) Айыл өкмөттүн имараттын курууга – 2112,1
в) көчөт алууга - 200,00
г) бала бакчага атайын эсебиндеги калдык акча -201,7
4. Токтомдун аткарылышын көзөлдөө жагы “Финансы экономика бюджет экономикалык жактан өнүгүүнүн болжолдуу багыттарын аныктоо жана инвестиция” туруктуу комиссиясына жүктөлсүн .
Төрайым |
| Г.Жороева |