Загрузка документа…
МЫРЗА-АКЕ АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Мырза-Аке айылдык кенешинин VIII чакырылышынын кезекcиз V сессиясы
2025-жылдын 17-марты № 23
Ипотекалык үй салууга макулдук берүү
Мырза-Аке айылдык Кеңешинин (VIII чакырылышынын) депутаттарынын кезекcиз V сессиясынын отуруму күн тартибине киргизилген маселени карап талкуулап, Кыргыз Республикасынын «Жер кодексинин 18 беренесин жетекчиликке алып, «Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясынын билдирүүсүнүн негизинде Мырза-Аке айылдык Кеңеши токтом кылат:
1. Мырза-Аке айыл аймагынын Мырза-Аке айылындагы Курманжан–Датка көчөсүнүн боюндагы муниципалдык менчикте турган эски кырмандын ордуна 1,10 га жерге көп кабаттуу үйлөрдү салууга жана сунушталган жер тилкеси Кыргыз Республикасынын мамлекеттик ипотекалык компанияга өткөрүлүүсүнө макулдук берилсин.
2. Тиешелүү иш кагаздарын бүтүрүү жагы айыл өкмөткө милдеттендирилсин.
3. Токтомдун аткарылышын көзөмөлдөө жагы Айыл, жер, суу чарба өнөр жай курулуш транспорт, байланыш энергетика» туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Төрайым |
| Г.Жороева |