Загрузка документа…
ПАПАН АЙЫЛДЫК КЕҢЕШИ
ТОКТОМ
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин VIII чакырылышынын кезектеги II сессиясы
2024-жылдын 16-декабры № IV
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Бөдөнө айылындагы №113 А.Семетеев атындагы башталгыч мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү максатында Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдын бюджетинин эсебинен акча каражатын бөлүп берүү жөнүндө
Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 15-декабрь 2024-жылдагы чыгыш № 01-19/519 сандуу катын карап, Бөдөнө айылындагы №113 А.Семетеев атындагы башталгыч мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү максатында дем берүүчү (үлүштүк) грантка жазылган долбоорун угуп жана талкуулап, Папан айыл аймагынын айылдык кеңеши токтом кылат:
1. Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн Бөдөнө айылындагы №113 А.Семетеев атындагы башталгыч мектебинин имаратын капиталдык ремонттон өткөрүү максатында Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн 2025-жылдагы бюджетинин эсебинен 1663152 (бир миллион алты жүз алтымыш үч миң бир жүз элүү эки) сом акча каражаты бөлүнүп берилсин.
2. Бул токтомдун аткарылышын камсыздоо Папан айыл аймагынын айыл өкмөтүнүн башчысына милдеттендирилсин.
3. Бул токтомду көзөмөлдөө жагы Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин бюджет жана инвестиция боюнча туруктуу комиссиясына жүктөлсүн.
Папан айыл аймагынын айылдык кеңешинин төрагасы |
| М.Мырзабеков |